Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 02:54

Кыргызстан

БУУ Кыргызстанда абал дале кооптуу экенин эскертти

Бириккен улуттар уюму Кыргызстандын түштүгүндө тополоң дагы кайталанып кетиши мүмкүн деген кооптонуу бар деп эскертти. Анткен менен өлкөдөгү убактылуу өкмөт 27-июнга белгиленген референдумду баары бир өткөрүүнү туура көрдү.

Текст көлөмү - +
Бириккен улуттар уюмунун эскертүүлөрүнө карабай, Кыргызстан этностор аралык кагылышуу болгон аймактарда өзгөчө кырдаалды алып салууну ниет кылууда.

Бул тууралуу өткөөл мезгилдеги президент Роза Отунбаева бейшембиде жалпы элге кайрылуусунда айтты.

“Өзгөчө абал киргизилген аймактарда 26-июндан тарта коменданттык саат алынып салынат, - деди Отунбаева. - Ошол эле учурда ал жерлердеги тургундардын коопсуздугун камсыз кылыш үчүн тийиштүү чаралар көрүлөт”.

Аскерлер 27-июнда коопсуздукту камсыз кылыш үчүн жума күнү алдын ала добуш беришти.

Натыйжа

Референдумда өлкөнүн Конституциясынын жаңы варианты добушка коюлат. Эгер ал жактырылса, президенттин ыйгарым укуктары кыскарат, көбүрөөк укук парламентке берилет. Бирок парламенттин өзүндө да жалгыз партия шайлоодо 50% ашуун добуш алышына жол берилбейт. Демек, Жогорку Кеңеште бир партия үстөмдүк кыла албайт.

Отунбаева бейшембидеги кайрылуусунда элди референдумга сөзсүз катышууга чакырды. “Анткени Конституция кабыл алынмайын, өлкөдө мыйзамдуулук жана тынчтык болушу мүмкүн эмес”, - деди ал.

Ошентсе да түштүктө көптөр референдумга карата терс мамиледе экендигин билдиришүүдө.

Коопсуздук кооптондурат

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму коопсуздук абалы опурталдуу болуп тургандыгын эске салуу менен, түштүккө кыска мөөнөттөгү байкоочуларын жибербей тургандыгын билдирди.

Бейшембиде Бириккен улуттар уюмунун баш катчысынын жардамчысы Оскар Фернандез-Таранко Ош менен Жалал-Абадда абал бир топ эле тынчып калганына карабай, “этникалык кагылышуулар кайра башталып кетиши мүмкүн деген ушак тарап жатканын” билдирди.

Кыргызстандагы кырдаал уюмдун Коопсуздук кеңешинин жабык жыйынында талкууланды. Фернандез “кагылышуулар кайра жанданып кетсе, анын Кыргызстанга да, жалпы регионго да таасири болоорун” эскертти.

Өлкөдөгү окуяларды бейшембиде Орусиянын президенти Дмитрий Медведев менен АКШнын мамлекет башчысы Барак Обама Вашингтондогу жолугушуусунда да талкуулашты.

Экөөлөшүп эптей алышабы?

Кыргызстанда бул эки өлкөнүн тең аскерий базалары бар. Ошондуктан өлкөгө жибериле турган гуманитардык да, дипломатиялык да жардамды эки президент биргеликте координациялоону эп көрүштү.

Медведевдин айтымында, жумурияттагы саясий кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетиши ажеп эмес.

“Шайлоонун жыйынтыгында Кыргызстанда мамлекеттин алдында турган милдеттерди чече ала турган өкмөт куралат го деген үмүттөбүз, - деген Медведев, - Андай болбосо, Кыргызстан артка кетет. Керек болсо, бөлүнүп-ыдырап кетиши да мүмкүн, - деп айтты. - Биз баарыбыз андай кырдаалда бийликке радикалдар келип калышы ыктымал деп чочулап турабыз. Наавада ошондой болуп кетсе, биз Кыргызстанда Ооганстандагыдай эле маселелерди чечүү менен убара болуп калабыз”.

Медведев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жетекчиси катары, зарыл болсо, аймакка аскер күчтөрүн да киргизүүнү караштыраарын кыйытты.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
28.06.2010 01:26
албетте кыргызстанга көө жабылды,силер акмаксыңар,өз президентиңерди мыйзамсыз,талкалоо менен айдадыңар деп жатышат орустар.бийлик талашкан саясатчылар жөнөкөй кыргыз калкына чоң так тийгизди!УӨ иш аткарбай эле Бакиевге аң казганы_ казган!кара жолтой,мыйзамсыз келген УӨтүн колунда Кыргыздардын тагдыры эмне болоор экен,Алла өзүң гана сактай көр ички,сырткы душмандардан!!!!

кимден: Joka
27.06.2010 05:08
Урматтуу мекендештер!!Июнь айындагы Туштук окуясынан улам дуйнолук массалык маалымат каражаттары тарабынан жана социалдык ресурстар тарабынан бул окуя жонундо бир тараптуу маалыматтар берилуудо.Биздин айколдугубуз боорукердигибиз, меймандостугубуз кайра келип озубузго коптогон адам олумун алып кетууго алып келди..Муну менен мен эч кандай правокация кылууга эч кимдм куч колдонууга угуттобойм.Мен кыргызмын, торолгон жерим Ала-Тоо ,омур бою кыргыздын улуу калк экенине ишенип келгем .Баарыныздардан суранаарым Туштуктогу болгон окуяны тен салмактуу жеткирууго жардам бериниздер!!Менде курман болгон кыргыздардын суроттору бар.Бугун Youtube га жайгаштырылды бирок болгону 40-50 колдонуучу коргондон кийин бул сайттын жоопкерчилери тарабынан алынып салынды..
Бут дуйно болгону бир тараптуу маалыматтарга таянып Кыргыз элин согушчул мыкаачы ойлоодо.Бут дуйного жок дегенде интернет аркылуу болгон окуяны чагылдыруу ар бирибиздин милдетибиз..
Ким бул милдетти туура корсо менин электрондук дарегиме кат жазыныздар(joka6@mai.ru)+(whiteangelmen@list.ru) мен сиздерге суротторду же роликти жиберем.Колдон келишинче жайгаштыралы интернетке.
Рахмат

кимден: Канат
26.06.2010 14:56
Кыргыз мамлекетине коптогон мамлекеттерконул буруп, оздорунун тураа эмес пикрилерин айтып жатsiis УО куноосу деп ойлоймун. Анткени ушулар келгенден бери жаман жоруктун баары башталды.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
26.06.2010 13:59
Орус президенти ойлонуп суйлосо болмок Кыргыздардын жок болуп кетуусун гана калайт Роза орустарга жагына бербестен аскер сурап жардам сурап жалына бербестен озубуздун элден жардам сурасабайсынбы Орустар Кыргыз элине карышы экенин Медведев Университеттеги созу менен азыркы Обама менен жолуккандагы созу дагы бир жолу далил болуп турат Кыргыз элин жок болушун граждандык согуш болуп кетишин кутпостон озунун ички маселелерин чечип албайбы

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
25.06.2010 21:50
референдум кийинчереек болсо болмок! азыр туштук жергесинде адамдар кочого чыгыштан чочуп олтурат, кантип кайсыл жакка барып кимди шайлайт ошол жагын ойлобойсунарбы! ким болуп ким калганы менен деле иши жок эптеп курсак тойсо болду болуп жатат! ошол референдумдан коро элди ойлосонор милиондогон доллар тонналаган продукталар гум жардам болуп келип жатат бирок жетпей жатат!! Ошол гум жардам тушутук жери эле эмес кыргызстан боюнча жетмек!!!!!!!!!!!!! Ойлонгула!!!

кимден: БООРДОШ каяктан: ЭЛ
25.06.2010 20:10
Эми Н,Бордюжа кылчактабай жакшы жардам берсе .тынчтык орношу кчун чон оболго болчудай.
ОДКБ Жакындан жардам бериши Кечигп иболсо да бул Ош_Жалал_Абадка жиберилиши опер группасы жакшы саамалык,мындан башка ЕККу нун полицейск группасын жолотпоо керек,пайдасынан зыяны коп! Ал Урматтуу Р.Отунбаева ,СНБ бошотуп Проффесионал адамды дайындасаныз он болчудай , Ошто _Жалал_Абаддагы айтылган коогалан кан тогууну Бахиевдер ички и тышкы эл аралык душман террористер Кыргызстанда УБ Окмотту кулатып ,Референдумду откорууну узгултукко учуратууну коздоп жасашты! Ошондуктан Кыргыз Элим,! Кандай оор кундордо Кыргыз эли кун кечирип жашоо уланып жатат!” Уруш токтобосода ,тууш койбойт” деген созго маани берип,Конститутцияны Созсуз Референдумду колдоп,Р.Отунбаеваны шайлап албасак Ички и тышкы душмандар баш которо берет!Мыйзамдуу бийлик болсо Россия,АКШ иВеликобритания ж.б.мамлекеттер менен тен ата суйлошулот,Кыргыз мамлекети жаш малекетпиз Парламенттик-презденттик башкарууну да иш жузундо аткарып =жашап коруу керек! Алдын –ала кеебир саясийлидерсоройчулор бакшы –бубулордой козачыктык создорун ,жарабайт деген жомогун укпай... Кыр Ашууну артта калтырып алга келечекке умтулуп жашайлы Кыргыз Элим!ЭГемендууулук_Эрктуулуктун тузу шор,аны татсак да кайгы кападан арылалы ,коогаланга кабылдык , Эми белди бекем бууп Референдумга жапырт он жооп,колдоо корсотуп добуш берели ЭЛи журтум! Тынчтык келсин эл-журтубузга! Тынчтык Когучкону консун багыбызга!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)