Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

"Менин экинчи үй-бүлөм"


Москвада никесиз төрөп, баласын таштаганга мажбур болгон кыргыз келиндеринин так саны белгисиз
Москвада никесиз төрөп, баласын таштаганга мажбур болгон кыргыз келиндеринин так саны белгисиз

Орусияга иш издеп кетип, ал жакта башка менен баш кошуп алган кыргыз мигранттары жөнүндө маалымат мурдараак жашыруун сакталса, эми ачык эле айтыла баштады. Миграция кыргыз үй-бүлөсүндөгү баалуулуктарды кантип өзгөртүп жатат?

2011-жылдын февралы эле. Баткендин четки айылдарынын биринде “аксакал киши өтүптүр, бата кылып коелу” деген ниет менен бир үйгө барып калдык. Сыртынан килейген тамдын ичи мага кудум жолбашчысынан айрылган хан сарайдай көрүндү. Мурдараак бул жер балдары, небере-чөбөрөлөрүнө толуп, ызы-чуу, базар болуп турган, куту түгөнгүс үй болгон экен. Азыр эми аксакал да, анын артынан байбичеси да о дүйнө салып, балдар баары ар кайсыл жактарга чачырап кетиптир, үй болсо аңгырап эле бош калган сарай сөлөкөтү калгандай.

Бүгүн бул үйдү бири төрт, экинчиси эки жаштагы наристелерин бооруна кыскан жаш келин карайт. Аны “Бул жердин кожойкесисиң” деп эле алдап калтырышканы болбосо, анын милдети кароолдукунан айырмаланбайт окшойт.

Бизди ал төрдөгү бөлмөгө киргизип, эки катыган нанын коюп, дасторконун ортого жайып, чай койгонго шашылды. Кеч кирип калган. Караңгыга кирдик. Заматта келин чуркап чыгып, өздөрү отурган кичине бөлмөнүн лампочкасын чыгарып, биз отурган бөлмөнүн тогуна бурады.

Үй суук. Сыртта камдап койгон тезек менен гана кыштын күнү эптеп үйдү жылытып, балдарды печкеге жакыныраак отургузуп карап отуруптур. Көрсө, күйөө Москвада иштеп жүргөнүнө бир нече жыл болуптур. Жылына бир ирет айылга келип, балдары менен бир айдай туруп, кайра ишине кетет. Айылда кадырлуу аксакалдардын биринин уулу. “Ал ошол жакта башка бирөөгө үйлөнүп алыптыр деп эшиттик”, - дешти. Бул жерде калган аялына айда-жылда 100-200 доллар жибергени болбосо, кабары деле жок экен. Мен аны таанычумун.

Анан арадан бир жарым жыл өтүп, быйыл күзүндө Москвага барганымда жанагы келиндин күйөөсүнө жолуктум. Үйүнө чакырып, "жеңең менен тааныштырам" деп калды. Бардым. Ошондо Сансыз менен Айгүл Москвада кантип бирге түтүн булатып, жашап калышканын өз ооздорунан уктум.

("Данистени" толугу менен бул жактан угуңуз)

please wait

No media source currently available

0:00 0:16:56 0:00
Түз линк

«Мен айылда тигүүчүлүк кылчумун. Ар кимден заказ алып иштечү элем. 2008-жылы Сансыз мага шымын тиктирем деп барып калган, - дейт Айгүл. - Анан Москвага жөнөп жаткан экен. “Мен да барсам, иш таба аламбы,” - деп сурадым. Ал мага өзүнүн телефон номурун берип: “Москвага келгенде ушуга чал, бизде тигүүчүлүккө бир адам керек болуп калышы мүмкүн”, - деди. Ошентип мен да кийинчерээк Москвага келдим”.

Айгүл Сансыздын эле айылынан болот. Алар бири-бирин мектептен таанышчу. Бирок эч кандай мамилеси болгон эмес.

Тагдырдын буйругу менен Москвада жолугушуп, бир жерде иштеп калышат. Алгач Айгүл Сансыз иштеген жерге ишке чакырылганда ал жерде азыркы эми кайынагасы менен жолугушуп калганын да эстеп отурду.

Айгүл: Мага телефон чалып: “Бул жерде бир тигүүчүлүк кызматка адам керек болуп жатат”, - деп чакырып калышты. Биздин эле айылдан болушат экен, өзүбүздүн жигиттер экен деп келдим. Мен ага: “Ал жерде биздин тааныштардан эч ким жокпу?”, - деп сурасам, жок экенин айткан. Бирок келсем, бир тууган агасы бар экен. Эмне кылаарымды билбей: “Менин өзүмдүн жатаканам болобу?”, - деп сурадым. “Болот” дешти. Анысы деле жок экен. Ошентип, ушул жерде калып калдым.

“Азаттык”: Ошентип бирге иштеп эле эмес, жашап калган экенсиздер да?

Айгүл: Кайын агам: “Нике окутуп алгыла, жөн жашабагыла”, - деди. Молдо чакырып, мал союп, никебизди да кыйдырып алдык.

“Азаттык”: Сиздер бул жакта бирге жашап калганыңыздарды айылдагы жеңе билеби?

Сансыз: Билет да...

Айгүл: Баары эле билишет, ушак тез жетет го айылга... бирок мунун келинчеги эч кимге айтпайт экен. Бир айылдан болобуз да. Анын эжелери менин үй-бүлөмө барып айтышыптыр. Меникилер: “Бекер кылыпсың, анын өзүнүн үй-бүлөсү бар турбайбы”, - дешти. Мен аларга Сансыздын айылдагы үй-бүлөсүнө эч дооматым жок дедим. Биз бул жакта жашап калганда мен өзүмдүн ата-энеме чалып айткам.

Айгүл өзү биринчи күйөө менен беш перзенттүү болгондон кийин ажырашып кеткен. Азыр балдары айылда ата-энесинин колунда. “Мен Сансыздын айылдагы аялына эч ичи тардык кылбайм, аны талашпайм”, - дейт бул келин.

“Мен өзүм да буга “Балдарыңды кара”, - деп айтам. Аялын да алып келип ишке киргизип коелу десек, азырынча балдары жаш. Бирок аны келечекте дагы иштетебиз, жата бербейт айылда. Ал деле келип, биз бул жакта кандай кыйынчылык менен иштеп, ага акча салып жатканыбызды көрсүн”, - дейт Айгүл.

Сансыз болсо “Айылдагыларга эми даяр акчаны салып коесуң, ичип-жеп отура беришет да”, - деп коет.

“Азаттык”: Сиз айылга барганыңызда аялыңыз бул жакта да үйлөнүп алганыңыз жонүндо сурабадыбы?

Сансыз: Жок, сурабайт. Менден коркот да...

Сансыз менен Айгүл бүгүн Орусияда жүрүп, жашыруун эле үй-бүлө куруп алган көптөгөн мигранттардын катарына кирет. Мына ушундай эле окуянын айынан күйөөн жоготкон Сейлихан эжеге Баткенде кабарчыбыз Жеңиш Айдаров көрүшүп, анын кандай жашап жатканын көрүп келди.

Сейлихан эженин баяны

Жарым миллионго чукул калкы бар Баткен облусунан Орусияга жумуштап кеткендер 30-35 миңдей киши деп расмий маалыматта айтылып келет. Четке кеткендердин, облустук бийликтин кабарына караганда, айылдагы үй бүлөсүнө жиберген акчасы жылдан жылга көбөйүп баратат.

Ошол эле учурда, тапкан пайдага караганда, бир топ эсе орду толгус зыян да болуп жатканы көпчүлүктүн көзүнө заматта көрүнбөйт. Аял, бала-чакасын айылга калтырып кеткен аталардын кээ бирлери чет жерде моралдык жактан бошошуп, айылдагы балдарын унутуп же таштап кеткендери коомчулукту түйшөлтө баштады. Мындай учурга тушуккан аялдар жолдошунан калганын, же күйөөсү Орусияда жүрүп башкага үйлөнүп алганын ачык айта албай же айланадан тартынып калышат экен.

Сураштырып жүрүп, Баткендин четиндеги айылда ушинтип күйөө акча алып келгени кетип,башка бирөөгө үйлөнүп кеткен кишинин аялына, Сейлихан эжеге жолуктум.

Сейлихан эженин короо сарайы таза шыпырлып, көчөттөрү акталып, эшик астында кеч күздө ачылчу гүлдөр айдалган, бирок короого кирген эшиктин илгичи иштебей калган, короого суу келүүчү арыктар кенен чабылган эмес. Мындан улам акыркы жылдары бул үйдө карылуу эркек иштебегени көрүнүп турат. Сейлихан эже күйөөнүн Орусияда жүрүп башкага үйлөнүп алганын алгач укканда колу-кошунадан уялып жүргөнүн айтат, бирок “ата өзү үч баласын ойлобосо, менде эмне күнөө,”, - дейт.

“Тун уулум 10 жашта, андан кийинкилери 7 жана 5 жашка толушту. Жолдошум мурда да бир-эки жолу Орусияга барып-келген. Акыркы жолу 2007-жылы кеткен, ошол бойдон келе элек. Алгач маал-маалы менен телефон чалып турчу, акча да салып турду. Кийинчерээк акчасы да токтоду, анан такыр эле чалбай да калды, - дейт бул жаш эне. - Кийинчерээк коңшу айылдагылардан күйөөм Москвада жалалабаддык бир келинди алып алыптыр деп уктук. Азыр алар дагы эле бирге жашайбы-жокпу, билбейм...”

“Азаттык”: Азыр эми балдарыңызды өзүнүз жалгыз кантип багып жатасыз?

Сейлихан: Албетте, кыйын... Караган малым, сепкен эгиним бар. Эптеп күн өткөрүп жатабыз. Кайын атамдар, өзүмдүн апамдар жардам беришет.

“Азаттык”: Жолдошуңуз ал жакта башкага үйлөнүп алганын алгач билгенде кандай кабыл алдыңыз?

Сейлихан: Баштап уялып жүрдүм. Кийин элден уялбай эле калдым. Өзү келип балдарын карабагандан кийин... азыр эми мага жообун берсе, ажырашам.

Баткенде балдары атасыз же, ал тапчу акчасыз калган үй бүлөлөр аз эмес. Мындайга тушуккан аялдар өз арыз-муңун же ички бугун айтуудан уялышат. Ушундай оор абалдан көбүнчө аялдар жабыр тартаары айкын. “Убактылуу башка үй-бүлөлүк өнөктөрүн таап, убакыт өткөндө кайра өз бала-чакасына кайткан аталар да бар”, - дейт Баткендеги “Жаңыл” кризистик борборунун жетекчиси Токтокан Мамбетова.

“Мындай учурлар көп болбосо да, бар. Айрымдар ал жакта 5-6 ай башка бирөө менен убактылуу никеге туруп жашап, анан жумушу бүткөндө кайра айылдагы аялына эле келет. Сөз жалаң эле эркектер жөнүндө эмес. Мунун жалпы улуттун генофондуна келечекте зыяны чоң”, - дейт Мамбетова.

Жергиликтүү эл арасында “эрди-катын бири-биринен алыста көпкө жүрсө, сагыныч жоголуп, бири-бирин күтпөй калат. Ошондуктан иштегени мигрант болуп кеткенде да бирге кетсин”, - деген кеп көп айтылат. Токтокан Мамбетова аял-эркектин чогуу миграциялап жүрүшү эле маселени чечпейт, бир көйгөй экинчи маселени жаратып жатат дейт.

“Экөө бирге барганда деле проблема чечилип калбайт, анткени көбүнчө алар иштери шаардын эки башка четинде болуп калгандыктан, ишке жакын эки башка жакта жашаганга мажбур болушат, - дейт укук коргоочу. - Экинчиден, алар жаш балдарын чоң ата-апаларына калтырып кетишүүдө. Алар баланын курсагын ток карап отурганы менен ата-эне бере алчу тарбия-таалим, мээримди бере алышабы? Андан көрө өкмөт ошол кабыл алып жаткан мамлекеттин өкмөтү менен мигранттарды бала-чакасы менен алпарып, балдарын балдар бакчасына чейин орноштура турган келишимдерди түзө алса гана азыркыдай үй-бүлөлөрдүн деградациясы токтойт деп ойлойм”.

Баткен, башка аймактарга салыштырмалуу, социалдык жааты төмөнүрөөк болгонунанбы, айтор, миграциялап жүргөндөр арбын. Негизги жумушчу күч эле четке кетпестен, келечек муундагы балдардын ата-эненин тарбиясынан ажыратып, кала берсе атасынан да айрылтып жатыптыр.

“Туугандар эле болчу”

Жеңиш Айдаров сүйлөшкөн Сейлихан эженикиндей абалда жашаган үй-бүлөлөр азыр өлкөдө канча экенин так эсепке алган эч ким жок. Орусияга эрди-катын ээрчишип барган учурлар да, жалгыз баргандар да көп. Бирок катаал жумуш шарттары, батирден батирге көчүп, кээде экөө эки башка жакта түнөп калганга мажбур болгон жагдайлар түгөйлөрдүн да турмушунда өзгөрүүлөрдү шарттап жатат.

Андай окуялардын бирин Москвада кыргыз мигранттары менен квартирасын бөлүшүп, алардан акы алып иштеп жүргөн Фарида деген айым айтып берди. Ал сөзүн мындай окуяларга көп эле кабылаарын айтуу менен баштады да.

“Бир күнү үйдө жок учурумда менде квартирант болуп жашаган кыздар бир келинди ээрчите келишиптир. Үйгө келсем кыздар: “Бул келин биз менен поликлиникада бирге иштейт, пол жууйт, жакшы келин”,- деп калышты. Ал өзү күйөө башка метродо иштей турганын айтып: “Кээде келип турса болобу?”, - деп сурап калды. Эгер дем алыш күндөрү болсо, келсин дедим. Анан ал жолдошу дем алыш күндөрү да келет, ар эки күндүн биринде эле келип калат. “Иий, ушундай жакшы түгөй экен” деп ойлоп коем. Анан эле бир күнү үйгө башка бир келин келип, чуу салып жатыптыр. Көрсө, ал өзүнүн эле тайэжесинин күйөө менен, башкача айтканда, жездеси менен жашап алган тура. Алар буга чейин үчөө бир квартирада турушуптур. Кийин тайэжеси айылга кетип, булар бул жакта калышат. Карабайсынбы буларды, ушундай окуялар да болот”, - дейт Фарида айым.

Айгерим деген келин болсо азыр мигранттардан өзүнчө бир топ түзүп, аларды түрдүү иштерге жайгаштырып жүрөт. Ал өзүндө иштеген кыздардын биринин окуясы жөнүндө кеп кылат.

“Ал кыздын башка квартирада жашап иштеген жеңеси келиптир. Аны бир дүкөнгө пол жуугуч кылып ишке киргизди. Анан эле бир күнү жанагы кыз мага келиптир: “Жеңемдин боюнда болуп калыптыр, алдыртыш керек”, - дейт. “Байкең Кыргызстанда дебедиң беле?”, - десем, “Ал эки жарым ай мурун келген”, - деди. Анан мен: “Макул, КМШнын мигранттарын караган бирөө бар, ошого алпарам дедим. Анан эле УЗИге түшүрсөк, ичиндеги баласы төрт айга жакындап калган экен... Күйөөсүнүн келгенине эки жарым ай болсо, анан кантип боюнда төрт айлык бала болсун?" – деп таң калат Айгерим.

Ал өзү да ошондой бир батирде 20-30дан турган мигранттар менен бирге жашаганга мажбур болгон учуру деле болгон. Азыр күйөө бир уулу менен Кыргызстанда жашайт экен. Айгерим кичүү уулун алып, Москвага келген. “Күйөөм жакын арада документтери даяр болсо, Москвага келет”, - дейт. Ал өзү орус жерине келип иштей баштаганына алты жыл болуптур. Жаңыдан ишти баштаган кезде бир топ эле кыйналып, мигранттардын оор турмушун өз көзү менен көрө алган.

“Бир квартирага кирип калдым. Эки бөлмөлүү батир экен, болгону жети адам жашайт дешти. Анан квартирага чыгып кеткичем жашап турайын деп, калып калдым. Анан эле кечинде бир комнатада 20 чакты киши болуп кетти. Ал батирди апасы менен баласы иштетип жатышыптыр. Бир бөлмөгө үй-бүлөлүүлөр, экинчисине жаштар түнөйт дешти. Берки жаштар жаткан бөлмөдө кыздар менен балдар эки бөлөк кылып эле төшөк салып жатышкан. Анан эле түн бир убакта баары аралашып, үй-бүлөлүүлөрдөй болуп жатып алышты. Муну көрүп, эмне дээримди билбей, айран таң калдым”, - дейт Айгеним.

Эркиндик?

Мигранттардын абалын көптөн бери изилдөп жүргөндөр акыркы жылдардагы бул өңдүү тенденция үй-бүлө деген институттун өзүнүн баалуулугун коркунучка кептеп, үлкөн өзгөрүүлөргө дуушар кылып жатканын айтышат.

Биз менен сүйлөшүп жатып, Москвада бир топ жылдардан бери мигранттар менен иштеп келаткан “Ала-Тоо” коомунун төрайымы Жамиля Бегиева убактылуу иш үчүн келип, бул жакта экинчи үй-бүлө куруп алган өңдүү окуялар бир эле кыргыз мигранттарына эмес, Борбор Азиянын башка элдерине да мүнөздүү көрүнүш экенин белгиледи. Мунун себебин ал салтташкан коомдон сыртка чыккандагы “эркиндик” менен байланышкан жаңылыш ой-пикир менен түшүндүрөт.

“Кыргызстанда жүрсө элдин баары көрөт. Ошондон уялышат, эл сөз кылат деп тартынышат. Анан эле бул жакка келгенде эч кандай моралдык тосмо иштебей, билгенин жасап жатышпайбы. Мындай окуялар өзгөчө акыркы беш жылда кескин көбөйүп кетти. Күйөөсү айылда, өзү бул жакта башка бирөөдөн төрөп алган, же айылда зыркыратып аялын балдары менен калтырып, өзү Москвада башка менен “бойдокмун” деп жашап алгандар канча! Ошон үчүн мен Кыргызстандын Москвадагы элчилигине кайрылгам: эгерде мүмкүн болсо, Бишкектен жарандардын никеде турган-турбаганы жазылган маалыматты бул жакка да алдыртыш керек, ошондо кыздар мамиле курардан мурун билишмек. Антпесе, кыздар алданып, акыркы жылдары таштанды балдардын өтө көбөйүп кеткени да ошондон”, - дейт Бегиева айым.

“Баары эле ушундай”

Биз Москвада Сансыз менен Айгүл жашаган үйдө конокто отурабыз. Сөздөн-сөз чыгып, азыр эми Сансыз үй-бүлөнүн баркы, бир туугандардын жакындыгы, балдарды тарбиялоо жөнүндө сүйлөп отурду.

“Ушул учурда ал өзү айылда калган балдарын ойлоп жатса керек”, - деп калдым. Анын сөзүн бөлүп, Айгүл азыр эми баары эле ушинтип, айылда аялдарын же күйөөлөрүн калтырып, Москвада башкалар менен жашап жатканын айтат:

“Баары эле ушундай да... бири Таалай акең, бири Топчубай досуң, дагы бири Боря досуң, мен билгендерден. Бирок нике окутуп, салтты кармап жашагандары баары бир аз да...”
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Жеңиш Айдаров

    "Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG