Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 02:53

Борбор Азия

Кыргыз-тажик чек арасында жаңы чатак

Тажикстандын Исфара районунун тургундары кыргыз аскерлери “Чоркух” дыйкан чарбасына караштуу өрүк бакты ойрон кылышканын кабарлашты. Баткен облустук коргонуу жаатындагы бийлик өкүлдөрү окуяны ырасташты, бирок муну исфаралыктар өрүк бакты Кыргызстандын аймагына отургузушканы менен түшүндүрүшүүдө.

Кыргыз-тажик чек арасында такталбаган жерлер көп
x
Кыргыз-тажик чек арасында такталбаган жерлер көп
Текст көлөмү - +
Окуя Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Исфара районундагы чек ара аймагында болгон. Бул жерде негизи эки тарап тең “биздики” деп талашып келаткан жерлер көп.

17-мартка караган түндөгү окуя кандай болгонун алгач Исфара районунун “Чоркух” дыйкан чарбачылыгынын жетекчиси Немат Олимовдон уктук.

“Ал күнү түнкүсүн Кыргызстандын атайын даярдыктагы куралдуу күчтөрү аскер техникасы менен келип, биздин дыйкан чарбачылыкка караштуу өрүк бактан биз 12 жыл мурда отургузган 400 түп өрүктү тамыры менен сууруп алышты, - деди Олимов “Азаттыктын” тажик редакциясына. - Анан муну эч ким көрбөсүн деп, аларды өздөрү менен кошо артып кетишти. Биз эч каршылык көрсөтө алган жокпуз, анткени алардын куралдары бар эле”.

Немат Олимов кыргызстандык аскер күчтөрү ал жерлерди басып алуу максатында ушундай аракетке барышкан деп ишенет.

Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев окуя чындап эле болгонун “Азаттыкка” бүгүн ырастады. Бирок ал муну тажикстандыктар Кыргызстандын жерине өрүк бак тигип алышкандыгы, тажик тараптан сүйлөшүүгө эч ким келбегени менен түшүндүрдү.

“Бул жер – биздин “Кара” деген учатоктогу жерибиз. Ошону айтып жатышат, - дейт Т.Эшалиев. – Алар ошол жерде биздин аймактагы 300 метр жерге өтүп, өрүк тигишкен. Көчөттөр көп жылдык эмес, башка жерден чоң-чоң көчөттөрдү алып, быйыл эле ошол жерлерге отургузушкан. Биз ал жерге жакында комиссия менен, Госрегистрдин адамдары менен барып көргөнбүз. Ал жерге барып, күтүп отурдук аларды. Бирок Чоркух айылынан эч ким сүйлөшүүгө келбеди. Ошондуктан биз ал көчөттөрдү жулуп таштадык. Өздөрү тарапта иштеп жаткан тажиктер карап турушту, бирок эч ким келген жок. Биз эки машине менен 7-8 адам болуп ал жерде үч сааттай жүрдүк. Алар ошол көчөттөрдү биздин аймакка тигишкен, муну каалаган учурда далилдей алабыз”.

Кыргыз-тажик чек арасы 800 чакырымдай аралыкты ээлейт, бирок Советтер Союзу таркагандан бери 20 жыл өтсө да, чек толук аныкталып бүтө элек. Акыркы эки жылда чек ара боюнча сүйлөшүүлөр такыр эле токтоп калды.

Чек араны тактоого кедерги болуп жаткан башкы жагдайлардын бири анын кайсыл карта менен аныкталышында болуп жатат. Эки өлкө эки башка жылы басылган картаны кармап, ошонун негизинде бөлүштүрүүгө кызыкдар.

Ал арада аймактагы кырдаалга көптөн бери көз салып келаткан байкоочулар жайдын келиши менен бул жерлерде эки улуттун ортосунда майда чыр-чатактар дагы көп болушу мүмкүн дешет. Анткени жер, суу талаштары өзгөчө жай мезгилинде күчөйт.

Тажикстандык эксперт Нематулло Мирсаидов: “Бир күн жер, суу, отун талаштын айынан чыгып жүрчү майда чатактар ири улуттар аралык жаңжалга айланып кетишинен Кудай сактасын, - дейт. - Андай болуп кетсе, анын кесепети өтө оор болот”.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Mayrambek Tagaev каяктан: Turkiya Istanbul
29.03.2011 18:09
Minday nerseni chechuu je but tamiri menen joyup saluu oto kiyin. Antkeni bul chir-chataktar tee murdatan ele SOys tarar mezgilinde bular orta asya ushunday kalsin dep atayin ushunday kilishkan oshondukta tuhstuk ozbek tajik menen tunduk kazaktar. kitaylar menen kiriliship chir chatak menen jurobuz negizi duynoluk sayasat ushunday karap korson indiya menen pakistandi Angliya sohondoy kildi/ afrikanin bir kancha olkosun fransya j-a bashka olkolor ushunday kilishkan . oshonduktan TARIHIN BILBEGEN KELECHEGIN BILE ALBAYT dep bekerinen aytilgan emes eken. andiktan ar biribiz tarih baraktarina koz chaptirishibi kerek!

кимден: Kesh
28.03.2011 17:30
Chek araga jakyn jerlerge shaarcha kurup, eldi socialdyk jaktan jashoogo jakshy shart tuzup bersek, suu, jol, svet, mektep Med punkt j.b.ubs nerselerdi akchany aiabai ele kurup berip koisok al jaka el ozu ele men jashaim dep churkap barmak.

кимден: Эрулан каяктан: Кыргызстан
28.03.2011 14:48
Жетекчилерге 1-кенеш: чек араны аныктоо учун биринчи стратегиялык оноктош тандоо зарыл.Менин оюмча Россия, Казакстан, Белоруссия, Турция,Туркмения б.э. Ачыгын айтканда "кун карама" саясат узакка узабайт. Тушунбогон суроо болсо бериниз,уялбаныз.

кимден: Бактыбек каяктан: москва
28.03.2011 04:43
Чынына келгенде мылжыйып жүргөн Акаев күнөөлү.Ошол кезде союз жаңы тарап республикалар дайнын тапай жүргөндө.Пайдаланып бөлүш керек эле.Эч ким эч нерсе дебейт эле.Казыр абдан кыйын болуп калды.Силер билип туруп урушсанар өкмөттү.Роза эже бара калса эле бөлүнүп калмак беле.Коммисия деген болот.Чек аара деген маселе баардык жерде чатак.Негизи генийлер бир тарап предметеринен күчтүү болуп, башка жактан таң калаштуу мүнөздөрү болот.Орустар атайын политтикадан ноль өзү айткандай я зеленый еще деген Акайевти апкелип койуптур да.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
27.03.2011 20:32
Бийликтин да,бийликке келем дегендердин да "стратегиялык планы" жок. Демек булар кантип упай топтосом деп журушкон,Кыргызстан журогундо жок адамдар. Эгерде ким олкого жетекчи болом десе менин почтама кайрылсын. Мен карап коруп страгиялык кенештерди берем. Кыргызстандын азыркы саясаты да туура эмес. erulan.kg@mail.ru
Пикирге жооп

кимден: самид мурза каяктан: РФ
29.03.2011 18:39
Ерулан сен эл башкарган адамдарга кенеш бергенден мурун созду туура жазып уйрон"страгия" эмес,стратегия,биз экообуз саясатка аралашпай койсок деле болмок окшойт.Кенешин озуно кереги тийип калышы мумкун жакшылап сакта макулбу.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
28.03.2011 04:27
блин эксперт табылган туура.

кимден: АЛМАЗ каяктан: МОСКВА
27.03.2011 18:01
чек ара маселеси бул оңой менен чечилчү маселе эмес жалгыз эле Отунбаеванын колунан келе койбойт илгери совет доорунда чечилсе оңой болмок ,жон эле президентке тийише бергенде майнап чыкпайт азыр кичине күтө туруш керек анан мамлекетибиз оңолуп күчүнө кирсе ошондо кана чек ара маселесин козгосок болот
Пикирге жооп

кимден: Самид Мурза каяктан: РФ
29.03.2011 13:32
Алмаз пикириңе кошула албайм,себеби, чек арасы жок мамлекет мамлекет эмес,Биринчи чек ара анан мамлекет болуш керек,болбосо биздин мекенибиз эл аралык террористердин полигонуна айланат "Баткен окуясын" билсең керек ошол да чек аранын жоктугунан болгон.сага "свежий" жаңылык эгер окубасаң:кыргыз-өзбек чек арасында биздин полковник менен подполковникти өзбек тарап кармап,жалган жалаа менен алып кирип түрмөгө камап коюшкан,сенин оюң боюнча биздин аскер кызматкерлери кыргызстан экономикалык жактан өнүкмөйүнчө өзбекстандын түрмөсүндө отуруш керекпи? Өзбекстанга жакын жайгашкан кыргыз аймактарына кирип,мал урдоо,ал гана эмес 7-8км кирип келип куралчан кыргыз жарандарына кол салган учурлар болгон ошондо да биздин бийлик кыймылдаган эмес.

кимден: Алмаз kg каяктан: Cтудент
27.03.2011 08:55
Чынында Кыргызстанда болуп жаткан, болуп откон кандуу окуяларга туздон-туз Убактылуу Окмоттун мучолору куноолуу. Мамлекеттин коопсуздугун оз мойнунарга алгандан кийин оз милдетиненрди так аткарбайсынарбы! Р.Отунбаева сиз бир туруп Америкага, бир туруп Россияга бара берип кыргыз элинин абройун жокко чыгарып салып жатасыз! Бийлик Окулдору Кыргызстан биринчиден коз карандысыз мамлекет ушул нерсени унутпаныздар! мен учун К.Бакиев татыктуу президент болот!!!!!

кимден: emir каяктан: korea
27.03.2011 07:55
Kyrgyz Askerleri.en tuura kadam jazashyptr.Egerde kyrgyzstan.Tajikstandan Ozbekstandan Kazakstandan korkso Anda 4ek aranyn emne keregi bar.blok postordy koiyup emne kylat..urush chygyp ketet dep korkon tyyra emes.urush bolso urush sogush bolso sogush.Saldat.oshol ychyn chegarda turat

кимден: Алмаз каяктан: Урал
27.03.2011 01:11
Кыргыз бийликтери чек ара масалесин эл алдындагы негизги милдети экенин сезсин!Тажикстан,атын очкур Озбекстан,Казахстан менен чек араны аныктап,бекемдоосу зарыл.Эске сала кетейин Оштогу орчундуу маселе Кемпирабад суу сактагычы.Бул аймак аркылуу элдуу Карасуу жана Жалалабад шаарларын туташтырган жол бар 3-5 км.Азыр озбек тарап чек араны бекиткенинен жол жабык.Бул аймакты кайрадан алсак Ош Жалалабад Озгон аркылуу жолу 50км он эсе кыскармак.Бишкек Ош жолу да.Келечекте бул аймакка троллейбус линиясын тартып,онуктурсо болот.Суу сактагычты да оз пайдабызга колмонмокпуз Аллах буйурса,Ал адилет Зат...
Пикирге жооп

кимден: жакыр уй булодон каяктан: Карасуу
27.03.2011 11:09
Бакиев элди укпады. Акаев айда жургонсуп такыр башкача эле. Эми умутубуз Роза эжеде. Роза эже капмирабаддагы проблеманы бир сиз чечпесениз башкасына ишенич калбай калды. Тащиевден баштап Текебаевге чейин баары популист, оратор.
Пикирге жооп

кимден: KgRus каяктан: Россия
27.03.2011 16:32
Азыр бизде жалпы эл популист и бул нерсе бизде боло берет бизде бийликте отургандарга майлуу-суттуу жер керек а улуттун бутундугу,биримдиги жана жогорудагы биз окуган чек ара койгойу эмес Роза эжен деле эч нерсе кыла албайт себеби мөөнөтү аз калды

кимден: Мамлекеттуулук каяктан: kyrgyzuchun@mail.ru
26.03.2011 21:37
Президентибиз Роза Отунбаевага, парламент торагасы Ахматбек Келдибековго, Премьер-министр Алмазбек Атамбаевге жана парламенттеги 5 партиянын лидерлеринен суранам. Чек-араны бекемдоо, чек-арага жакын аймактардагы титулдук улуттун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу маселесин кун тартибине койюунуздар. Жетишерлик акча болуп, территориялык бутундук маселесин чечиниздер. Кыргыз мамлекетин сактап калуу Сиздердин колунуздарда. Кыргызга кандай кызмат кылсаныздар тарыхта да атыныздар дал ошондой болуп калат.
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)