Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

Баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси козголууда


Кыргызстан 2010-жылдын 27-июнундагы жалпы элдик референдум аркылуу Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алган.
Кыргызстан 2010-жылдын 27-июнундагы жалпы элдик референдум аркылуу Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алган.

Конституцияны реформалоо маселеси кайра козголуп, “Элдик курултай” кыймылы жаңы долбоорун коомдук талкууга койду.

Ал долбоорго ылайык, курултай институту эң жогорку бийлик органы болуп, аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигин көзөмөлдөмөкчү. Бирок азыркы аракеттеги Баш мыйзамдын демилгечилери Конституцияны өзгөртүүгө эч кандай жүйөлүү себеп жок деп эсептешет.

Акыркы жол - курултайбы?

Курултай институтун киргизүүнү жактагандар Кыргызстанга бардык бийлик бутактары курултайга баш ийген, аларга отчет берген мамлекеттик башкаруу системасы керек деп эсептешет. “Элдик курултай” кыймылынын төрагасы Кадыр Кошалиевдин айтымында, кыймыл 92 беренеден турган жаңы Башмыйзамдын долбоорун жазып, аны элдик талкууга койду. Ал өлкөнү ушул жол гана бардык туңгуюктан чыгарат деп ишенет.

- Жамааттык эл башкаруу институтунун кириши менен коомдо биз адилеттик орнойт деп эсептейбиз. Коррупциянын тамыры кыркылат жана бийликтин эл алдындагы жоопкерчилиги камсыз болот. Кыргызстан өзү тээ башаттан келаткан баалуулуктарына таянып, өнүкпөсө болбой калды.

2010-жылы апрель окуясынан кийин кабыл алынган азыркы Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө 2020-жылга чейин тыюу салынган. Бирок 300 миңден ашык шайлоочу кол чогултуп, парламентке референдум демилгесин сунуштоо укугу бар. Кадыр Кошалиев кыймыл кол чогултканга да даяр экенин айтууда.

- Эгерде олтуруп, мунасага келип, сүйлөшүү аркылуу чечсек, бул албетте жакшы. Жогорку Кеңеш өзү демилге көтөрсө да болмок. Бирок ал жолдорго азыр мүмкүнчүлүк болбогондон кийин 300 миң кол топтоо жолу гана калат.

“Кудайдын ордун талашпайлы...”

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2010-жылы Конституциялык кеңешмени жетектеген. Аны аракеттеги Башмыйзамдын “атасы” деп да атап жүрүшөт. Текебаев 2010-жылы кабыл алынган Конституция бийликтин үч бутагын тең салмакта бөлүштүргөнүн жана демократияга жол ачканын белгиледи:

- Бүгүнкү Конституция бир адам баарын энчилеп, басып алууга мүмкүнчүлүк бербейт. Бийлик бутактары тең салмакташкан. Бүгүнкү Конституция сөз эркиндигин кысканга мүмкүнчүлүк бербейт. Ошондой эле оппозициялык ишмердүүлүккө кепилдик берет. Эң башкысы бүгүнкү Башмыйзам өкмөттү жана президентти мыйзам жолу менен алмаштырганга мүмкүнчүлүк берди. Мына, Борбор Азияда биринчи жолу Кыргызстанда президент шайлоо жолу менен алмашты.

“Ата Мекен” фракциясынын төрагасы “Элдик курултай” кыймылынын сунуштары бүгүнкү турмуш чындыгынан алыс деп эсептейт:

- Эгер бул ой жорум менен кетсек, президент, өкмөт жана парламент отчет бере турган курултай органын түзгөндөн кийин, анда курултайды көзөмөлдөй турган дагы бир орган түзүү керек болот. Өзү саясий система түзүлгөндө “мен сага ишендим, сени кудайга койдум” деп түзүлөт. Ошон үчүн Жогорку Кеңеш, Жогорку Сот деп айтылат. Алардан жогору бийлик болбойт. Андан жогору Кудай гана. Мындай кыла берсек, анан ошентип, кудайдын ролун да алмаштырганга аракет кылганга өтөбүз...

2010-жылдагы Башмыйзамда Кыргызстан өзүн парламенттик өлкө деп жарыялаган. Бирок курултай институтунун демилгечилери Кыргызстанда үч жыл аралыгында парламенттик башкаруу системасы өзүн актаган жок деп санашат.

Саясат таануучу Марат Казакбаевдин пикиринде, Башмыйзамдын айрым беренелерин өзгөртсө болот, бирок курултайчылар демилгеси элден колдоо табышы кыйын:

- Таза шайлоого жете албай жатабыз. Ошондон саясий маданият өнүкпөй жатат. Курултайды киргизсек, бул деле шайлоо аркылуу болот да. Кайра эле анда да мыйзам бузуулар болот. Бир жагынан курултай киргизилсе, Жогорку Кеңештин ишин кайталоочу орган болуп калат.

5-майда Кыргызстан Конституция күнүн белгиледи. 1993-жылы кабыл алынган Кыргызстандын баш мыйзамы 20 жыл аралыгында 8 жолу өзгөртүүгө туш болгон.

XS
SM
MD
LG