Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Сомдун кунун түшүрбөө убарасы


Улуттук банк сомду колдоо үчүн ушул айдын ичинде эле үч жолу долларды сатыкка чыгарды.
Улуттук банк сомду колдоо үчүн ушул айдын ичинде эле үч жолу долларды сатыкка чыгарды.

Улуттук банк Кыргызстанда сомдун долларга карата нарксыздануусу боюнча түшүндүрмө берди.

Анда сомдун наркы сезондук жана айрым тышкы факторлордун эсебинен ылдыйлоосун жеке валюта алмаштырчу жайлар ого бетер курчутуп жатканы айтылды.

Эксперттер болсо Улуттук банктын интервенцияга баруу жолун сынга алып, улуттук валютаны комплекстүү түрдө күчтөндүрүү керектигин белгилөөдө.

АКШ долларынын сомго карата чукул кымбаттоосу боюнча Улуттук банктын түшүндүрмөсүндө сырткы фактор катары Кошмо Штаттардагы өткөн жылдагы валюта жаатындагы көлөмдүк жумшартуу программасынын токтолушу, ал эми ички фактор деп сезондук иштер айтылды.

Нурбек Жеңиш - Улуттук банктын төрага орун басары. 26-март. 2015-жыл.
Нурбек Жеңиш - Улуттук банктын төрага орун басары. 26-март. 2015-жыл.

Улуттук банктын төрага орун басары Нурбек Жеңиш эгер жеке акча алмаштыруучу жайлардын кызыл кулактыгы болбогондо, сом азыркыдай нарксызданмак эмес деди:

- Бүгүнкү күндө Кыргызстанда доллар дефицити жок. Учурда банктарда 310 миллиондон ашуун доллар бар. Алардын 77 миллиону накталай түрдө. Кечээ мен ири банктардын жетекчилери менен жолугуп, жагдай тууралуу сүйлөштүм. Дагы бир жолу жарандарга эскертип кетейин. Бизде доллар тегерегиндеги кымгуут жок. Жагдай Улуттук банктын толук көзөмөлүндө турат.

Нурбек Жеңиш муну менен катар жакында алтын куймалары сатыкка чыгарын айтты. Анын ишендиришинче, жарандар эми доллар ордуна алтын куймаларын сактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот:

- Экономикабыздын долларлашуусу 50 пайыздай эле. Абал күчөп отуруп, акыркы эки жылда өлкөбүздүн долларлашуусу 5 пайызга өстү. Буюрса, долларга болгон байланууну азайтуу үчүн, биз жакында алтын куймаларын чыгара баштайбыз. Азыр Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Ага ылайык, алтын куймалары кошумча нарк салыгынан толугу менен бошотулушу керек. Жогорку Кеңеш үч окууда тең колдоп берди. Эми президент кол коюп берсе, биздин жарандар куймаларды каражат сактоонун альтернативдүү жолу катары жана инвестициялык каражат иретинде колдоно баштайт.

Улуттук банк алтын куймаларын чыгарууну пландап жатат
Улуттук банк алтын куймаларын чыгарууну пландап жатат

Эксперттер болсо маселени доллар же сомдун көлөмүн көбөйтүү менен чечүү мүмкүн эместигин белгилеп жатышат. Экономика боюнча серепчи Кубан Чороев улуттук же дагы башка пайдалуу валютаны туруктуу кармоо үчүн бери дегенде жумушсуздуктун санын азайтуудан баштоо керектигин белгилейт. Эксперт Улуттук банктын интервенцияларын жалынды убактылуу басаңдатуу менен салыштырды.

- Улуттук банктын валюталык интервенциялары мамлекетте болгон сомдун көлөмүн азайып, доллардын көлөмүн валюталык резервдин эсебинен көбөйтүү менен эле чектелип келет. Бул саясат албетте туура эмес. Анткени биздин рынокто сомго болгон ишенич таптакыр жоголду. Мындай кырдаалда системаны өзгөртүү реформасын жүргүзүү зарыл.

Улуттук банк сомду колдоо үчүн ушул айдын ичинде эле үч жолу долларды сатыкка чыгарды. Интервенциянын бул айдагы жалпы көлөмү 44,5 миллион долларды түздү.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG