Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Маркумду узатуунун баасы


Бишкек шаарында жана анын тегерегиндеги жаңы конуштарда көзү өткөн адамга жай табуу, сөөктү жерге берүү түмөн түйшүктөр менен коштолууда.
Бишкек шаарында жана анын тегерегиндеги жаңы конуштарда көзү өткөн адамга жай табуу, сөөктү жерге берүү түмөн түйшүктөр менен коштолууда.

Кыргызстанда каза болгон кишини коюуга кеткен чыгым бир топ үй-бүлөнүн чөнтөгүнө урулган сокку болууда.

Айрыкча Бишкекте кара ашын кошпогондо, жөн эле кишини жууп, жерге көмүү үчүн 10 миң сомдон 50 миң сомго чейин каражат сарпталат.

"1952-жылдан бери тактыда отурган 88 жаштагы Британиянын ханышасы Елизавета II каза болсо эмне болот?" деген суроону атактуу Business Insider журналы окурмандарына берип, мындай ири окуядан өлкө экономикасы тарта турган зыянды эсептеп чыккан.

12 күнгө созулган аза күтүү учурунда Британиянын экономикасы 1,2 миллиарддан 6 миллиард фунт стерлингге чейин зыян тартышы ыктымал. Принцесса Диана өлгөндө аны коюуга кеткен каражат эле 20 миллион фунт стерлинг болгон. Мындан тышкары фондулук биржалар иштебей, алардын тарткан зыяны толук такталган эмес.

Бирок айрымдар өлүктүн тажыясына кызмат көрсөтүү менен андан ири кирише да табышат. Маселен, Америкада адам каза болгондо ар түрдүү кызмат көрсөтө турган агенттиктердин жыл сайын айланткан акчасы 20,7 миллиард долларды түзөт. АКШда жылына 2,4 миллион киши каза таап, аларды жерге берүү ишин жеке фирмалар аркалайт. Ар бир америкалыкты коюу үчүн 8 миңден 10 миң долларга чейин сарпталат. Ал эми Кытайда бир кишини коюуга орто эсеп менен 500 миң юань же 82,356 доллар сарпталгандан улам кытай медиасы былтыр “Өлгөн аябай кымбат” деген аталыштагы макалаларды басып чыгарышкан. Гонконгдо каза болгон кишини көмүү жаатында иштеген агенттиктердин кызмат көрсөтүүдөгү жалпы суммасы айына 250 миллион долларга жетет. Кытай дүйнөдө өлгөн адамдардын саны менен алдыңкы сапта. 2017-жылга чейин Кытайда жылына 10,4 миллион киши көз жумат дешүүдө.

Ал эми Кыргызстанда кандай?

Кыргызстанда да каза болгон кишини коюу иши өтө кымбат. Айрыкча ички миграциянын айынан көзү өткөн кишини кичи мекенине жеткирүү да кошумча чыгымды жаратып, жумшалган каражаттын суммасын арттырууда.

Бишкек мэриясына караштуу Ритуалдык кызматтар агенттигинин расмий сайтындагы баалар боюнча бир кыргыз киши каза болсо сөөктү автобус менен ташуунун ар бир сааты 660 сом, көр казуу 4 миң, чакан боз үйдү ижарага алуу суткасына 3,5 миң сомдун тегерегинде, бир боз үйдү тиктирүү 3338 сом, мусулман табытын ижарага алуу суткасына 153 сом, 100 литрдик казандын баасы суткасына 101 сом болуп, союшун, тасмал жана жыртышын кошпогондо эле орточо 10 миң сомдун тегерегинде акча кетет. Бул тууралуу Риуталдык агенттиктин директору Болот Карамуратов айтып берди:

- Эми мунун ичинде көр казуу, маркум орус болсо анын жыгач табыты, кийген кийими, мусулман болсо кепини, жууп-тазалоо, мүрзөгө өлүктү алып баруу деген сыяктуу чыгымдардын баары кирет. Азыр бизде орто эсеп менен ушул эле чыгымды санасак 10 миң сомдун айланасында акча коройт. Айрыкча миграциянын айынан маркумдарды үйүнө жеткирүү акысы да кошулду.

Буга кошумча акыркы мезгилде Бишкектин чет жагында көрүстөнгө ыңгайлуу жер калбай калгандыктан, каза болгон кишилерди коюуда жер тартыштыгы да курч маселе болууда.

Батышта 1950-жылдардан бери эле “өлүм салыгы” киргизилип, иштеп, айлык алган адамдар кирешесинин бир нече проценттин өлгөндө кетчү чыгымдар үчүн салык катары мамлекетке төлөй беришет. Каза болгондон кийин ошол салыктан чогулган каражат адамдын тажиясына коротулат. Ал эми Сауд Арабиясы сыяктуу өлкөлөрдө өлүктү коюу үчүн минималдуу гана каражат коротулуп, Европа, Кытай жана Кыргызстандагыдай ашыкча кымбат тажия аземин өткөрүшпөйт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG