Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:11

Салижандын шаңкылдаган күлкүсүнөн: 3-шиңгил


Салижан Жигитов (1936-2006) "Азаттыктын" бюросунун кеңсесинде.
Салижан Жигитов (1936-2006) "Азаттыктын" бюросунун кеңсесинде.

Айтылуу окумуштуу, адабиятчы, сынчы жана коомдук ишмер Салижан Жигитов (1936-2006) агайдын эл оозунда калган азилдери жана чучукка жеткендей сын кептери болочокку муундарга да сабак болчудай. Үчүнчү шиңгил.

Илгери өткөн кылымдын жетимишинчи жылдарында Чыңгыз Айтматовдун атак-даңкы таш жарып турган чагында Кыргыз сыналгысы (азыркы КТРК) Ч.Айтматовдон интервью алууну пландаштырат.
Бул сый-урматтуу ишти Салижан Жигитовго жүктөшөт.
Сыналгыдан кеч чыгышат. Дароо үйлөрүнө жөнөп кетишпей, калган аңгемени көчөдөн улантышып, көпкө туруп калышат.
- Ие, Салижан - дейт Чыке, - Бу, мен аяк-буякта командировкалап көп жүрүп, убактым болбой, бизден кийинки жаштардын чыгармаларын окуй албай жүрөм. Деги чыныңды айтчы, бизден кийинки жаштардын дүбүртү кандай? - десе, жообу даяр, шайыр Сакем:
- Чыке, бир коркпоңуз. Артыңыз жымжырт, - деп каткырган экен.

* * *

Чыке менен Саке телестудиянын алдында көпкө аркы-терки басышып, аңгемелешип, канча убакыт өткөнүн да байкабай калышат. Бир маалда Чыке саатын карап:
- Ой, Саке, кеч болуп калган турбайбы, кетели, - деп калдалаңдап шашып калат.
- Жүр, мен жеткирип коеюн, - деп Чыке кызмат "Волгасынын" арткы эшигин ачып, Сакеге "кел, түш" дегендей ишарат кылат.
- Жок, түшпөйм - деп Саке кетенчиктеп, артка кетет.
- Сага эмне болду? - деп Чыке түшүнө албай чочуп кетет.
- Сенин машинеңе эмес, керек болсо кезинде Чыңгыз Айтматовдун машинесине түшпөй койгом деп кийин айта жүргөнгө жакшы, - деп адатынча карсылдап каткырып тамашалап күлгөн экен.

* * *

Академик, профессорлор арасынан ким бирөөсү:
- Э, Салижан, башка окумуштуулардын баарыле 10-15тен аспиранттарды чыгарды, а сен Искендер Жумабаевден башка эч бир аспирант тарбиялабапсың да, - десе Сакебиз:
- Ит менен арстандын айырмасы эмнеде? Иттин тукуму көп, арстандыкы бирөө эле болот, - деп жаагын жап кылыптыр.

* * *

Кайсыл бир жылдары адабий томдуктарга жазылуу абдан мода болуп кетпеди беле. Анан бир күнү Салижан акеге Ош университетинин бир профессору конокко келип, чай үстүндө Толстойдун он томдугун, Хэмингуэйдин төрт томдугун алганын айтып мактана кетти дейт. Аны угуп "ии, жакшы, жакшы" деп отурган Салижан аке бир оокумда тигиге: "Эми мунун баарын окуп чыкканга бир мээ да сатып алыш керек болот турбайбы", - деп хахалап күлүптүр.

* * *

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев айтып берди эле. "Бир күнү келатсам алдыман Салижан аке чыгып калып экөөбүз чогуу бастык. Салижан аке, каяктан келатасыз десем "Бир халтурщик акын бар эле, ошону кыргыз адабиятына кайра келгис кылып көөмп келатам"- деп Каныбектин боорун эзиптир.

* * *

Салижан аке Өзбекстанга элчи болуп барса ал жакта 22 чет мамлекеттин элчилиги бар экен. Ошолордун ичинен өзбекче билген бир гана Салижан аке турбайбы.
Ошонун аркасы менен абдан популярдуу болуп кеткен Салижан акенин кабинетинен, айрыкча, дипломаттык кабыл алуу, банкеттер болгондо журналисттердин, чиновниктердин буту үзүлбөйт дейт, орусу болобу, өзбегиби, башкасыбы? айтор, Салижан акени айланчыктап...
Көрсө Сакең жанагыларга шайыр анекдоттордон айтып, боорун эзип, айтор өзүнө абдан байлап алган экен да.

Бир күнү Шараф Рашидовдун тышкы иштер министри болуп иштеген күйөө баласы:
"Салижан ака, анекдотуңуздан битта шиңгил таштап коюң" деп таза суранып калбаспы.
Ошондо Сакеңдин айтып берген аңгидоту бул:
"Еврей туулганда андан сурашкан экен, бул жарык жашоого эмне максат менен келдиң? деп. Еврей айтыптыр, билим алып, байлык топтоп, адамзатты башкарганга келдим дептир. Орустардан бала төрөлүп, андан сурашса, бул дүйнөгө арак ичип, ойноп кеткени келдим дептир орустун баласы. Өзбек төрөлүп, бул дүйнөгө нимага келдиң дешип ага да суроо узатышат. Өзбек болсо: " Бу дүйнөгө Ислам Абдуганиевичтин беш принцибин аткарганы келдим" дейт имиш.

Анекдот бутага дал тийген окшойт, ошондон 5 айдан кийин эле нота келип, Салижан аке элчилик кызматтан чакырылып алынган экен.

* * *
Кыргызстан жаңы эгемендикке жетишкен жылдары Түркиядан делегация келип, Бишкекти кыдырып көрүп жүрүшөт. Аларды коштоп жүргөндөрдүн ичинде Салижан Жигитов да бар. Көпкө кыдырышкан соң коноктордун бири түрк тилин мыкты билген Салижан акеге : "Силерди канча жылдар бою орустар эзип келгени көрүнүп турат, караңызчы, борбор шаарыңыздар го жакшы жерде жайгашыптыр, бирок архитектуралык жасалгасы өтө эле көзгө комсоо экен, өңчөй бозоргон, бир кылка имараттарды кура беришиптир , - десе, Салижан аке: - Ой, гардаш, орустар бизди эмес, жетимиш жыл бою биз аларды эздик, шаарларды, завод -фабрикаларды курдурдук, жол салдырдык, ушул шаарды да ошолор курган, кыскасы болгон иштин баарын жасатып алдык, мына эми биздин эзүүдөн кутулуп, өз өлкөсүнө кетип жатышат, - дебеспи. Анда таң кала түшкөн түрк : - Орустар го кетип жатыптыр, эми кимди эзесиңер?- деп сураса , Салижан аке: - Силер келип жатпайсыңарбы, эми силерди эзебиз,- дейт имиш шак эле.

* * * * *

Булак: "Жаңы Кыргызстан маданияты" гезити.
XS
SM
MD
LG