Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:55

Эки адамдын өлүмүнө жолчулар күнөөлүүбү?


Иллюстрация
Иллюстрация

Өткөн аптада Бишкектеги Шабдан баатыр көчөсүндө ири жол кырсыгы катталды. Курулуш жүрүп жаткан жолдо “Хонда Фит” үлгүсүндөгү машине КамАЗ автоунаасынын алдында калып, эки адамдын өмүрү кыйылды.

Көк-Жар жаңы конушу тараптагы айлампадагы аялдамадан 15-апрелде кечинде шашып таксиге отура калган Адилет Рыспай уулу ал күнү үйүнө жетпей калды. Ал түшкөн “Хонда Фит” үлгүсүндөгү чакан автоунаа каршылаш келаткан жүк ташуучу автоунаанын алдында калып, айдоочу кыз экөө мерт болушту. Таксинин ичиндеги төрт киши аман калды.

Жакында эле үйлөнгөн 24 жаштагы Адилет эки айдан кийин балалуу болмок. Адилеттин бир тууган агасы Азамат жок жерден каза тапкан инисинин өлүмү үчүн азыр кимге, эмне деп кайрыларын билбей, капшыты эңшерилип, зээни кейип турганын айтты:

- Таксиге отуруп кетип эле ушундай кырсыкка кабылды. Ким карап, ким чечип берет? Жапжаш бала, жашоого тойбой кете берди. Биз болсо кимди күнөөлөрүбүздү билбей отурабыз. Каргашага жол дагы себепкер болду окшойт. Ремонт кылып, баарын жаап, бир жагын цемент менен тосуп салыптыр. КамАЗ менен бет келип калган да. Эки жагында тең жол болушу керек эле. Андай жол болгон соң, белгилер, жарыктар коюлушу керек болчу. Эч нерсе жок экен. Окуя болгондон кийин дароо лампочкаларды орното коюшту.

Бишкекте жаңыланып, курулуп жаткан Шабдан баатыр көчөсү менен келе жаткан КамАЗ караңгыда жол ортосуна коюлган бетон тосмолорду сүзүп, андан ары каршысында келаткан чакан “Хонда Фит” автоунаасын илип кетип, бырын-чырынын чыгарган. КамАЗдын айдоочусу ушул тапта тизеси жанчылып ооруканада жатат. Кырсык болгон күнү аман калган айдоочунун шериги Канжар Намазбеков кырсыкка жолдогу тийиштүү белгилердин жоктугу себеп болгонун билдирген.

- Бетон бар экен. Аны көрбөй кирип кеттик. Тормозубуз сонун эле иштеп жаткан, жакшынакай эле келатканбыз. Белги гана эмес, жарык да жок экен. Дароо эле бетонго кабылдык. Кийинки бетонду алып кетип, анан тигил машинени кошо алып кеттик.

Бирок жол курулушуна жоопкерчиликтүү Транспорт министрлиги мындай дооматтарды четке кагууда. Министрликтин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов иш жүрүп жаткан жолго тийиштүү белгилер жол кырсыгына чейин эле коюлганын, ал күнү жарыктар күйүп эле турганына ишендирди.

- Шейшемби күнү белгилер, шаршемби күнү жарыктар коюлган. Кырсык андан кийин болду. Бизде ал жерде подрядчылар бар. Ошонун жетекчиси Александр бизге ушинтип айтты. Ал күнү жарык кадимкидей эле күйүп турган. Бул айдоочунун күнөөсү дешти, аны эми МАИден сурагыла.

Кооптуу жолдор

Ушул тапта укук коргоо органдары эки адамдын өмүрү үчүн ким жоопкер деген суроого жооп издеп жаткан кези. Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаевдин айтымында, азыр окуянын чоо-жайын тергөөчүлөр иликтеп жатышат. Бүгүнкү күндө кырсыктын себептери боюнча бир нече божомолдор каралып жактан экен.

- Тергөөнүн айтуусу боюнча, алдын ала божомолдор бар. Өйдө жактан келаткан жолдо жарык жок экен, болбогон бир белгилерди илип коюптур дешти. Ал эми шаардан өйдө жакты карай бараткан жолдо жарыктар да, белгилер да бар экен деп жатат. Дагы бир болжол, азырынча техникалык нерселерин айта албай жатышат. КамАЗдын тормозу кармабай калыптыр деп жатат, азыр бул боюнча экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатышат. "Хонда Фиттин" айдоочусу Чынара Уразбекова, анын жанында отурган жүргүнчү Адилет Рыспай уулу каза болушту.

Бишкекте күнүнө адам өлүмү же ар кандай жараат алган учурлар менен коштолгон 5-10 жол кырсыгы катталат. Тез жардам кызматынын дарыгери Егор Борисов жол кырсыктары негизинен чоң жолдордо көп катталарын, өзгөчө караңгыда, аба ырайы бузулуп, жаан жааган күндөрү айдоочулар үчүн ири магистралдар өтө кооптуу экенин белгилейт.

- Мисалы, оор кырсыктар көпчүлүк учурда Ден Сяопин, Түштүк магистрал өңдүү ири көчөлөрдө көп катталат. Ал жерде көчө абдан кенен, жөө адамдар өтө турган өтмөктөр жокко эсе. Анан айдоочулар катуу ылдамдыкта айдап жөнөшөт. Маалымат каражаттарында ал жерде автоунаалардын жарышы да өткөрүлүп турганы айтылбадыбы. Өзгөчө жаан жааган күндөрү абдан кооптуу абал түзүлөт. Бул күндөрү жаандан жол да жакшы көрүнбөйт, авариялардын саны өсөт.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда былтыр жыл ичинде 7066 ар кандай жол кырсыгы катталган. Укук коргоо органдары жол кырсыктарынан каза тапкандардын саны жыл санап өсүп бараткандыгын белгилеп келишет. Былтыр кырсыктан 1066 киши каза таап, бул 2014-жылга салыштырмалуу 3,7 пайызга көп экендиги аныкталган.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG