Мекенине кайткан мигранттарга жумуш барбы?
Каржылык кризистин айынан чет-өлкөлөрдөгү кыргыз мигранттарынын ичинде кайра мекенине кайткандар көп. Аларды Кыргызстанда эмне күтөт? Мекенинде жумушка орношууда алар эмнелерге туш болушу мүмкүн?
Кризис көп мигранттарды түйүнчөгүн түйүп, үйгө кетүүгө мажбур кылды
Жарыяланган учуру: 09.07.2009
Соңку эл каттоонун жыйынтыктарына караганда, Талас облусунда 6000 ашуун адам чет өлкөлөргө жумуш издеп кеткен. Булар - расмий каттоодон өткөндөрү гана. Чынында, жакынкы Казакстанда, Орусияда, же башка өлкөлөрдө жүргөн таластыктардын так санын айтуу кыйын.
Дүйнөдөгү каржылык кризистин айынан жумушунан айрылып, кайра Кыргызстанга кайткандар канча экенин айтуу андан да оор. Бирок мындай адамдар улам көбөйүп жатканы айтылууда. Жумурияттагы бейөкмөт уюмдар мигранттарды кайра кабыл алууга камдануу зарылдыгын айтып келишет.
Казакстандан кайра мекенине кайтып келген кадимки мигрант-кыз Нурзат Токтосунованын Таласта жумуш издөө тажрыйбасына кабарчыбыз Жаннат Токтосунова күбө болду. Нурзаттын окуясын ушул сайттын оң капталындагы “Угуу” усулу аркылуу тыңдай аласыз.