Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

Исаев-Төрөбаев: мансап талаш


Атаандаштар.
Атаандаштар.

Бүгүн чыккан кыргыз гезиттери спикердин ордуна талпынган талапкерлер, Борбор Азиядагы суу маселеси ж.б. саясий, коомдук-социалдык маселелер тууралуу жазышты.

Журналист Мырзакат Тыналиев ушу күндөрү парламенттин башчылыгын депутаттар Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаев талашып, бири-бирин жеңе албай жатканын, илгертен бери эки адамдын эрөөлүнөн майнап чыкпаса, үчүнчүсү чыгарын, бул жагдайда депутаттык фракциянын лидери Чыныбай Турсунбековдун аты атала калып жатканы бекер жерден эместигин, бирок көпчүлүк коалициядагы дагы бир партиянын лидери Өмүрбек Текебаевдин спикер болууга ниети жок экендигине эч ким кепилдик бере албастыгын, ал ортодо парламенттик оппозиция да оюн создуккан сайын, спикердин орду аларга тийип калуусунан үмүт кыла баштаганын жаңы жарык көргөн “Кыргыз Туусу” гезитине жазып чыкты.

Аталган гезиттен президент Алмазбек Атамбаев кимдерди кабыл алып, эмнелер жөнүндө сүйлөшкөнүн, кандай тапшырмаларды бергенин, премьер-министр өкмөттөгү иштин башкы багыттарын аныктап, тиешелүү жетекчилерге көрсөтмө бергенин, Чыңгыз Айдарбеков Жапонияга элчиликке дайындалса, кесиби журналист Толгонай Стамалиева жаңы түзүлгөн өкмөттүн аппаратынын маалыматты камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалганын окуйсуздар.

“Кыргыз Туусунун” бүгүнкү санынан Азимжан Ибраимовдун “Өсүш да бар, өкүт да бар” деген макаласы жарык көрдү. Жыпар Исабаеванын макаласы Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын кире бериши оңдолгонуна арналып, ага байланыштуу өткөн иш-чарага Эл баатыры Бексултан Жакиев катышып, театр имараты 1951-жылы курулган бойдон ремонт көрбөгөндүгүнө карабастан артисттер мыкты спектаклдерди коюп келгенин белгилеп чыгармачыл жамаатка ыраазылыгын айтса, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шернияз сөзүндө өкмөттүн, башка чиновниктердин колунан келбей турган кезде колун сунуп, үйү жок жүргөн Кыргыз Эл артисти Чоро Думанаевге квартира берген, эми минтип карайлап калган театрдын кабыл алчу жерин оңдоп берген Имамидин Ташов деген жигитке ыраазылык билдирип, керек болсо ушундай жигиттерди мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү керектигин айтуу менен театрга парламенттин атынан жеңил автомобилдин ачкычын тапшырганын окуп, Шекербек Калыковдун “Этностор ынтымагы бакубат жашоонун булагы” деген, Бермет Маткеримованын “Бир тууганы бир тууганын сатып жибергендер бар” деген, Жыпар Акунованын “Эки жыл ичиндеги Оштогу өзгөрүүлөр” деген, Жайыл Руслановдун “Артистин аялы болуш кордукпу?” деген макалалары менен таанышасыздар.

“Искра” гезити Минскидеги Жаныш Бакиевдин гезиттин башкы редактору Адилет Айтикеевге берген маеги “Кетирген кемчиликтерим үчүн касиеттүү кыргыз элинен ийилип кечирип сурайм!” деген аталыш менен жарык көрүп, маек гезиттин алты бетин ээледи жана Жаныш Бакиевдин кимдер менен түшкөн сүрөттөрү кошо жарыяланды.

Жазуучу Көчкөн Сактановдун тарыхый очерки “Раззаков кызматтан кандайча алынган?” деген ат менен тартууланды. Мамыт Максатбековдун макаласы “Канат Исаев - спикерлик орунга эмнеси менен артыкчылыктуу?” деп аталса, укук коргоочу Качкын Булатовдун макаласы “Амалкөй адамдын кан төгүүсү” деп аталды.

Адилет Айтикеевдин дагы бир макаласы “Майрам Акаеванын келечекке көргөн камкордугу” деп аталып, Майрам Акаеванын тушунда “Мээрим” фонду кандай гана жакшы иштерди жасап турганын кеп кылып, күчтүү мектептердин катарына кирген Герман Гмайнер атындагы мектеп-гимназия, Ысык-Көлдөгү “Алтын балалык” комплекси, SOS балдар айылы” комплекси учурунда мамлекеттен бир тыйын албастан курулганын, Курманбек Бакиев бийликке келгенде “Мээрим” фонду боюнча 44 кылмыш иши ачылып, эч нерсе таппагандыктан жабылганын жазып чыкты.

“Фабула” гезити Үсөн Касыбековдун “Жакалашып жаткан Бакыт Төрөбаев менен Канат Исаев” деген макаласын жарыя кылды. Автор Социал-демократтар фракциясынын мүчөлөрү жыйындагы кеңешип-талашуудан чыккан жыйынтык боюнча прессага кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартып жатканын, фракция лидери Чыныбай Турсунбеков эки талапкердин – Бакыт Төрөбаев менен Канат Исаевдин ортосундагы сүйлөшүүлөр улантыла турган болду деген бүдөмүк сөздүн башын кылтыйтуу менен чектелип жатканын, ошентип социал демократтардын эки анжы абалда турушу спикердик орунду талашуу маселесине кошумча интригаларды киргизип жатканын жазып чыкты.

Үсөн Касыбеков андан ары Төрөбаев менен Исаевдин үстүнөн айрым прессалар төбөлөрүнөн ылдый “жугунду” куюп киришкенин, экөө болсо финансылык ресурстарын аябастан салгылашып жатканын, минтип эки талапкердин жакалашуусу депутаттык корпуска да, парламентке да, жөн эле бүгүн бар, эртең жок бийлик талаш, мансап талаш адам катары да экөөнүн келечегине эч кандай пайда алып келбестигин айтты.

“Фабула” гезитиндеги “Коңшулар Камбар-Атанын курулушуна неге каршы?” аттуу макаласында журналист Тынчтык Алтымышев өткөн жумада Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Өзбекстанга барып президент Ислам Каримов менен жолукканын, коңшу эки өлкөнүн башчылары Кыргызстандын Камбар-Ата 1-2-ГЭСтерин куруп жатышын сыпайы сынга алып, казак тарап башын ийкеп, өзбек тараптын мүдөөсүн колдоп отурганын, алардын ою боюнча Кыргызстандын Сыр-Дарыяны бойлото ГЭСтерди салып, суу тосмологону жалпы Орто Азиянын кызыкчылыгына каршы келген өзүмбилемдикке жатарын айтышканын, бирок Камбар-Ата ГЭСтеринин курулушунан Өзбекстан да, Казакстан да эч кандай зыян тартпай тургандыгын, бул долбоорлор СССР убагында эле ошол Орто Азия республикаларынын кызыкчылыгына дал келгендей иштелип чыкканын энергетика тармагынын аки-чүкүсүн эки президенттен жакшы билген эксперттер какшап келатканын кеп кылды. Журналист Тынчтык Алтымышев андан ары Өзбекстан негизги каражаттын 40 пайызын айыл чарбасынан алса, жыл сайын 15-18 млн. тонна экспортко чыгуучу жашылча-жемишинин түшүмү Кыргызстандан алган сууга көз каранды экенидигин, эгер эки эле күн пахта талаасы суусуз калса, Өзбекстан бир жылдык түшүмдөн кол жууй турганын, Кыргызстан болсо коңшуларга сууну канча кааласа ошончо берип келатканын, анан карыганда акыл айтуунун ордуна эки аксакалдын кылтыңдап турганы өздөрүнүн саясатына жакканы менен Кудайга жакпаган иш экендигин кеп кылды.

“Фабула” гезити ошондой эле “Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков ишеничти актап, ишти тартып кете алабы?” деген Мирлан Алымбаев уюштурган ой-пикирлердин топтомун сунуш кылды.

Коомдук ишмер Жусупжан Жээнбеков: Чарбачыл, тажырбайсы бар, бардык тпекичтерди басып өткөн. Эми ага күчтүү команда керек, азырынча ийгилик каалап туралы,- деп;

Мурдагы депутат Надира Нарматова: Ажыга барып келген. Кудайдан коркуп, таза иштейт деп ойлойм,- деп;

Тарыхчы Айнура Арзыматова: Таза иштейт го деп ойлоп турам. Бизнеске да аралашпаптыр. Ал эми Бабанов менен Сариевдер бизнесмен болчу да. Негизи бизнесмендерди өкмөт башына алып келбеш керек. Анткени баары бир өкмөттүн ишинен өзүнүн бизнесин артык коюп жиберишет экен, - деп;

Саясатчы Темирбек Асанбеков: - Жээнбековду адамдык сапаттары жогору адам катары баалайм. Саясий системаны өзгөртүп, экономикага тоскоолдук кылган саясий топторду бийлик бутагынан четтетмейин ишти оңош кыйын, - деп;

Жеке ишкер Чолпон Осмонова: Буюрса, Кыргызстан оңолот, - деп,

Депутат Саматбек Ибраев: Сооронбай Жээнбековду бүт Кыргызстан билет, өтө иштемчил, таза адам. Интригага да аралашкан эмес. Коррупция менен да күнөөлөнгөн эмес. Элеттин, элдин турмушун жакшы билет. Буюрса өлкөбүздө көп жакшы өзгөрүүлөр болот деген ишеничтебиз, - деп жооп берди.

“Фабуланын” бүгүнкү санынан филолог Жылдыз Медералиеванын “Алфавитибизге реформанын эч кереги жок” деген, журналист Сабыр Муканбетовдун “Канатбек Исаев - саясатта да, мамлекеттик иште да такшалды” деген макалаларын, “Сирияга барганыма миллион жолу өкүндүм” деген котормону окуйсуздар.

“Вечерний Бишкек” гезити “Стратегиялык өнөктөш” деген рубриканын алдында Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирлигинин ортосундагы президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун энергетика министри жетектеген араб делагациясы менен жолукканын, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча өтө маанилүү сүйлөшүүлөр болгонун Александра Василькованын макаласынан окуйсуздар. Журналист Азамат Касыбековдун макаласы мектеп үчүн ата-энелер чогулткан акча маселесине арналды.

XS
SM
MD
LG