Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

"Хабитат": Жаштарга үй салып беребиз


"Хабитаттын" ыктыярчылары Кыргызстанда үй курууда
"Хабитаттын" ыктыярчылары Кыргызстанда үй курууда

“Хабитат-Кыргызстан” кайрымдуулук фонду 15 жылдан берки тарыхында эл аралык донорлордун каражаты менен 15 миң муктаж үй-бүлөгө үй куруп же үй-жайын оңдоп-түзөп берген. Cоңку 10 жылда 500дөн ашуун чет элдик ыктыярчылар Кыргызстанга келип, бул долбоорлорго катышкан.

“Хабитат” фондунун башкы директору Марат Жийдебаев, коомдук байланыштар боюнча адиси Данияр Ашымов менен байкоочулар кеңешинин төрагасы Базарбек Чалов “Азаттыктын” Прага студиясында талкууга катышты.

"Азаттык": “Хабитат-Кыргызстан” фонду Борбор Азияда биринчи жолу Кыргызстанда ачылып, 15 жылдан бери иш жүргүзүүдө. Марат мырза, бул мезгилде уюм эмне жасай алды?

М.Жийбедаев: Коомдук уюм экенибизге карабастан, бүгүнкү күнгө 15 миңге жакын үй-бүлөгө жардам бере алдык, биз муну сыймыктануу менен айта алабыз.

Биздин эң биринчи максатыбыз - адамдарга үмүт берүү, үй куруп берүү. Кыргызстанда үйгө муктаж адамдар өтө көп. Кыргызда “өз үйүм – өлөң төшөгүм” деген жакшы сөз бар. Бизде азыр ар түрдүү программалар иштеп атат. Адамдарга жаңы үй салып беребиз, андан тышкары миграция боюнча иш жүргүзөбүз.

Тажикстандан келген кыргыз жердештерибизге үй салып бердик, андан тышкары социалдык көйгөйлүү топтогу адамдарга жардам көрсөтүп атабыз.

Атайын акцияларды өткөрөбүз. “Мугалимге турак жай” деген акция өткөрдүк. Көптөгөн жылдардан бери мугалим болуп иштеп, бирок үйгө жетпеген татыктуу мугалимдерге үй салып бердик. Келечекке көптөгөн максаттарыбыз турат.

please wait

No media source currently available

0:00 0:10:31 0:00
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:49 0:00
Түз линк
(талкуунун аудиосун толугу менен угуңуз)

"Азаттык": Базарбек мырза, “Хабитат-Кыргызстан” фонду үч облуста - Нарында, Ысык-Көлдө жана Чүйдө иш жүргүзөт. Үйгө муктаждардын көбү Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында эмеспи. Эмне үчүн калктын басымдуу бөлүгү жашаган аймактар камтылган эмес?

Б.Чалов: Фонд жалаң гана донорлор аркылуу каржыланат, мүмкүнчүлүгү чектелүү. Биздин абалыбызга жараша үч аймакты тейлеп жатабыз. Биз ушул тапта коомдук уюмдун иш-аракетин кеңейтүү жана бардык аймактарды камтуу үчүн иш-план түзүп жатабыз. Бул биздин алдыдагы максатыбыз.

М.Жийдебаев: Өзгөчө Баткен тарап таза сууга өтө муктаж, Ысык-Көл облусунда суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорду сыноодон өткөрүп бүтүп калдык, буюрса ошол долбоорубуз менен Баткен, Жалал-Абадда суу тартыш жерлерге барып иштесек, эң жакшы натыйжа берет.

Андан тышкары ар бир региондун өзгөчөлүктөрү бар. Мисалы, түштүктө сынч деп коет, үйлөр ылайдан салынат. Биз азыр ошондой үйлөрдү курууну долбоорлоо институттары менен бирге өркүндөтүп жатабыз. Сынч үйлөрдүн жер титирөөгө бекем, жылуу, арзан түшкөн долбоорун бүттүк, ошону эми түштүк аймакка жайылтабыз.

Камыш - арзан, жеңил, курулушка жарактуу материал
Камыш - арзан, жеңил, курулушка жарактуу материал

"Азаттык": Данияр мырза, "Хабитат-Кыргызстан” курган үйлөрдүн чыгымдарын эл аралык донорлор төлөсө, ал эми ишти аткаргандар ыктыярчылар болгонун билебиз. Кыргызстандыктарга үй-жай куруп берүүгө келген ыктыярчыларды кантип тартасыздар?

Д.Ашымов: Албетте, “Хабитаттын” алдыга жылдырган күчү - эл аралык ыктыярчылар. Жылына апрелден баштап сентябрга чейин Бишкекте, Ысык-Көлдүн Барскоон айылында ыктыярчылар топторун кабыл алабыз, орто эсеп менен жылына беш-алты топ келет. Ар бир топто 10дон ашык ар кандай жаштагы, ар кандай кесиптеги дүйнөнүн төрт бурчунан келген ыктыярчылар болот. 10 жыл ичинде 50дөн ашык ыктыярчылар тобун тосуп алууга үлгүрдүк.

М.Жийдебаев: Эл аралык ыктыярчыларга биздин жаштарды кошобуз. Бул жаштар үчүн жакшы өрнөк. Кыргызда унутулуп бараткан ашар ыкмасын жаңы деңгээлге көтөрүп жатабыз. Эл аралык гана уюмдардан жардам күтүп турбастан, өзүбүзгө өзүбүз жардам берип, жакшынакай үйлөрдү өз күчүбүз менен салып алууга, айрыкча жаштарды ушуга тарбиялап жатабыз.

Эл аралык ыктыярчылар жергиликтүү адистер менен
Эл аралык ыктыярчылар жергиликтүү адистер менен

"Азаттык": «Хабитат» уюмунун дагы бир артыкчылыгы - муктаждарга үстөгү жок насыя берет. Ушул жөнүндө айтып берсеңиз?

М.Жийдебаев: Азырынча Кыргызстанда турак жай боюнча иштеген жалгыз уюм болуп жатабыз. Эгер жаңы үй сала турган болсо, насыяны 20 жылга беребиз. Орто эсеп менен айына 3-4 миң сом төлөйт. Биздин максатыбыз жаштарды чет өлкөгө кетирбей кармап калуу.

Фонд ишин алгач баштаганда мамлекеттен жер алганбыз. Бишкек шаарында биз курган «Хабитат конушунда» 75 үй-бүлө жашайт. Ушул тапта жаштар үчүн долбоорду иштеп жатабыз. Биз менен интернет аркылуу байланышса болот. Бишкектеги кеңсебиздин дареги - Москва көчөсү, 182.

"Азаттык": Кыргызстандыктарга үй-жай салып берип, 15 жылдан бери кыргыз өкмөтүнө үзөңгүлөш болуп келатасыздар. Бул маалда өкмөттөн кандай колдоо болду, эмне жардам алдыңыздар?

М.Жийдебаев: Тилегибиз эле мамлекетибиз күчтүү болсо экен. Анда биз кылып жаткан ишти өкмөт өзү жасамак жана бул анын милдети. Тилекке каршы, өкмөттөн бизге азырынча эч кандай колдоо жок.

“Хабитат” ачылганда бизге туңгуч президентибиз жакшы колдоо көрсөткөн. Андан кийинки жетекчилер кайдыгер карап коюшкан. Баарыбыз бирдиктүү иштесек, элибиз үчүн эле пайда. Эгер өкмөт бизди колдосо, анын колуна кол, бутуна бут болуп, эл үчүн жакшы нерселерди жасайбыз деген тилектебиз.

Базарбек Чалов, Марат Жийбедаев жана Данияр Ашымов "Азаттыктын" Прага студиясында
Базарбек Чалов, Марат Жийбедаев жана Данияр Ашымов "Азаттыктын" Прага студиясында

"Азаттык": Марат мырза, 15 жыл ичинде сиздердин фондго келип, материалдык болобу, каражат жагынан жардам берет элем деген кайрымдуу адамдар болдубу?

М.Жийдебаев: Тилекке каршы, андай адамдар болгон жок, биз көптөргө кайрылып көрдүк, шарттарыбызды түшүндүрүп бердик, бирок бай адамдардын түшүнүк деңгээли андайга жете элек. Эми келечекте алар дагы кайрымдуулук иштерге көңүл бурат, анын маани-маңызын түшүнөөр деген ойдобуз.

Биздин максат убактылуу эмес, туруктуу өнүгүүгө салым кошуу. Албетте, шайлоонун алдында ар кандай адамдар, саясий партиялар элге жардам беришет. Бирок шайлоо бүткөндөн кийин дароо токтойт, ага 15 жылдан бери нече жолу күбө болдук.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG