Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:02

Намазалиев: Инвестиция тартуу бир күндүн иши эмес


Мирсулжан Намазалиев
Мирсулжан Намазалиев

Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун аткаруучу директору Мирсулжан Намазалиев Европа-Кыргызстан инвестициялык кызматташтыгы тууралуу "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Президент Алмазбек Атамбаевдин Европа мамлекеттерине сапары өлкөгө инвестиция тартуу жагынан канчалык үзүрлүү болушу мүмкүн?​

Намазалиев: Европалык инвестициялык банк тууралуу айта турган болсок, мен бул финансылык уюмдун расмий сайтына кирип көрдүм. Аталган банк Кыргызстан менен кызматташуу тууралуу келишимге кол койду деген маалымат таба алган жокмун. Бирок соңку кезде, мисалы, Мьянма сыяктуу жана башка өлкөлөр менен байланыш түзгөнүн көрдүм. Бир банк же өлкө жетекчилери менен жолугуп койсо эле ошол жактан Кыргызстанга инвестиция агылып келе баштайт деп айтуу туура эмес. Өзгөчө Европанын банктары, инвесторлору тобокелчилиги бар өлкөлөргө инвестиция салуудан коркушат. Себеби канча деген компаниялар Кыргызстанга келип алып, өзүнүн жеке менчигин, инвестициясын коргой албай, азыр эл аралык арбитраждарда биздин өлкө менен соттошуп жүрөт. Муну европалык инвесторлор абдан жакшы билет.

Экинчиден, чет элдик инвесторлор өлкөнүн кредиттик рейтингин карайт. Ал эми Кыргызстан, тилекке каршы, азырынча андай рейтингдерге чыга элек. Бул жаатта соңку убакта иш жүргүзүлө баштады. Бирок качан ишке ашары белгисиз.

Албетте, мындай жолугушуулар 3-4 жылда бир эмес, андан көбүрөөк болуп турса инвесторлордун көзүнө көрүнүп, чет жактан инвестиция келишине өлкө чынында эле кызыкдар экенин далилдөө оңоюраак болот.

Башка жактарга учуп жүргөндөр жакшы билет, мисалы, Түркия аркылуу учканда “Македония. Бизге инвестиция салуу пайдалуу. Бизде салыктар төмөн” деген чоң жарнамаларды көрсө болот. А биз эмне иш кылып жатабыз бул жаатта? Кандай маалымат берип жатабыз? "Атамбаев барды, келди" дегенден башка инвесторлорду тартууга кандай аракет кылдык?

"Азаттык": Мисалы, Австрияда эки тараптуу бизнес-форум өтүп, ага көптөгөн ишкерлер катышканы, президент Атамбаев бизнесмендерге кайрылганы маалымдалды.

Намазалиев: Дүйнөлүк Давос эл аралык форумунда президенттердин айтылгандарына көңүл бурулуп, анын баары дүйнөлүк медиага чыгат. Бирок, тилекке каршы, Кыргызстандын президентин ал жакка чакырбай жатышат.

Мамлекет башчы чет өлкөгө барганда түрдүү жыйындарда, ишкерлер алдында сүйлөгөнү болот. Бул саам да Алмазбек Атамбаевдин сүйлөгөнү жакшы, албетте. Бирок ушул кыска саякаттын негизинде инвестиция агылып келет деген ойлорду угуп жатам. Буга, менимче, бир аз реалдуураак караш керек.

XS
SM
MD
LG