Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Маданият / Кыргыз маданий турмушу

С. Абдыжапаров: Киного идеяларды жашоодон алам

09.03.2010

Азаттык + жаштар берүүсүндө бул ирет жаш режиссер Санжар Абдыжапаров маек куруп берди. Ал былтыр Бишкекте өткөн Кыргыз-немис-франсуз эл аралык кинофестивалында “50 сом” аттуу тасмасы үчүн атайын диплом менен сыйланып, фестивалдын эң жаш катышуучусу болгондугуна карабай төртүнчү орунду ээлеген. 22 жаштагы режиссердун автордук “Сен бар жерде”, “Автобекет”, “50 сом”, “Өлгөндөр жана тирүүлөр” кыска метраждуу тасмалары бар.

- Канча жашыңан тарта киного аралаша баштадың?

 

- Кичине кезимен тарта эле киного кызыгуум бар эле. Киного аралашканыма Эрнест Абдыжапаровдун кино тартуу боюнча мастер-класстары чоң түрткү берди десем болот. Ошого катышкандан тарта чыныгы кинону кантип тартат үйрөнө баштадым.

 

Негизи сени белгилүү режиссер Эрнест Абдыжапаровдун уулу экениңди көптөр биле бербейт. Билгендер болсо “чыгармачылыгына атасы көп жардам берет” деген сындар айтышат. Буга эмне дей аласың?

 

- Албетте, атам мага жардам берет. Мага эле эмес киного кызыгуусу бар бардык эле жаштарга көмөк көрсөтөт. Мен ошолордун катарында эле билим алам. Алар менен мастер-класстарда чогуу отуруп эле. Өзүнчо кеп-кеңештерин деле айтпайт. Эл катары мастер –клаас убагында таалим алам.

 

- Буга чейин 5-6 кыска метраждуу тасмаларды тартканга үлгүрупсүң. Кинолоруңдун сюжети адаттан тыш. Тасмаларыңа идеяны кайдан аласың?

 

- Кинодо драматургия деген нерсе бар. Жашоодо болгон окуяларды ойлонуштуруп, ал окуяларда драматургия бар болсо, ошону күчөтуп киного салам. Көбүнчө кино идеяларымды жашоодон алам. Өзүмдүн башыман өткөн окуялардан.

 

- Сен өзүндү келечекте режиссер катары көрөт экенсиң. Бирок бул тармак боюнча атайын деле билимиң жок экен. Режиссерлук боюнча билимиңди өркүндөтсм деген оюң барбы?

 

- Албетте. Ар бир режиссердо кино тартаар алдында суроо пайда болот, ушу киномду кантип тартам деген. Бул суроо  жаш режиссерлордо эле эмес. ВГИКти бүтүрүп келген, Голливудка иштеген режиссерлор алдында деле турчу суроо. Билим керек, албетте. Бул жаатта дагы билим алууну улантам деген оюм бар.

 

 

 

 

  

Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: kandidat
04.04.2010 10:55
азаматсың Санжар!!! чыгармачылык ийгилик сага!!!!!!
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)