Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:54

Гезиттер: балдарынын тапканын атасы уттурду


Кыргыз гезиттери.
Кыргыз гезиттери.

Бүгүн жарык көргөн гезиттердин баары Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы болуп Чыныбай Турсунбековдун көпчүлүк добуш менен шайланышын жазып чыгышты. Бейшембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

Ноокаттык Абдыразак Бакиров “Гипер-4” лотереясын ойнойм деп, балдары 16 жылдан бери чет өлкөдө иштеп таап жөнөткөн 1 миллиондон ашуун акчасын уттуруп жиберип, үйдөгүлөрүнүн бетин карай албай калганын, лотерея оюнун реклама кылгандар 8 млн. сом утуп алсаңар болот дегенинен колундагы акчаны дагы көбөйтөйүн деп ойлоп ушул балээге туш болгонун, азыр ооруп калганын жазып президентке кайрылган катын бүгүн жарык көргөн “ПолитКлиника” гезити басып чыкты.

Ушул эле гезит “Турсунбай Бакир уулу 19 жаштагы дагы бир жаш кызга үйлөндү” деп кабарлады.

Президенттин кеңешчиси Бусурманкул Табалдиев кечээ кыргыз телесинен сүйлөп, Азимжан Аскаровдун айланасындагы акыркы кырдаал Башмыйзамды өзгөртүүгө түрткү берип жатканы боюнча айтты. Ага карата пикирин билдирген саясат таануучу Бакыт Бакетаев да:​"Башмыйзамды өзгөртүп жаткан 2010-жылы аянтта кыйкырып жүргөндөр да комиссияга мүчө болуп алган. Ал Конституциялык кеңештин мүчөлөрүнүн 50 пайызын бейөкмөт уюмдары түзгөн. Ошондуктан Башмыйзам бейөкмөт уюмдарынын кызыкчылыгын көбүрөөк көздөп, улуттук кызыкчылыктар экинчи планда калып калган. Ошон үчүн Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароого мажбур болуп олтурабыз. Ошондуктан азыркы Конституцияны тез арада өзгөртүү керек", деп айтты.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Жеңип чыккан партия жоопкерчиликти мойнуна алсын, биз андан сурап алгыдай бололу” деди.

Акылбек Чынтемиров макаласын “Элдик парламенттин” мүчөсү бул бирикме Акаев менен Бакиевдин долбоору экенин аныктады” деп атаса, экс-депутат Ыргал Кадыралиева маегин “Жаныш Бакиев агамды өлтүрүүгө буйрук берген, келип жазасын өтөп, күнөөлөрүн жеңилдетсин” деп билдирип, ​"Ооба, агамды аткан Алтынбек Итибаев, айдоочусу Раатбек деген жигит, тапанчаны, машинаны, өлтүрүүнү даярдаган Мурас Матишев, аларды уюштурган Алманбет Анапияев, ал эми өлтүрүүгө буйрук берген Жаныбек Салиевич Бакиев", деп айтып чыкты.

Сиздер “ПолитКлиника” гезитинин бүгүнкү санынан Айгүл Бакееванын “Салижан Жигитов - кыргыздын улуу инсаны” деген макаласын, “Аю холдинг” компаниясынын вице-президенти Балбак Түлөбаевдин “Шаршенбек Абдыкеримовдун сепаратисттерге тиешеси жок” деген, белгилүү ырчы Токтобек Асаналиевдин чыгармачылыгы боюнча маегин жана башка макала, кабарларды окуйсуздар.

“Азия ньюс” гезити журналист Кенжебек Арыкбаевдин “Жол ачкыла, “жогоркулар” келатат” деген макаласы менен жаңы санын ачты. “Республика” гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкованын маеги “Бийликке конструктивдүү сын пикир айтканды үйрөнөлү” деп атап, сөз эркиндиги, журналисттердин бири-бири менен тилектештиги, чындыкты жазууну үйрөнүү, КТРды элдик теле кылабыз деген менен кайра эле "кара жашикке" айланып калганы жана башка маселелер тууралуу бир топ жүйөлүү ойлорун билдирди. Данияр Нарымбаевдин жубайы, журналист Динара Суймалиева калп маалымат таратып, күйөөсүн коррупционер атагандарды сотко берерин, мисалы Нариман Түлеевдин коомдук коргоочусу Качкын Булатов Даниярды коррупционер деп өзү тизмелеп алган мүлктөрдү атаганын, бирок мунун баары калп экенин, ал санаган мүлктөрдүн ичинен бар болгон мүлк - ага таандык квартира гана экендигин, кийин беттеше келгенде Булатов жүйөлүү эчтеке айталбай кайдадыр качып жоголгонун айтып берди.

Саясый баяндамачы, коомдук ишмер Сабыр Муканбетов журналист Бегимай Бакашевага берген маегин “Талгарбековдун ламбадасы” деп атады. Белгилүү юрист Бекибай Мамытовдун суроолорго жообу да сандан-санга басылууда.

“Асман плюс” гезитине депутат Лунара Мамытова “Балдарын таштап кеткен эркек үчүн уят өлүмдөн да катуу болушу керек” деп маек берди. Жаз-Айым Айдекова даярдаган бет Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл драма театрынын Бишкектеги гастролуна арналды. Журналист Динара Бейшеналиеванын макаласы “Раззаков сыйлаган эл уулу Абдыкаар аксакал” деген ат менен тартууланды. Академик Лариса Асанбекованын макаласы “Кармага кабылгың келбесе жаман ойду ойлобо” деп, Алеся Райымкулованын макаласы “Куудулдарды уткан журналист айымдар” деп аталды.

“Асман плюстун" жаңы санында жазуучу Чолпон Субакожоеванын “Манас-Асман” эмгегин басуу уланууда. Сабира Эшенкулова Жалал-Абад шаарындагы “Жалал-Абад” санаторийи тууралуу кеп салды. Динара Бейшеналиеванын Үркүндүн 100 жылдыгына карата “Күйөөсүн Кытайдан бери көтөрүп келген келин” деген баяны да сандан-санга жарыяланууда.

XS
SM
MD
LG