Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:52

"Элдик парламенттин" үч мүчөсү камалды


"Элдик парламенттин" жыйыны
"Элдик парламенттин" жыйыны

Бүгүн кечке жуук өздөрүн “Элдик парламент” деп атаган коомдук бирикменин камакка алынган үч лидери Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев жана мурдагы мамлекеттик кызматкер Марат Султанов экендиги айтылууда.

"Элдик парламенттин" лидери Талгарбеков, мүчөлөрү Колубаев жана Султанов бийликти күч менен алмаштырууга аракет кылганы үчүн кармалган.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди:

- Тергөөгө чейинки материалдар аталган жарандар өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүүгө, бийликти күч менен басып алууга камданып жатканын көрсөттү. Ошондой эле алар курал колдонууну көздөп жатканы белгилүү болду.

"Элдик парламенттин" талабы

Түшкө чейин "Элдик парламент" мүчөлөрү форум өткөрүп, анда президент Алмазбек Атамбаевдин кызматтан кетишин талап кылып, кетпесе 17-майда масштабдуу митинг өткөрөрүн, “Элдик парламентти” орусиялыктар колдой турганын айтышты. Бул өз кезегинде саясий уюм эмне максатты көздөйт жана артында кандайдыр бир саясий күч болушу мүмкүнбү деген күдүк суроо жаратууда.

Форумга “Элдик парламентке” мүчө деп эсептелген 105 адамдан тышкары конок катары чакырылгандардан Адахан Мадумаров, Өмүрбек Суваналиев, Нурлан Мотуев сыяктуу саясатчылар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Аны кыймылды негиздөөчүлөрдүн бири, Акаевдин бийлиги тушунда мамлекеттик жооптуу кызматтарда жүргөн Бекболот Талгарбеков башкарды. Жыйын дээрлик азыркы бийликтин мамлекеттик башкаруусуна нааразылык билдирип, кескин сынга алган маанайда өттү жана буга чейин коомчулукка жарыяланган талаптары кайталанды.

Бекболот Талгарбеков президент баштаган азыркы бийлик кызматтан кетпесе, 17-майда 50-60 миң кишинин катышуусунда митинг уюштуруларын билдирди:

- Биз дагы бир жыл күтө турган болсок, Кыргызстан дагы бир жыл артка кетет. Ошон үчүн Атамбаевди эртерээк кетирүү керектигин айтып жатабыз. 17-майда "Элдик парламенттин" жактоочулары митингге чыгат. Ошончо киши келерине көзүбүз жетет.

Конок катары чакырылган саясатчылардын бири Өмүрбек Суваналиев көтөрүлгөн маселелерди дээрлик кубаттады:

- Реформа Атамбаевсиз болушу керек. Атамбаев менен реформа болот деген жаңылыштык. Бүгүнкү күнгө чейин эч нерсе жасабаган президент өзү кетиши керек.

Бирикменин билдирүүлөрүнө президенттик аппарат расмий жооп кайтара элек. Парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов айтылган талаптар негизсиз экенин “Азаттыкка” билдирди:

- Оппозиция талаптарын каалагандай, ачык айтып жатат. Аларга эч ким кысым көрсөткөн жок. Бул – демократиянын белгиси. Баарына эл өзү тараза болот. Ал эми өкмөттүн ишинде кемчиликтер бар. Алар ачык айтылып, талкууланып жатат. Андыктан оппозициянын талаптары негизсиз. Алар чагым салбай эле коюшса болмок.

“Элдик парламенттин” бийликтин мөөнөтүнөн мурда кетирүү демилгесин эксперттер колдогон жок. Саясат талдоочу Эркин Абдразаков өз оюн минтип негиздеди:

- Кетсин дегендин ордуна, өлкөнү кантип өнүктүрсө болот, анын жолдору барбы деген суроолордун үстүндө иштөө керек. Мен "Элдик парламент" айткан талаптарды алдыдагы президенттик шайлоонун алдында биз барбыз дегендей өзүн көрсөтүү аракети деп баалайм.

"Элдик парламенттин" артында ким турат?

Айрым байкоочулар бул аракеттердин артында кайсы бир тышкы күчтөрдүн шыкагы турушу мүмкүн деген жоромолдорду айтып жатышат. Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева буга чейин жиги билинбеген мурдагы саясатчылардын "Элдик парламент" түзө коюп, жогоркудай кескин билдирүүлөр менен чыгышы жөн жеринен эмес деп эсептеди:

- Булар буга чейин эч кандай маанилүү маселелерди көтөрбөй туруп эле, дароо катуу билдирүүлөрдү айтып жатканы артында кайсы бир тышкы күчтөр барбы деген ойду жаратууда.

Талгарбеков болсо бул өңүттө “Азаттыктын” суроосуна мындай жооп кайтарды:

- Биздин артыбызда эч кандай лоббисттер турган жок. Орус бийлигинин бизге тиешеси жок. Бирок Орусияда жашап калган, орус жарандыгын алган жана жогорку бийликте отурган мурдагы мекендештерибиз, таасирлүү адамдар жардам берип жатышат.

Апрель айында түзүлгөнү расмий жарыяланган “Элдик парламент” алгач оппозицияга да, бийликке да көз карандысыз саясий уюм болору айтылган. Кийинчерээк президент Алмазбек Атамбаевден отчет алуу жана мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүү, Фарид Ниязов, Икрам Илмиянов, Чыныбай Турсунбеков жана Тургунбек Кулмурзаев жана анын санаалаштарын жоопко тартуу боюнча элдик комиссия түзүү, июнь коогасына күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин Гаагадагы эл аралык сотто кароо деген талаптары жарыяланган соң катары суюла баштаган.

Башында анын курамына кошулган Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев менен Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиев чыгып кетишти. Алар мындай кадамдарын “Элдик парламент" алгач Евразиялык интеграцияны колдоо жана коррупцияга аралашпаган саясий ишмерлердин башын бириктирүү демилгеси менен чыкканын, бирок “президентти мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү" өңдүү талаптардан кабары болбогонун билдиришкен.

Бирикменин түптөлө элек жатып ич ара ыдырай баштаганы алардын кайсы бир тышкы күчтөрдүн долбоору деген кептерге жем таштап, оппозициячылардын билдирүүлөрү сынга кабылган эле.

“Элдик парламент” кыймылы тараткан маалыматтарына караганда, анын катарында мурдагы айыл чарба министри Талгарбековдон тышкары президенттикке талапкер катары чыккан Төрөбай Колубаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин экс-жетекчиси Тойгонбек Калматов, Чүй облусунун мурдагы губернатору Болоткан Кумаров, Ош облусунун мурунку губернатору Мамасадык Бакиров, Бишкек шаардык сотунун мурдагы төрагасы Марат Султанов бар.

XS
SM
MD
LG