Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:08

Ахмадийлер менен салафийлердин тиреши


Кыргыз гезиттери
Кыргыз гезиттери

Апта соңундагы кыргыз басылмаларына Шайлообек сереп.

“Жаңы агым” гезитинде журналист Нурмухаммед Жумабековдун депутат Жанар Акаев, мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев менен маеги басылды. Белгилүү илимпоз Каныбек Осмоналиев диний жагдайга токтолуп, ислам дининин бир гана булагы - Куран болуп саналарын, 7-кылымдан бери келаткан исламды биринчи кезекте арабдар өздөрү сунниттер жана шийиттер деп экиге бөлгөнүн, андан ар түрдүү агымдар чыгып, дагы бөлүнгөнүн, кыргыз эч качан фанат мусулман болбогонун, эч кандай мечит менен иши жок эле куранды боз үйүнөн деле окуй бергенин, анан жамаат дегени чыгып, анысын бизге таңуулаганын, азыр диний билим алган жаштар мамлекет тарабынан эч кандай көзөмөлгө алынбай калганын, 80 медресенин 80 түрдүү багыты барын, он медресе Сауд Арабиянын, дагы он медресе Пакистандын саясатын, дагы башкасы башканыкын жүргүзүп келатканын, коркунучту жакшы түшүнгөн Тажикстан диний ажырымга жакында катуу тыюу салганын, ал эми бизде кечээ эле Оштун Кара-Суу районунун Кашкар кыштагында эки салафий жигит, бир ахмадий жигитти союп салганын, бул согуш бир Кураны бар бир диндин же бир исламдын ичинде башталып жатканын, муну жоюунун бир гана жолу - туура билим берүү экенин айтып берди.

“Фабула” гезитине көрүнүктүү түрколог окумуштуу, Улуттук энциклопедиянын башкы редакторунун орунбасары Четин Жумагуловдун “Термин “жасоодогу” алаңгазарлыкты качан токтотобуз?” деген абдан актуалдуу макаласы жарыяланды. Тилчи окумуштуу макаласында башка тилден кирген сөздөрдү жалаң кыргызча кылабыз деген оорукчан ой менен дөөрүй баштаганыбызды, так сүйлөө ордуна тантып калганыбызды, профессор агабыз, “сөз жасагычтар” авторду - жараткер, пенсияны - бааракы, үзүргү, пенсионерди - бааргер, үзүргер, стипендияны - сүйөмө, слесарды - оңдогуч, батареяны - жылытуучу меш, карточкаларды - дүмүрчөктөр, пакеттерди - топтомдор, трибунаны - минбар, шлангды - ийкем түтүк, насосту - чоң кыскыч соргуч, заказды - тапшырык, конвойду - айдап келүү деп “которуп”, тамтаңдаган сөздөрдү таңуулап жатышканын, бул сунуш кылынган сөздөр тилди байытпай эле кайра бузуп жок кыларын, кыргыз тилин мына ушундай жол менен жок кылуучулар сунуштагандай “батереяны - жылытуучу меш” деп алсак, анда радиоприемникке салынуучу батареяларды да “жылытуучу мештер” деп, же “сүйлөтүүчү мештер” деп тантырайбызбы?” деп жазды.

“Де-факто” гезитиндеги маегинде дин аалымы Кадыр Маликов жаштардын акыйкатты ар кандай радикалдык кыймылдардан издеп, адашып жаткандыгы коомдогу теңсиздиктен, идеологиянын жоктугунан, дүйнөнүн баарын каптаган экономикалык кризистен жана эң башкысы, мектептен тартып эле чыныгы ислам деген эмне экенин, анын кайсыл агымдары исламга да, коомго да, адамга да зыяндуу экенин билбегендигинен келип чыгып жатканын, андыктан туура окутуп, түшүндүрүү иштерин тынбай жүргүзүү керектигин белгиледи.

“Вечерний Бишкек” гезити “КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң туруктуусу – Кыргызстан” экендигин рынокту жана коомдук пикирди иликтөөчү литвалык эң эле белгилүү социологиялык компаниянын аткаруучу директору Раса Алишаускене өзү маек берген басылмалардын биринде билдиргенин, эки революция болуп өткөндүгүнө карабастан, Кыргызстанда парламенттик демократия иштеп, эл төрт жылдан бери турктуулуктун деми менен жашап келатканын, эгер ушул тынчтыкты исламдык экстремизм эле бузуп жибербесе жагымдуу жагдай андан ары карай сактала берерин, бирок Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн бийлик башчылары алмашкандан кийин кырдаал кандай болорун айталбастыгын жазып чыкты.

“Супер инфо” гезитинде “Пайдалуу кеңеш” деген рубриканын алдында “Диабетиктердин дасторкону” деген материалды, белгилүү диктор Бактыбек Мамытовго арналган “Үй-бүлөлүк бактылуу жашоонун сырлары” аттуу маекти, “Малайзиянын университеттери 15 кыргызстандыкты бекер окутмай болду” деген маалыматты, “Кыргызстан КМШдагы эң туруктуу өлкө” деген чакан кабарды жана “Шейит кеткендерди мазактап, жеке кызыкчылыктарга колдонбойлу” деген ой-пикирлердин топтомун окуйсуздар.

“Кыргыз Туусу” гезити бул санын “Сариев салыкчылардын сазайын берди” деген баштема менен ачты. Акыркы бетинде акын, котормочу, студенттерге сабак берген мугалим Алтынбек Исмаиловдун ыр-маеги бар.

“Эркин Тоо” гезитинен Бишкек шаардык маданият жана туризм башкармалыгынын башчысы Малик Ракишевдин “Өнөрүбүз өргө чаап, атыбыз алыска угулууда” деген, Аширбек Раимкуловдун “Ар бир кыргыз бонсай өстүрсө, Жапониядай өлкө курмакпыз” деген, “Кыргызстан менен Орусияда бензин баасы дээрлик бирдей” деген макала, маектерди окуйсуздар.

XS
SM
MD
LG