Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:36

Тирешкен күчтөр: кечээ, бүгүн, эртең


Парламенттеги оппозициялык жаңы коалиция өзүнүн иш багыттары боюнча жобону келерки аптада талкуулап, кабыл алууну болжоодо.

Башкаруучу коалицияга кирбей калган “Ата-Журт” фракциясы менен “Республика” фракциясы оппозициялык бирдиктүү блок түзгөндүгүн 5-сентябрда жарыялаган. Буга чейин тирешип келген бул эки саясий топ бүгүн оппозициялык бирдиктүү саясиий күч боло алабы?

Саясатта дос да, душман да болбойт

Жалпыга маалым болгондой, ала жаздан “Республика” партиясынын лидери, өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун отставкага кетишин алгачкылардан болуп “Ата-Журт” партиясы талап кылып, “Бүтүн Кыргызстан”, Коммунисттер партиялары менен биригип, нааразылык акцияларын уюштурушкан жана Бабановдун 18-апрелдеги оппозиция менен диалог жүргүзүү демилгесин үзгүлтүккө учуратышкан.

Кезинде ушинтип бири-бирине кастарын тиккен эки партиянын парламенттеги фракциялары бүгүн бир коалицияга биригип, минтип жаңы куралган өкмөткө оппозиция болуп отурат.

Саясат таануучу Аалыбек Акуновдун баамында, бул эки саясий күчтүн парламентте бирдиктүү оппозиция болушуна мыйзамдык шарт дагы, жалпы кызыкчылыктар дагы туура келип отурат:

Аалыбек Акунов
Аалыбек Акунов
- Экөөнүн көп окшоштуктары бар. Парламенттик шайлоодо да көрдүк. Көп жеринен окшош, берген убадалары да окшош болуп жатты. Буларда айырмачылыктар да бар. Бирок бүгүн буларды бир максат бириктирип турат. Ал максат - бүгүнкү бийликти көзөмөлгө алуу.

Ошентип жаңы түзүлгөн парламенттеги оппозициялык блок келерки аптада чогулуп, өзүнүн катчылыгын, коллегиялык органдарын түзүп, ишмердиктин багыттарын аныктаган жобо кабыл алганы жатат. Бирок эки фракция бир максатка ар башка жолдор менен: бири элдешкис аракеттер, экинчиси конструктивдүү жол аркылуу барууну көздөөдө. Маселен, “Ата-Журт” партиясынын башчысы Камчыбек Ташиевдин айтымында:

- Азчылыктагы бир коалицияга биригип, бүгүнкү өкмөттүн ишине баа берүү боюнча гана бир багытта аракетибизди жасайбыз. Ал эми калган кемчиликтер боюнча ар кимибиз баамыбызга, деңгээлибизге жараша баа бере баштайбыз. Биз, мисалы, мына мен жетектеген “Ата Журт” партиясы - келишпес оппозициябыз.

Сүйлөшүүлөр башталды

Ага жараша “Ата-Журт” жаңы келген өкмөттүн бардык кемчиликтерине азыртадан эле чыдамсыздык менен мамиле жасап, аны кызматтан кетирүүгө чейинки талаптарды койо баштайт.

Ал эми “Республика” партиясы азыркы өнөктөшүнөн айырмаланып, жаңы өкмөттүн ишине өзүнүн принципиалдуу баасын бир жылдан кийин берет. Бул тууралуу фракция башчысынын орун басары Курманбек Дыйканбаев билдирди:

- Кеминде бир жыл болушу керек. Бак деле бир жылда мөмө берет да. Мисалы, Бабановдун өкмөтүн үч-төрт айдан кийин эле парламентте кетсин деп чыкпадыкпы. Биз ушундан алыс болушубуз керек. Комитетке, фракцияга улам чакыра берип, иштетпей – ушундан алыс болушубуз керек.

Анткен менен бийликке жетүү дымагы күч бул эки фракцияда тең шайлоочулардын колдоосуна ээ болуу, парламенттин сыртындагы оппозициялык маанайдагы топтор менен ымала түзүү кызыкчылыгы бар. Бул багытта азыр кандайдыр бир конкреттүү чечимдер кабыл алына элек, бирок аракеттер жасалып жатканы байкалат.

Маселен, “Республика” фракциясынан депутат Курманбек Дыйканбаев парламенттен тышкаркы оппозициялык маанайдагы саясий күчтөр менен сүйлөшүүлөр партия жетекчилиги менен жүрүп жатканын ачыктады:

- Бизге келип атышат. Оппозиция болгондон кийин бизге региондордон, башка саясий партиялардан чыгып атышат. Анын бардыгы менен азыр биздин жетекчилик сүйлөшүп атат.

“Ата Журттун” лидери Камчыбек Ташиевдин ишендиргенине караганда оппозициялык башка топтор менен кызматташууну парламенттеги фракция күн тартибине койо элек, бирок максаттар дал келсе кызматташуудан баш тартпайт:

- Эгер максаттарыбыз бирге болсо алар менен бирге иштегенге күчүбүз бар. Мисалы, парламентти таратуу боюнча биз алар менен бирге иштегенге макулбуз.

Парламентти таркатуу демилгесин көтөрүп чыккандардын акыркыларынын катарында ыңкылапчы-саясатчы Азимбек Бекназаров, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев башында турган “Кыргызстанды сактап калуу үчүн” кыймылы бар.

"Азыр парламенттеги оппозиция менен конкреттүү кызматташуу тууралуу сөз боло элек. Бирок контакт бар", - деп билдирди Чолпонбаев.

Мына ушундай көрүнүштөргө таянган жергиликтүү талдоочулар парламенттеги оппозициялык азчылыкты түзгөн “Республика” жана “Ата-Журт” фракциясынын өкмөттүн ишин көзөмөлдөө боюнча жалпы кызыкчылыгына парламентти таркатуу кызыкчылыгы да кошулуп, натыйжада кубаттуу оппозициялык күчкө айланышы да ажеп эмес деп эсептешет. Саясат таануучу Аалыбек Акунов мындай ыктымал өнүгүүнү парламенттик башкарууну жактабаган бийликтеги адамдары да тымызын колдойт деген ишенимде.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG