Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:52

Дүйнөнү сүйүү башкарса...


Жон Леннон.
Жон Леннон.

Бишкекте легендарлуу "Битлз" тобунун атактуу ырчысы Жон Леннондун туулган күнүнө карата эскерүү кечеси өттү. .

Эскерүү кече британдык рок-музыкант, ырчы, акын, композитор, сүрөтчү, жазуучу Жон Леннондун өмүр баяны тууралуу тартылган көркөм тасма менен башталды. Анда белгилүү рок - музыканттын өнөр жолуна аттанган мезгилге чейинки балалыгы сүрөттөлөт. Болочок ырчынын эс тартып калганда беш жашында таштап кеткен апасына жолугушу, ага таарынычы, жакындарынын өлүмү, жаштыктын албуут сезими, үй-бүлөлүк келишпестиктер, буулуктурган ызалык, айтор анын айлана- тегерегинде болуп жаткан окуялардын баары улам-улам өткөөл курактагы жигиттин көңүлүн жарып чыга турган эмоция ташкынын пайда кылып отурат. Анан ал гитарага кездешет. Баккан энеси Миминин каршылыгына карабай гитарасын бооруна кысып, өзү курактагы музыкага кызыккан балдардан топ курайт. Бара-бара Жон көөдөнүн тепкен ыйын да, көңүл эргиткен ырын да, жан дүйнөсүнө батпай туйлаткан талант, дараметин да музыка, көмөкөйүн дирилдетип чыккан үнү аркылуу чыгарууга болорун түшүнөт.

Темир капкактуу өлкөгө да кирип келген

XX кылымда "Битлз" тобу дүйнөлүк музыка өнөрүнө революция жасаганы айтылып келет. Аталган эстрадалык ансамблдин кыргызстандык күйөрмандарынын бири Дамир Асановдун пикиринде, алтымышынчы жылдары Британиядан башталган рок-музыка агымы жаштардын адамзат коомунун ар кандай конфликттерине, согуштарына болгон ички каршылыгы болгон.

"Битлз" тобу. 1969-жыл.
"Битлз" тобу. 1969-жыл.

- Алтымышынчы жылдарга чейин жай музыка менен бийлеп гана эс алышчу. Рок киргенде дүйнө жүзүн Британия толкуну каптаган. Элди ойлонууга чакырган ырлар болгон. Ошол эле учурда жаштар өздөрүнүн эмоциясын, айта турган оюн рок аркылуу чыгарчу. Искусство таануучулар үчүнчү дүйнөлүк согушту рок-музыканттар болтурбай калды деп айтып жүрүшөт.

Муну менен бирге Дамир Асанов ал кезде Совет өлкөсүндө жашагандар үчүн Батыштын музыка топтору чек арадан көп киргизилбегенин, айрымдарынын ырларын угууга тыюу салынганын, бирок ага карабай кызыккандар жашырып-жаап угуп келгенин кошумчалады.

Жон Леннондун өлбөс ырлары
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:04 0:00
Түз линк

Мурдагы депутат Арсланбек Малиев да бала кезинен Жон Леннондун күйөрманы. Ал бизге рок-музыкага кызыккан кыргыз жаштары аны кайдан таап угушканын айтып берди:

- Менин Каныбек деген агам радио тентек болчу. Ал радио аппаратураларды бири-бири менен кураштырып, ар жерден сигнал издеп жатып Жон Леннондун ырларын таап алып, аны үн жазгычка жаздырып алар эле. Бул үчүн ал кезинде бир нече жолу милицияга да түшкөн. Мен жаш кезден эле Жон Леннондун ырларын сүйүп калгам.

Сөз жүрүшүндө Арсланбек Малиев өзү да студент кезинде жогорку окуу жайдын ансамблинде урма аспапта ойноп жүргөнүн эскерди.

Кыргыз "битлзчилери" жана “уй - корова, жол-дорога” дегендер

Бишкектик Бакыт Малабаев өзүнүн жеке каражатына "Битлзге" окшотуп The Rolls группасын түзгөн. Алар беш жылдан бери рок-музыка сүйүүчүлөргө дүйнөлүк ырчылар менен кошо Жон Леннондун ырларын жандуу үн менен аткарып келишет. Малабаев аталган ансамблдин өзгөчөлүгү тууралуу мындайча кеп салды:

-Мен бул топту түзөрдө кыргыз эли укса, эстрадага болгон табити өзгөрсө деп ойлогом. Тилекке каршы, андай болгон жок. Фольклордук эстрадага эч нерсе дей албайм. Бирок азыркы кыргыз эстрадасынын деңгээлин көрүп, уялам. Азыр бизде XXI кылым. Бирок эстрада жылдыздарыбыз уй - корова, жол-дорога деп эле баратышат. "Битлз”-бул классика. Ошондон таасир алып, сөздөргө, музыкага маани беришсе болмок.

"Битлздин" бишкектик күйөрмандары уюштурган концерт. "Азаттыктын" "Көрөгөч" рубрикасына түшкөн видео.
Бишкекте Жон Леннонду эскеришти
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:21 0:00

Бакыт Малабаевдин айтымында, учурда бишкектик жаштардан куралган квартет билимдүү адистердин түзүлгөн. Азыр Кыргызстанда башка The Rolls сыяктуу топ жок дейт ал.

The Rolls ансамблинин ырчысы Эрсултан Алыкулов репертуарда башка да бир топ рок-музыканттардын чыгармалары бар экенин, бирок угармандар аларды Жон Леннондун чыгармалары аркылуу гана билишерин айтты:

- Биз Жон Леннондун бир топ чыгармасын аткарабыз. Мисалы, анын кыргызчага которгондо “Элестетсең” деген ыры бар. Ал ыры бардык адамзатты биримдикке чакырган.

Эрсултан Алыкулов белгилеген Жон Леннондун ааламды тынчтыкка үндөгөн, жалпы адамзат баалуулуктарын бийик койгон, элди бөлгөн диндер, тирандар, диктаторлор жоголуп дүйнөнү бир гана сүйүү башкарсын, ар бир адам эркин болсо деген ырлары азыр да өз угармандарын таап, учурда элдин угушу боюнча дүйнөдө алдыңкы орундагы ырлардын бири болуп эсептелет.

Жон 1980-жылы көчө бейбаштарынын огунан каза болгон.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG