Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

"Пол жууп, батир алам деп ойлогон эмесмин"


Гүлмира Абдрахманова
Гүлмира Абдрахманова

11 жылдан бери Ички иштер министрлигинин имаратында пол жууп иштеген Гүлмира Абдрахманованын кубанычы койнуна батпай турган кез.

Ага милиция кызматкерлери үчүн курулган көп кабаттуу турак үйдөн 2-октябрда батир берилди. Гүлмира Абдрахманова эки бөлмөлүү батирдин босогосун кызы Ширин менен чогуу аттап жатып, алгачкы сезимдери тууралуу “Азаттык” үналгысына айтып берди.

"Азаттык": Гүлмира эже, сиз Ички иштер министрлигинде пол жууп иштейт экенсиз, күнүмдүк жумушуңуз эмнеден башталат?

Гүлмира: Мен бул жумушта 11 жылдан бери иштейм, жумушум негизинен оор, эртең менен эрте келебиз, өзгөчө кыштын күнү суукта караңгыда келиш биз үчүн кыйын. Келгенден кийин жумушум ар бир бөлмөнү тазалоодон башталат. Бизге участоктор бөлүнгөн, мен өзүм жыйырмага жакын кабинетти, анын ичинде министрдин орун басарынын кабинетин тазалайм.

Кээде эртең менен келсең министрдин орун басары алмашып калган болот. Анан аларга көнүп иштеп кетүү үчүн да убакыт керек, жаңыдан тааный баштаганда алмаша беришет. Жаңы министрдин орун басары келсе таң калбай деле калдым. Негизинен алар биздин эмгегибизди баалашат. Мен үчүн бардык министрлер бирдей болду десем болот.

"Азаттык":​ Канча балаңыз бар, учурда кайда жашайсыз?

Гулмира: Бир балам, бир кызым менен батирде 11 жылдан бери жашайм. Квартирама айына 5500 миң сом төлөйм.

"Азаттык": Жумушта өзгөчө эсте калган күндөр болду беле?

Гүлмира: Ооба, эсте калчу окуялар көп эле болот. Күндөрдүн биринде эртең менен келип бир бөлмөнү жууп жаткам, анан таштанды салчу урнада 500 сомдук акчаны көрүп калдым. Бул эмне акча экен деп көпкө ойлонуп, балким жасалма акчабы деген да ой кетет экен. Ошентсе дагы ар бир акчаны урнадан алып чыгып, баарын санап, үстөлдүн үстүнө коюп койгом. Көрсө ал акча ошол бөлмөдө иштеген кызматкер кыздыкы экен. Ал жумуштан кетип жатып, сумкасынын ичиндеги ыпыр-сыпырды урнага күүгөн экен. Анан акчасы да таштандынын арасына түшүп калыптыр. Акчасын алып, мага аябай ыраазы болгон эле. Өзүнүн айтуусунда, жумуштан чыгып дүкөнгө барып, нан алайын десе эле акчасы жок болуп чыга келет. "Анан нан да албай үйгө бардым" деп айтып берген.

Мен жумушта жерде жаткан тыйынды да албайм. Ар дайым чынчыл иштегенге аракет кылам. Балдарымды да ушуга тарбиялап келем, башканын эмгегин, мээнетин сыйлоо керек.

"Азаттык": Кызматкерлерден сизге карата орой мамиле болобу?

Гүлмира: Ооба, болуп калат. Ар кандай күндөр болот. Бирок баары менен жакшы мамиледе болууга аракет кылам.

Гүлмира Абдрахманова жана кызы Ширин
Гүлмира Абдрахманова жана кызы Ширин

"Азаттык":​ Сиз кайсы өзгөчө ишиңиз, эмгегиңиз менен батир алып жатам деп ойлойсуз?

Гулмира: Мен үч жыл иштеген соң кезекке жазылгам. Ошондон бери талыкпай иштеп келатам. Тазалыкка өзгөчө маани берем, баарын туура жасоого аракет кылам. Таптакыр жөргөлөп эле калбасам жумушту калтырбаганга аракет кылам. Милициялар менен иштөө чынында аябай жоопкерчиликтүү.

"Азаттык": Ушул жерден Гүлмира Абдрахманованын кызы Ширин да сөзгө кошулду.

Ширин: Апам күнүгө эртең менен 5те турат, 6да жумушка кетет. Өзгөчө кыш мезгилинде караңгыда кыйын болуп калат. Апам турганда эле сезем да, кудайдан тиленем, аман-эсен жетип алса экен деп. Кээде жумуштан капа болуп келген күндөрү да болот.

Апама "ушул жумушуңузду таштап эле салыңызчы" деп көп айттык. Өзгөчө байкем көп айтты, башка эле жумушка иштеңизчи деп. Бирок апам эмгекти сүйгөн адам болгондуктан иштей берди. Бизге "дарак бир жерден көгөрөт" деп эле айта берчү. Антип айтканына түшүнмөк тургай, маани деле берчү эмеспиз. Апам көрсө ак кызматты эмес, ишке берилүү жана адамдык сапатты туу туткандардан экен. Муну мен мына эми гана түшүнүп атам.

"Азаттык":​ Сизге батир берилет дегенде кандай абалда болдуңуз?

Гүлмира: Мен бул кабарды укканда эле кудайым бар экен деп кубандым. “Дарак бир жерден көгөрөт” дегенге чындап ишендим. Эгер бул жерден тажадым деп кетип калсам анда квартираны алмак эмесмин. Бул кубанычты сөз менен айтып жеткире албайм. Балдарым аябай кубанышты.

Көп кабаттуу үйдүн тышкы көрүнүшү
Көп кабаттуу үйдүн тышкы көрүнүшү

Ошол эле учурда батир аларымды укканда, таң калгандар болду. Бирок мен башында эле үмүт менен кезекке жазылгам. Бир убакта өлкө оңолсо, буга жетип калаармын деп башында эле ишенгем.

Ширин: Биз аябай кубанып, күтүп атабыз. Достор, тааныштар качан жакшы кабар угабыз деп чалып атышат. Буюрса ачкычты алдык, эми баарына кабар беребиз. Үйгө чакырабыз.

"Азаттык": Ийгиликти башка жактардан издеген учур болду беле, мисалы, лотерея ойнодуңуз беле?

Гүлмира: Жо-ок, мен андай нерселерге ишенбейм. Мага ийгилик менен бакыт эмгек менен гана келерине терең ишенем. Бардыгына берер кеңешим ушундай. Жумушка берилип иштегендин сөзсүз акыбети кайтат. Силер жөнөкөй кызматкерсиңерби, жетекчиби же мага окшоп пол жуусаңар дагы ошону берилүү менен аткарып, ишке нааразы болбош керек. Мындай аракеттин акыбети баары бир кайтат.

Жаңы батирдин кире бериши
Жаңы батирдин кире бериши

"Азаттык": Квартиранын ичин кандай жасалгалайын деп турасыз?

Гүлмира: Азырынча мен батирге жеткениме эле кубанып, жасалгалоо тууралуу ойлоно элекмин. Анан да буга азырынча кудуретим жетпейт. Апам, бир туугандарым жардам беребиз деп жатышат. Эң негизгиси батирден батирге көчпөй, өзүбүздүн такай жашай турган үйүбүз болот. Ушуга кудайга миң мертебе ыраазымын.

"Азаттык": Рахмат, Гүлмира айым, конушуңуз куттуу болсун.

Гулмира: Рахмат силерге дагы.

XS
SM
MD
LG