Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 02:59

Эл үнү / Коом

Тез жардам унаасыз калды

Бишкекте тез жардам унаасын милиция кызматкерлери сүзгөн кырсык катталды. Натыйжада тез жардам кызматкерлеринин мээси чайкалып, шаардагы жалгыз гинекологиялык бригада унаасыз калды.

Текст көлөмү - +
6-январь күнү кечке маал шаардык гинекологиялык тез жардам бөлүмүнүн атайын бригадасы чакыруу боюнча Көк-Жар жаңы конушуна бет алат. Даректи тактоо максатында тез жардам унаасы Медеров жана Алматы көчөлөрүнүн кесилишине токтогон маалда, "Мерседес" үлгүсүндөгү унаа артынан келип сүзөт.

Тез жардам унаасында гинекология бөлмүнүн эки адиси жана айдоочу болгон. Окуяны акушер-гинеколог Тургунаалы кызы Гулира мындайча сүрөттөп берди:

- Биздин машиненин ичи түтөп кетти. Айдоочу “кыздар чыккыла” деп чуркап чыкты. Сыртка чыгаар замат карасам фельдшердин мурду канап кетиптир. Вата, бинт алып чынып фельдшердин канын токтото баштадым. Ошол маалда артымды карасам бутунда араң турган милиция формасын кийген эки киши биздин айдоочу менен сүйлөшүп жатыптыр.

Кыргызстанда жол кырсыгы көбөйдү
Гулира айымдын айтымында, милиция кызматкерлери бул кырсык тууралуу арыз жазбоого жана ошол эле жерден бүтүрүүнү сунуштап, кекеткенге чейин барышкан.

- Жумушту ушул жерден бүтүрөлү, эч жакка кетпегиле дешти. Алар "биз баратсак жолдон бала чуркап чыга калды, биз дароо тормуз тээп, арт жагыбыз менен барып бакты сүзүп алдык" деп айткыла дейт. "Эч кимге айтпагыла да, эч кимди чакырбагыла. МАИ келгиче өзүнчө бүтүрүп салалы" дешти.

Тез жардам көрсөтүүгө шашып бараткан гинекологиялык бригаданын өздөрүнө тез жардам чакыртылып, кырсыктан эки дарыгер жана айдоочу кыйла жабыр тарткандыгы аныкталган.

Маалыматка ылайык, дарыгерлерди сүзгөн "Мерседесте" төрт кишинин үчөө милиция формасын кийген адамдар болгон. Шаардык жол кыймылы коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Ыманаалы Саркулов дарыгерлерди сүзгөндөр МАИ кызматкерлери баргыча качып кеткендиктен бул жол кырсыгына шектүү адамдардын ысымдары белгисиз болгонун билдирди:

- МАИ келгиче тигил "Мерседестегилер" унаасын таштай качып кетишкен. Айдоочу ким, жүргүнчүлөр ким болгону аныктала элек.

Ыманаалы Саркуловдун билдиришинче, бул окуяны иликтөөгө ички иштер министри өзү тапшырма берди жана ИИМдин өздүк коопсуздук кызматы шектүүлөрдү учурда издеп жатышат.

Адистер милиция кызматкери себепкер болгон ушул өңдүү окуялар буга чейин деле болуп келгенин айтып, мунун себеби алардын үстүнөн көзөмөл өтө чабал болгондугу менен түшүндүрүшүүдө.

Көп жылдар бою МАИ тармагында иштеп кеткен Касымбек Раимкул уулу башкаруу системасы өзгөрүлмөйүн мындай көрүнүштөн арылуу мүмкүн эмес деген пикирде.

- Мындай окуялар мурдатан бери эле болуп келатат. Адамды коюп кетип өлтүргөн милиция кызматкерлерин деле кесип, кайра кийин кызматка алган фактылар да бар. Бул эми баягы эски системанын сакталып келатканы да. Жаңы жетекчилер да эскиче иштеп атат.

Кырсыкка учураган тез жардам бригадасы гинекологиялык кайрылуулар боюнча шаарда жападан жалгыз бөлүм болуп эсептелип, аларга орточо эсеп менен күнүнө 15-20 кайрылуу болуп турат. Ошентип керек болсо жолдо баратып төрөт да кабыл алууга ылайыкташтырылган бирден бир тез жардам унаасы кырсыктан кийин жарактан чыгып калды.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аким каяктан: Бишкек
10.01.2011 21:14
Аракка тойуп милициянын жасаган ишин карагыла..Бул белгилуусу дагы эл билбегени канчаа??Бул кылмышты жасаган милиционерлер табылбаса "милиция мени (коргойт эмес) тонойт,согот,урат,качат" деп озгортуу керек!!

кимден: айтпайм каяктан: корком
10.01.2011 16:58
милиция бул азыркы биздин жошодогу каракчылар десе болот. Булардын азыркы учурда жасап жаткан иштери карапайым калкты коркутуу, оз билгенин кылуу, криминалдар менен достошуу, дегеле буларды каржылап ошончо акча которуп кармап турган биздин окумот озу акмак. Милиция силер элди коргогулаачы аа акчасы копту эмес. Милиция СНБ дегеле формасы бар адам бизде азыр тескерисинче иш жасап калган, жол ошолордуку калагандай журушот, кааласа сени кысып отуп эрежени бузуп азынаа сени соготдагы бул адамдар.

кимден: Замирбек каяктан: Красноярск
09.01.2011 10:05
Милиция кызматкерлери жумуштан кийин ушундай иштерге барат. Жумуш буткондон кийин формасын чечип кетсе мындай корунуштор токтойт эле.

кимден: Kauhar каяктан: Germaniya
09.01.2011 04:13
"karga karganyn kozun chukubait"-DEGENDEI.Mina bul suzgon dep jetelep barip korsotson da,ani joopko tartpait.alardy joopko tartsa, kun bashka jaktan chiga turgan boldu bizde.Myizamdan korkposo da, kudaidan korkso bolot ele.

кимден: Abubakr каяктан: Africa
09.01.2011 00:34
Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в) мындай деген: Кыямат кайым жакындаганда менин эркек умотторумдун (кайсыл бир болугунун) колунда уйдун куйругу сыяктуу дубинкалар болот. Алар эртен менен уйлорунон АЛЛАХТЫН ачуусу менен чыгып, кайра кечинде АЛЛАХТЫН каргышы менен кайтып келип турушат.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
08.01.2011 22:33
Мен озум бир нече жолу кубо болдум милиция кызматкерлери формачан оз машиналары менен светофор кызыл куйуп турса да ага карабай оздорун ЖОЛДУН КУДАЙЫ катары сезип пешеходдорду козуно илбей отконун. Закон милицияны элди коргоочу эмес, элге каршы, кылмышкерлерден да ото коркунучтуу органга айландырып салды. Эл милициядан коркот!!! Ошондуктан милицияны полицияга айлантуу керек деген ойго кошулуп, бирок уйронгон адат калабы уйга жугон салабы дейт эмеспи кыргыз элим...

кимден: mekentay каяктан: japoniya
08.01.2011 12:05
en ele ters korunuw.
GAI kizmatkerlerinin en jaman jeri - 4eksiz ukuktarga ee bolgonu. misaly japoniyada ar bir poliziya mashinasynda kamera ornotulgan. al kameraga ozdoru jurguzup jatkan ish araketterinin baary tuwurulup turat. mynday4a aitkanda jasagan araketteri u4un alar daima bolso da ot4et berip turganga dayar. ekinchi jaginan eger alardin araketteri myizamsyz bolup kalsa owol ele videotasma arkiluu munu en jonokoi dalildep alardy joopker4ilikke tartuuga bolot.

GAIni reforormaloo kerek dep min suilogondon koro en jonokoi uwul ele videokamerany koyup, ar bir ish araket kamera astynda gana jurguzulsun dep myizamga ozgortuu kirgizse atambaev aitkandai bul janilik ertenden bashtap elibizge ishtei bashtamak.

кимден: Kyrgyz Jigit каяктан: Turkey
08.01.2011 01:06
Bizde bul militsiyalardin korupsiyasi butpoyt. Biz da Gruziyaga okshop jani bir sistema tuzushubuz kerek. Militsiya emes politsiya kilip ozgortushubuz kerek. Politsiya bul kuch emes servis, kyzmat bolush kerek emi bundan kiyin. Gruziya bir kundun ichinde olkodogu baardik militsiya kizmatkerlerin ishten alip, orduna jani kizmatkerlerdi synaktan otkorup, tandoo jolu menen kayra kyzmatka politsiya kylyp alishkan. Bul tandoo uchurunda olko jarim jilga militsiya kizmatkerlersiz kalgan. Jana al jany politsiyalardin ayligin da kotorushkon. Biz da oshondoy kilish kerek.
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2315 - жалпы саны)

Аты-жөнү жазылбаган: Шаамерчемге
Менимче. эгер латын тамгасына десек, сиздин сунушка караганда кыргиз тилине 1939-жылы кийрилген латын ... Толук

Сөз таануу