Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 02:53

Маданият

Фамилияны кыргызчалатуу мезгили келдиби?

Ушул тапта Кыргызстанда фамилияны эне тилге ылайык жазуу мезгили келдиби? Статистикалык эрежелерди бузбаш үчүн кандайча өзгөртүү зарыл? Дегеле кыргызча фамилия алып жүрүүгө кыргыздардын кызыкчылыгы барбы?

Даңазалуу ырчы жана композитор Нурак Абдыракман уулу өз шакирттери менен. 2009-жыл.
x
Даңазалуу ырчы жана композитор Нурак Абдыракман уулу өз шакирттери менен. 2009-жыл.
Текст көлөмү - +

Жогорку Кеңеш трибунасында туруп, Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын деректири Улан Мелисбек фамилияларды кыргызчалатууга чакырды.

Анын зарылдыгы жөнүндө өзү мындай дейт:

- Казактарды эле карабайлыбы. Казак паспортунун орусча барагында “Нурсултан Абишевич Назарбаев”, ал эми казакча барагында “Нурсултан Абиш уулу Назарбай” экен. Бул эл аралык ченемдерге да туура келет. Биз, кыргыздар, эмне үчүн андай кылбайбыз? Ким тоскоолдук кылып атат?

Улан Мелисбектин сунушун туура көргөндөр да, туура эмес кабыл алгандар да болду.

Депутат Нарынбек Молдобаев Улан Мелисбекти кээде Мелисбек Улан деп да айтышарын, кайсынысы фамилиясы, кайсынысы аты экендигин боолголош кыйын экендигин эскертти.

Андай жагдайларга карата Улан Мелисбек Барак Обаманы мисал тута коёт.

- Элдин бардыгы Барак – аты экендигин, Обама – фамилиясы экендигин жакшы билет, демек, биздикин деле боолголош кыйын эмес.

Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын деректири Улан Мелисбек фамилияга эч кандай мүчө, сөз уланбаса жакшы болорун, буга чейин фамилияларын кыргызчалаган кыргыздарда чаташуулар көп экендигин баса көрсөттү:

- Мамлекеттик статистика системасын бузбашыбыз керек. Фамилияларга “кызы”, "уулу", “тегин” дегендерди кошуп жазганда – туура болбойт. Аларды фамилияга эмес, атасынын атына уласа мейли. Анткени фамилия өзгөрбөй калыш керек да, атасынын аты өзгөрө берсе - эч нерсе болбойт.

Азыркы кыргыздардын фамилияларын кыргызчалатуунун башка элге окшобогон жолу бар деп эсептейт, Бишкек шаар тургуну Медет Нураков.

Анын баамдоосунда, кыргыздар патриотторду ээрчип фамилияларын кыргызчалабайт. Андан көрө бийликтегилер өзгөртүп кирсе – бардыгы өзгөртө баштамак.

Фамилиясында орустун “ов”, “ев” деген фамилиялык белгилери жокторду Орусияда каттоого албай кыйнап жатышкандыгы да кыргызча фамилия алууну каалагандардын мизин суутуп койду деген пикирин Таштан Чакиев ортого салды.

Акын Афина Бакирова болсо ошол Орусия сыяктуу өлкөлөргө жаран кылып кетирбеш үчүн кыргыздардын фамилияларын толук кыргызчалатуу зарыл деген ойдо.

Ал эми кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылык-нур кыргыздардын фамилиялык белгиси катары өзгөчө бир сунуш менен чыккан:

- Кыргыз элинин түбү – нур тукуму, күн эли. “Күн” деген нурлуу сөз жүрүп отуруп кийин “гун”, “хун” болуп кеткен экен. Мына түбүбүз ушундай болгондон кийин, анан нур тукуму деп аталып аткандан кийин касиеттүүлүктү өзүбүзгө сиңириш үчүн “нур” деген сөздү биз, кыргыздар, фамилиялык белги кылып алышыбыз керек. Ошон үчүн мен соңку китептеримди “Асан Жакшылык-нур” деген ат, фамилия менен чыгардым. Элге тарап кетсе армяндардын “-ян” дегениндей, грузиндердин “-дзе” дегениндей – кайдан учураса да кыргыз экенин дароо билип турмакпыз.

Канткен менен кыргызча фамилия түзүү, ага көчүү жагы учурда талкууга коюлушу зарыл белем.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: baxa каяктан: Moscow
20.01.2010 21:44
Улуу Урматтуу Кыргыздар фамилия же ат кеп эмес андан көрө өлкөгө Орусияданбы Же Америкаданбы инвесторлорду чакырып экономиканы оңдош керек. Жок дегенде ар бир Кыргыз баласы, фамилиясына же атына карабай бирден кичи фирманы башкарып өз туугандарын жана калкты иш м-н камсыз кылса. Андан кийин бөлөк эл жөн эле Кыргыз экениңди айтырбай тааныйт. Жеке пикир.

кимден: Timur каяктан: Ismayil
19.01.2010 20:58
Men bul kabarlardi okuganda men da pikirimdi sunayin dedim. Tuura Kırgızdar familyasın almashtırıshsın. Biyakta menin sunushum Familya degendin orduna Kırgızcha SOYU ce TEGİ degen söz oturush kerek. Pasaportko men sunush kılgan SOYU ce TEGİ degen söz FAMİLYA degen sozdun orduna oturushu kerek.Familya degen söz bizdiki emes eskiden tarıhta KIRGIZDAR Soyun kim dep surashkan.

кимден: немис каяктан: Германия
19.01.2010 17:12
Ушул шеринедеги пикирлерди окуп отуруп Асан-теги Кадыр Үсөн-уулу (Үсөн кызы) деген ысымдын аталышы кулакка жакшы угулат экен, башкаларга салыштырмалуу (жеке ойумда). Бирок сызыкчасы жок эле жазылса, жакшы да көрүнөт. Бул ысымдардын аталышы чет өлкөгө барганга да жарайт, өзгөчө анкета толтурганда да жакшы туура келет экен. Бирок эң негизгиси, кыргыз өкмөтү кыргызча ысымдын аталышын Кыргызстанда мыйзамдаштырган учурда, аны сөзсүз түрдө, создуктурбай эл аралык деңгээлде, башка мамлекеттер менен ратификациялап койуш керек, ансыз чет өлкөгө барууда, паспорттук текшерүүдөн өтүүдө проблемалар кыргыз жарандарын кыйнап койот.

кимден: Атабаев Аскар
19.01.2010 10:12
Дын, дин, дун дегенди кошуш керек. Мисалы Атабайдын Аскар депчи блин.

кимден: Barsbek Kyrgyz каяктан: Bishkek
18.01.2010 23:10
Эң жакшы маселе айтылып чыккан. Мен муну колдойм. Ушул маселе качан көтөрүлүп, биз качан орустардын фамилиясына окшобой өзүбүздүн тилибизге туура келген фамилияны алат экенбиз деп күтүп жүргөм. Кыргызга таандык экени билинген фамилияны алуубуз туура болот.

Англичаниндер "son" деген мүчөнү улап бирге жазгандай (мисалы: Jackson), биз да кабыл алынган мүчөнү фамилияга улап бирге жазуубуз керек, жазууда чаташтык болбош учун. арасына тире коюп же болуп жазуу анча деле жакшы болбойт.
Мисалы "теги" же "тегин" деген мүчөнү алсак болот, "Култегин", Чоротегин", "Усуптегин" дегендей. Эч кандай мүчө улабай аттын өзүн жазсак да анча жакшы болбой калат, мындай форма кээбир өлкөлөрдүн фамилиясына окшоп калат. Америкалыктарга, Түркиялыктарга, ж.б. Анын жанында ар кандай чаташтырууну жаратышы мүмкүн.
Нарынбек Молдобаев сыяктуулар чаташтырбаш үчүн.
Дагы бир форма болгон "уулу", "кызы" дегендерди атасынын атына гана кошуш керек, буларды жеке фамилияга кошпош керек. Россия сыяктуу өлкөлөр чаташтырбаш үчүн. Гурзиндер "дзе", Орустар "ов", "ев", Татарлар "улин", Армяндар "ян" дегендей биз да өз фамилиябызды туура жазууга убакыт жетти.

кимден: Sovetbek
18.01.2010 21:42
ев ов эле жакшы. Бин Ладен койсок маңкурт эмес да, ов ев маңкурт бекен?

кимден: Temirlan каяктан: Ankara
18.01.2010 20:50
Kirgizdardin ata teginin OV,EV menen ayaktahi orustardın orto azia elin mankurttashtiruu uchun kilingan ish bolgon. Ata tegin, ozunun ati jonun, tarihin, madaniyatin unutturuunun bir kadami bilgon. Bizdin koptogon mankurttar dagi dele esine kele albay jatat.... Ramatilik Chingiz agabiz munu sovettik doordo ele jazip koygon... Elibizdin mankurttuktan kutula albay jatkanın ushundan bilseniz bolot, baaribiz ele Kilim Karitar Bir Kun romanin okusak kerek, birok arabizdan kancha kishi sabak aldi....

кимден: bakyt каяктан: Stockholm
18.01.2010 14:46
Мен уулу деген фамилия менен жүрөм. Бирок бул жакта кичине түшүнүксүздүк болуп калат экен. Четте программаларга тапшырууда үч атты жазганга орун берилет (биринчи же берилген ат, ортоңку ат, анан акыркы атына). Мен толтурууда өз атымды жазам, анан экинчи атына уулу туш келип же экөөнү бир жазсаң клеткаларга батпай, үчүнчү ат жок болуп түшүнүксүз болуп калат. Мага дагы келген каттар урматтуу УУЛУ деп өз атым жок келет. Мен кайрадан советтик фамилияга эле өтсөм деген оюм бар. Бул менин жекече оюм.

кимден: Нурбек каяктан: Маскоо
18.01.2010 14:06
Нарынбеке (Молдобаев - депутат) окшогон кишилердин сүйлөгөнүн укканда, күйбөгөн жерин күл болот да. Ушул кантип элдик депутат болсун, Улан Мелисбекке - өз атың кайда, атаңын аты кайда - деп суроо берген. - Биз "евди" алып койсок фамилиябыз менен атыбызды чаташтырып алабыз дегени да бул. Эми орустардын "чеңгелинен" чыкканыбызга мына 20 жыл болуп калса да эмигече ошонун баркына жетпей келебиз. Орус тилин официалдуу тил кылып аркалап келебиз. Орустар таарынып кетип калат деп, коркуп. Ала Тоодо жашап жаткан орустарды кармап турган нерсе бул - орус тилинин мамлекеттик тил экенинде эмес, алардын кеткенге мүмкүнчүлүгү жоктугунда же, алардын ар кандай биздин өлкөдөгү финансылык кызыкчылыктарында. Кетчүлөрү эбак эле кетип калышкан. Эми качанга чейин эле орустарды таарынтып алабыз деп алаңдап, көз каранды болуп турмуш кылабыз? Колдон келсе алар мен сый болуп, мисалы жапондор, корейлер, немистер, америкалыктар менен алакабызды өрчүткөнүбүз оң. Эми кайра ысым маселесине келсек Улан мырза аябай туура маселе көтөрүп жатыптыр, мен аны 100 пайыз колдойм. Бийликти бир элинин эртеңкисин ойлогон азамат болгондо, бүгүн баары кыргызча болмок да (башында арийне кыйынчылыктар болот эле..), эмигече эне тилибиз кадыресе жанданып калмак. Ысмайыл байке (Ысак уулу) аскерлердин рапортторун баарын кыргызчалатып койду эле, мына таптаныкай эле болуп турмушка аралашып кетти го. Негизгиси айтаарым, сөз ишке ашпай келе жаткан биздин көйгөйлөрүбүз биздин өзүбүздүн мококтугубуздан болуп жатат. Буга да убакыт келеер, туугандар. Биз күткөн бийлик, президентте да чыгаар.

кимден: Американес
18.01.2010 12:20
Мени грузиндер, армяндар не волнует. Менин фамилиямдын жарымы арабча жарымы орусча кала берет. Бул менин тарыхым жана нагызым. Балдарыма балким эски туркчо ат коем. Бакыт сакыт депчи.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)