Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:02

Түркияда кыргыздар жол кырсыгына кабылды


Кырсык Кемер – Кумлужа унаа жолунда болгон. Кыргызстандыктар кырсыкка кабылган автобус.
Кырсык Кемер – Кумлужа унаа жолунда болгон. Кыргызстандыктар кырсыкка кабылган автобус.

Түркияда жол кырсыгына кабылган кыргызстандык беш баланын бирөөнүн абалы оор бойдон калууда.

Алар Кемер шаарындагы мейманканада тейлөө кызматкери болуп иштеп, мекенине кайтаар алдында туугандарына белек-бечкек алганы Анталияга бараткан.

Кырсыкка кабылган балдардын жакындары аларды түркиялык иш берүүчүлөр ашыкча чыгым болбостон, эптеп үйүнө жөнөтүп кутулуу аракетин көрүшү мүмкүн деп кооптонууда. Жеңил жараат алган үч бала Бишкекке бүгүн учуп келатат.

Окуя өткөн ишембиде эртең менен болгон. Кемер – Кумлужа унаа жолунда Анталия тарапты көздөй бараткан туристтик автобус трассадан чыгып кетип, оодарылып, жардан кулап кала жаздаган. Алдын ала маалыматка караганда, айдоочунун рулду башкара албай калышына ошол кезде жаап жаткан жаан себеп болгон. Ичинде бараткан 15 адамдын 12си түрдүү жараат алып, ооруканага жеткирилген. Бешөө кыргыз балдар. Алардын үчөө Кемердин ооруканасынан биринчи медициналык жардам алып кое берилген. Ал эми оорураак деген экөөнү -Бактыбек уулу Бекбол жана Арслан Асанкуловду Анталияга жеке клиникага алып кетишкен. Биринчисинин сынган колун гипстеп кое берип, оор жараат алган 21 жаштагы Арсландын башы жарылып, жамбашы жана акыреги сынгандыктан ооруканада калтырышкан.

Балдар Түркияга Бишкектеги “Авемлис” ишке орноштуруучу жеке компаниясы аркылуу быйыл кетишкен. Компаниянын эсебинен Арсландын Москвада жашаган ата-энесине Анталияга билет сатылып алынып, алар азыр уулунун жанында болууда. Атасы Эркинбек Абдыкеев менен байланышканыбызда ал баласынын абалы оор экенин айтты:

- Абалы аябай эле оор. Мээнин шишиги тарабай жатат. Наркозду жана башкасын көзүн ачканча деп токтотуп коюшту. Ача элек. Жакшы эч нерсе айта албайбыз дешти.

Жабыркаган балдардын баары Арслан курактуулар. Түркиялык иш берүүчүлөр менен түзгөн эмгек келишиминин мөөнөтү дал ушул күндөрү аяктап жаткандыктан алар чогулуп алып, Анталияга үйдөгүлөрүнө белек алганы баратып кырсыкка кабылып олтурушат.

Жакындары “Азаттык” менен байланышып, алардын абалын “колунун манжалары сынып, тиши түшкөн, мээси чайкалып, башы жарылган” деп мүнөздөп, “эми мейманкананын ээлери аларды эптеп эле Кыргызстанга жөнөткөнү жатат” деп билдиришти.

Былтыр түзүлгөн “Авемлис” компаниянын жетекчиси Шерболот Аскербек уулунун айтымында, эмгек келишиминде медициналык камсыздандыруу деген пункт сөзсүз бар, эгер жумушта жүрүп залака тийсе, Түркия тараптын эсебинен бекер дарылануу укугу берилет. Ал эми бул жолу балдар иш маалында эмес, анын үстүнө дем алыш күнү кырсыктаганы бир топ суроо жаратууда. Ошого карабастан баары бекер дарыланып жатат дейт ал:

- Биз тараптан бардык жардам көрсөтүлүүдө. Ал эми кийинки дарылануусу боюнча маселе кырсыктын себебин иликтеген атайын комиссиянын бүтүмүнө жараша чечилет.

“Авемлис” аркылуу Түркияга былтыр 125 кыргызстандык кеткен болсо, быйыл алардын саны 2 эсе көп. Негизинен туристтик шаарлардагы мейманканалардын кардарларды кабыл алуу бөлүмүндө, бар, ресторандарында эмгектенишет. Каалоочуларды ошол мейманканалардын ээлери өзүлөрү Бишкекке келип тандап алып кетет. Эмгек келишими алгач 3,4,5 же 6 айга түзүлөт, бирок тараптардын каалоосу жана макулдугу болсо дагы узартылышы мүмкүн.

Кыргызстандын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун жетекчиси Алмаз Алыбаевдин айтымында, мындай ортомчулук ишмердүүлүккө лицензия алыш үчүн Тышкы иштер, Ички иштер министрликтери, Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлдөрүнөн турган атайын мекеме аралык комиссиянын элегинен өтүү зарыл. Лицензиядагы талаптар бузулган учурда жарандар министрликке кайрылууга укуктуу. Анталиядагы окуя боюнча да эгер арыз түшсө териштиребиз дейт ал:

- Ал жарандар бизге келип кайрылышы керек. Ошондо биз “Авемлис” менен түркиялык компаниянын келишимин алып, тараптардын милдеттенмелерин карап чыгабыз. Ошонун негизинде гана айта алабыз.

Расмий маалымат боюнча чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу менен Кыргызстанда 22 компания алектенет. Былтыр алардын саны 9 гана болчу. "Минтип легалдуу иштегенге өткөндөрдүн саны көбөйүп жатканына түшүндүрүү иштеринин күчөтүлгөнү себеп" дейт Алмаз Алыбаев. Мыйзам бузганы үчүн былтыр 3 компаниянын лицензиясы жокко чыгарылган.

Ушу тапта Анталияда эс-учуна келе албай жаткан мекендешибиз Арслан Асанкулов Ысык-Көлдүн Түп районунан болот. Кыргыз техникалык университетинин студенти. Окуусунан убактылуу бошонуп, Түркияга быйыл июнда барган. Келерки жылы жазында аскерге барам деп камынып жаткан. 6-ноябрга ата-энеси 4 жылдан бери жашап келаткан Москвага билет алып койгон.

Соңку маалымат боюнча, колуна гипс салынып, абалы канааттандырарлык деген негизде ооруканадан чыгарылган Бактыбек уулу Бекболду Анталиядагы доктурлар кайра текшерип чыкмай болду. Эгер дагы дарыланыш керек дешсе, ал ошол жакта иш берүүчүлөрдүн эсебинен дарылануусун улантат.

XS
SM
MD
LG