Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Кептин баары оң жагындабы?


Жогорку Кеңеш оң рулдуу машинелерди кире – же болбосо такси катары пайдаланууга тыюу салуу демилгесин көтөрүүдө.

Буга акыркы жылдары жол кырсыктарынын өсүшүнө оң рулдуу машинелердин көбөйгөнү да себеп болууда. Бул маселе “Азаттыкта” арай көз чарай талкууланды.

Катышуучулар: Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзамдын демилгечилеринин бири Нарынбек Молдобаев, Айдоочулар жана унаа ээлери ассоциациясынын аткаруучу директору Канатбек Нагаев жана Мамлекеттик жол күзөт кызматынын жетекчи орун басары Сөөлөт Бегалиев.

“Азаттык”: Нарынбек мырза, мыйзамды эмне менен негиздейсиз? Негизги себеби жол кырсыгынын көбөйүшү болуп жатабы?

Нарынбек Молдобаев: Анын себептери көп. Биринчиден, Кыргызстан тоолуу аймак болгондон кийин жүк жана эл транспорт аркылуу ташылат. Транспорт боюнча бир да мыйзам жок. Мындайча айтканда элдин баары мыйзамсыз иштеп жатат. Үч чакырылыштын депутаттары ушул багытта бир мыйзам кабыл алалы деген максатта иштеп келатышат.

Оң рулдуу машинелер жүрө берсин, такси катары жүрбөсүн деп жатабыз. Анткени алар такыр башка тараптан отургузуп, түздөн-түз жол кырсыгына жол берип жатат. Таксилерге лицензия бериш керек. Мисалы, мурда таксист болуш үчүн экинчи класстагы айдоочу болуш керек эле. Азыр таластык бирөө 16 жаштагы баласына машине алып берип койгон экен, ал Ошко каттап жатат. Буга окшогон сунуштар мыйзамда абдан көп. Азыр бул мыйзамды элдин алдына коюп, тиешелүү адамдар менен талкуулап жатабыз. Азыр эле тыюу салынып калат деген туура эмес.

“Азаттык”: Кыргызстанда 11 ай ичинде оң рулдуу унаа айдоочуларынын кесепетинен 900дөй кырсык катталып, миңден ашуун адам жабыркаган экен. Жол кырсыктардын канча пайызын оң рулдуулар түзөт? Рулдун оң жагында болгону эмес, кеп айдоочу күбөлүктүн туш келди, жакшы окуп-окубаган жарандарга деле сатылып жатканында эмеспи?

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Сөөлөт Бегалиев: Жалпы жол кырсыгынын 20% оң рулдуу унаалар түзүп жатат. Биз кырсыктын санына эмес, оордугуна да карап жатабыз.

Айдоочуларга күбөлүк берүү функциясы Мамлекеттик каттоо кызматына берилген. Азыр окуу программасы туура эмес болуп, айдоочуларды даярдоо курстары талаптарга жооп бербей жатат. Окубай туруп алса болот деген мыйзамдык бөлүм бар экен. Ошого жараша да көптөрү күбөлүк алып жатышат. Бул туура маселе. Окутууда үйрөткөнгө өз балансында машине жок. Бирөөлөрдүн унаасын киреге алып эле үйрөтүп жатышат. Бул маселени түп тамырынан бери карап чыгыш керек.

Канатбек Нагаев: Оң рулдуу унаалардын айынан жол кырсыгы көп болуп жатат деп айтып жатышат. 2011-2010-жылдардагы жол кырсыктарды алганда жалаң эле оң рулдуу машинелердин айынан болгон эмес. Жол кырсыктарындагы сандар алып чыгып эле аларга тыюу салып койгон болобйт. Рулу сол жагында болгон машинелер деле жол кырсыгына кабылып жатышат. Эгер тыюу салынса, машина ээлери, ошол эле такси кылып үй-бүлө баккандар кайда барат? Ал унааларын кайда сатат? Биз башында эле каршы чыкканбыз. Бул маселени дагы иликтеп көрүш керек. Күбөлүктүн берилишин карап чыгыш керек.

XS
SM
MD
LG