Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

А. Атамбаев: Элибиздин намысы да, жүрөгү да бар


Москвадагы саясатчыларга жолугуп кайткан Алмазбек Атамбаев 29-июлда боло турган митинг акцияларына катышууга элди үндөп, намыска чакырып жатат.

Атамбаевдин айтымында анын Москвага болгон сапарына Орусия тарап демилгечи болуп, жолугушууларда негизинен 23-июлда өткөн президенттик шайлоодон кийинки Кыргызстандагы ички саясий кырдаал талкууга алынган.

Атамбаев Орусияда Константин Затулин баштаган салмактуу саясатчылар менен жолукканын билдирип, бирок ал саясий ишмерлердин баарысынын атын коомчулукка ачыктагысы келген жок:

- Мен Константин Федоровичтен жана башка саясатчылардан өлкө жетекчилигине Кыргызстан ичиндеги чыныгы кырдаал тууралуу маалымат жеткирүүнү сурандым.

Алмазбек Атамбаев Орусия менен конструктивдүү алака түзүү улуттук кызыкчылык үчүн стратегиялык маанидеги маселе экендигин белгилеп, ушул себептен орус саясатчылары менен жолугушууга бел байлаганын айтты.

БЭК атынан бирдиктүү талапкер Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүндө ага Орусиядан тышкары ушу тапта башка өлкө саясатчыларынан да жолугушуу үчүн чакыруулар түшүп жатат.

Атамбаев бүт Кыргызстан боюнча шайлоонун жыйынтыгына нааразылык ирээт уюштурула турган эртеңки митингдер тууралуу да токтоло кетти.

БЭК тарабынан 29-июлга белгиленген митинг “Таза шайлоо” урааны астында өтөт деп билдирген Атамбаев нараазылык акциялары кандай формада өтөөрүн ачыктаган жок.

- Айтып атпайынбы, бул акцияларды ар бир адам өткөрсө болот. Мына шаарда, керек болсо өзүнөрдүн үйүнөрдүн алдыңарда чыгып, эртең 10.00 до жыйырма чакты адам чыгып сүйлөшкүлө. “Кимди шайлаганбыз” деп ошол подьезд. Ал деле акция болот. Анан кандай деңгээлде өтөт, аны ким билет. Эртең көрөбүз да. Элибизде намыс барбы же маңкурт болуп баратабызбы. Менимче, кыргыз эли болбой эле намысы да бар, жүрөгү да бар. Менимче эми такыр эле элди маңкурт деп эсептеш, мынчалык тебелеш болбойт ко деп турам.

Бүгүнкү маалымат жыйынында Атамбаев БЭК атынан наразылык акцияларына байланыштуу кыргыз элине жана эл аралык коомчулукка кайрылуу да жасады.

БЭК эл аралык коомчулукту Курманбек Бакиевди легитимдүү президент катары тааныбоого чакырды. Оппозиция эл аралык коомчулукту Бакиевдин инагурациясына катышпоого үндөп, демократиялык нукка багыт алуусу үчүн кыргыз бийлигине басым көрсөтүүсүн суранууда.

“Соңку кезде Кыргызстанда ансыз да алсыз демократиялык институттарды жок кылуу аракети көрүлүп жатат. Бакиев башында турган бийлик басма сөз эркиндигин чектеп, жарандарды эркин жыйналуу укугунан ажыратты. Эми болсо оппозицияны жок кылуу боюнча масштабдуу аракеттерге өттү, “ – деп айтылат кайрылууда.

Алмазбек Атамбаев элди митингге чакырууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:52 0:00

XS
SM
MD
LG