Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:11

Фарук: Ошто сумкама дисктерди салып коюшуптур


Умар Фарук
Умар Фарук

Америкалык эркин журналист жана иликтөөчү Умар Фарук Ош шаардык сотунун чечими менен 28-мартта Кыргызстандан чыгарылган.

Кыргызстанга биринчи жолу келип, иликтөө жүргүзүп жүргөн маалда кармалган чет элдик журналистти Кыргызстандын укук коргоо органдары 25-мартта Ошто кармаган. Америкалык жаран өлкөдөн чыгарылгандан кийин "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо борборунун Оштогу адвокаттарынын үйлөрү тинтилген.

"Азаттык": ​Кыргызстанда сизге кандай айып тагылды?

- Мага каршы кылмышка шектүү деп эки берене боюнча айып тагышкан. Биринчиси - массалык маалымат каражаттарын пайдалануу менен конституциялык түзүлүштү бузуу, экинчиси - экстремисттик материалдарды алып жүрүү. Кийин соттун алдына келгенде, ал эки айыпты алып салышып, административдик жазага алмаштырды.

Чет өлкөлүк журналист болгондуктан Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен аккредитациядан өткөн эмессиң деген негизде аминистративдик айып коюшту. Ошонун негизинде сот мени Кыргызстандан депортациялоо тууралуу чечим чыгарды.

"Азаттык": Сиз Ошто убактылуу камалып дагы чыктыңыз. Өзүңүздөн уксак, кайда, канча кармалып отурдуңуз?

- Башында 24 саатка кармалдым, бирок убактылуу кармоочу жайда эмес, мейманканада көзөмөл алдында болдум. Кийинки күнү мага айып тагыларын айтышып, сотко чейин 48 саат камакка алышты. 48 саат Оштогу Улуттук коопсуздук комитетинин имаратынын жер төлөсүндөгү абакта кармалдым. Ал жерде 8-9 камерасы бар чакан жай бар экен.

"Азаттык": УКМКнын абагында сизге эч ким басым көрсөтүп, кыйнаган жокпу? Кандай шартта кармашты?

- Мага эч ким тийген жок, жакшы мамиле жасашты. Башында мени Ош шаардык милициясында эки-үч саат кармап туруп, анан УКМКга өткөрүп беришти. Шаардык милициянын кеңсесинде мени суракка алышты, эч кандай басым-кысым болгон жок. УКМКнын абагында болсо ал жердеги отурган башкаларга кандай мамиле жасалса, мага дагы ошондой эле мамиле болду. Ал жердеги кызматкерлер башка отургандарды кыйнап же орой мамиле кылганын көргөн жокмун.

"Азаттык": Тамак-аш, сууну өз маалында бериштиби?

- Ал жердеги башка отургандар канча жолу кандай тамак-аш жеп, суу ичсе, мага дагы ошону беришти. Ал жердегилер үчүн үч маал тамак берилет, мени эртең менен тамактан кийин алып келишти. Андыктан 20 сааттай тамак-ашсыз, суусуз калдым.

"Азаттык": Сиз кармалгандан тарта эле адвокат берилдиби?

- Жок, мен кармалгандан баштап адвокат берилген жок. Ош шаардык милициясы мени адвокаты жана котормочусу жок эле суракка алды. УКМКга келгенден кийин 1-1,5 саат адвокаты жок эле сурак жүргүзүшүп, англисче түшүндүрмө кат жаздырып, кол кой дешти. Мен болсо кагазга кол коюудан баш тартып, адвокат сурадым. Адегенде мага мамлекет тарабынан берилген адвокат келди, бирок ал тигил тараптын позициясын айта баштады. Андан кийин Оштогу эл аралык уюм адвокат берди. Ал адвокат диний экстремизм боюнча иштерди алып барган, англисче түшүнгөн адис экен.

"Азаттык": Ошто сиз кандай маанидеги маалыматтарды, документтерди топтодуңуз эле? УКМКнын билдирүүсүндө сизден экстремисттик маанидеги материалдар табылды деп айтылды.

- “Бир дүйнө Кыргызстан” уюмунун адвокаттарынан алган бир нече документтер бар болчу. Алардын экөө соттун айып таккан кагазы болчу. Биринчиси - Сирияга барып келгенби, же кеткени жатат деп шектелген адамдын иши боюнча жана экинчиси имам, "Хизб-ут Тахрир" уюмунун лидерлеринин бири жана Сирияга адамдарды жиберген деп айыпталып жаткан имам Рашод Камаловдун иши боюнча документтер бар болчу. Эксперттик баа берилген кагаздар дагы бар болчу.

Бул документтерге кошумча УКМКнын адамдары мени тинткенде сумкаман DVD дисктер чыкты. Ал дисктерде Камалов жана башкалардын ишмердүүлүгү жөнүндө, Сириядагы жихадга чакырган видеолор бар экен. Мен ал дисктерди ошол жерден биринчи көрдүм, аларды менин сумкама Ош полициясында сурак берип отурганымда салып коюшса керек.

"Азаттык": Сиз ал дисктерди ошол жерде биринчи көрдүңүзбү?

- Ооба, мурда көргөн эмесмин. Болгону Ош милициясында кармалып отурганда ошондой дисктерди бирөөлөр көтөрүп жүргөнүн эле көргөм. Ош милициясында менин буюмдарым кароосуз эле калса керек, анан бирөө дисктерди салып койсо керек. Кийин УКМКга келгенде алар менин сумкаман чыкты.

"Азаттык": Сиз жыйнаган документтер бардыгы тең коомчулукка ачык документтерби? Же арасында тыюу салынгандары дагы бар беле?

- Ачык документтер эмес, аларды соттук териштирүү маалында адвокат, прокурор мамлекеттик органдарга бербей турган документтер. Мендеги документтердин айрымдары дагы эле соттук териштирүүдө колдонулуп жатканбы же жокпу – мага белгисиз. УКМК ал документтерди карап чыккандан кийин эмне үчүн мен алып жүрсөм болбой тургандыгын түшүндүргөн жок.

DVD дисктердеги материалдар боюнча УКМК атайын экспертке карап чыгууга берди. Ал болсо экстремисттик мазмундагы материалдар деп тапты. Кыргызстандын мыйзамы боюнча экстремисттик маанидеги материалдарды алып жүрүү – кылмыш деп саналат. Экстремисттик мазмундагы материалдарды аныктай турган атайын эксперттик комиссия мендеги документтерди, Камаловго тиешелүү документтерди жана башка мен сүйлөшкөн адвокаттар иш алып барган жүздөгөн иштерди дыкат карабай туруп эле, бир параграф бүтүм чыгарып берип койорун айтышты. Мындай жол менен бутага алынган адвокаттарга басым жасалат экен.

"Азаттык": ​Чогултулган материалдарды кандай максатта колдоноюн деген планыңыз бар эле?

- Мен имам Рашод Камаловдун иши боюнча макала жазайын деп жүргөм.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG