Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 02:52

Кыргызстан

Кайран тил

Борбор шаар Бишкек менен элетти бөлүп турган чоң тосмо бар. Ал – тил. Элет жери кыргызча кайрылса, борбор көп учурда орусча гана жооп берет.

Текст көлөмү - +
Ушу кезге чейин айрым тилчи адистер, жөнөкөй жарандар бул маселени көтөрүп келгени менен борбордогу “саясий элита”, “интеллигенция” аркасын салып келатат.

XVIII - XIX кылымдарда Орусияда дал ушундай болгон. Франциянын таасири артып, орустун ак сөөктөрү, байлары, шаар жергесиндеги интеллигенция өкүлдөрү жалаң француз тилинде сүйлөй башташкан. Карапайымдар менен алардын ортосундагы айырмачылык материалдык жактан гана эмес дүйнө тааным жагынан да барган cайын чоңоюп отурган. 20-кылымдын башында болсо карапайымдар бийликти кулатып тынышты.

Ал сыңары эгемендик алганына 18-жылдан ашса да Кыргызстанда ушул көрүнүш турат. Ал ажырым азаймак турсун барган сайын тереңдеп, “элет жергеси менен борборду байланыштырган киндикке доо кетти” дегендерди уккан бирөө жок. Ал – кыргыз тилинин шаар жеринде жерилип, ошол борбордогулардын бул көйгөйдү көрмөксөнгө салуусунан улам дешет.

Кыргызстандын 70 пайыз элин негизинен элетте жашаган кыргыз улутундагылар түзөт. Өзбектер 14 пайыздан ашса, орустар 8 пайыздан ашуун. Өлкөдөгү түрк тилдүү элдердин саны 90 пайыздай жана алардын бардыгы кыргыз тилин кадимкидей түшүнүшөт.

Бирок борбор шаар Бишкекте турган бийлик да, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү да, бейөкмөт уюмдары жана ишкерлер чөйрөсү да негизинен орус тилинде иш жүргүзүп, алака кылышат. Мунун бир катар себептери бар. Адистердин айтымында, өлкөнүн географиялык ээлеген абалы, 70 жыл СССРдин алдындагы жашоо, аң-сезимде калып калган эски адаттар, коомчулуктагы, башкаруучулардагы, интеллигенция чөйрөсүндөгү психологиялык бечелдик сыяктуулар мындай абалдын жаралышына, борбор шаарда мамлекеттик тилдин түрткүнчүк болуусуна себепчи болду.
Мен дайыма айтып келем, “тил = эл” деп. Тил болбосо ал эл жок болот. Аскарбек Мамбеталиев


Эл аралык билим берүү адиси жана талдоочу Аскарбек Мамбеталиевдин пикиринде, Кыргызстан сыяктуу унитардык мамлекетте өлкөнүн бир гана негизги тили болгону оң. Анткени элдин басымдуу бөлүгү сүйлөгөн тилге артыкчылык берилип, башкаруучулар ошол тилде саясат жүргүзбөсө коомчулукта чыңалуу күчөп, өнүгүү болбойт:

- Мен дайыма айтып келем, “тил = эл” депчи. Тил болбосо ал эл жок болот. Маселен өнүккөн мамлекет болгон АКШны деле алалы. Ал жерде мындай саясат бар. АКШ жараны болуу үчүн сөзсүз тил билиш керек. Тил билбесең эч качан АКШ жараны боло албайсың. Бул жерде эч кандай суроо жок, билишиң керек, бүттү. Анткени мамлекетте тил коммуникациясы жакшы болбосо ошол жерде кагылыштар чыгат.

Кыргызстанда мамлекеттик кызматта тургандар сөзсүз түрдө кыргызча билүүсү керектиги тууралуу көптөн бери эле айтылып келатат. Мындай сөздөрдү ар кыл даражадагы мамлекеттик жетекчилер да айтып келишти.

“Калпеле кыргыз тилине камкордук көрүмүш болгон” көрсөтмө саясатты токтотуу керектигин, тил жаатында чечкиндүү чараларды жасоо зарылдыгын айткан адистер, муну мыйзам түрүндө да так киргизип, кыргыз тилин билбеген бир дагы адамды жетекчилик орундарга жолотпоо керектигин айтышат.

Ошентсе да өлкө жетекчилигинде башынан эле кыргыз тилин билбегендер иштеп келатат. Мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунда деле башкаларын айтпаганда кыргызча билбеген Николай Танаев премерь-министрликке чейин көтөрүлгөн. К.Бакиевдин учурунда да тил билбеген Феликс Кулов, Игорь Чудинов премьер-министрликке чейин жетсе, президенттин кыргызча билбеген уулу Максим Бакиев “жогорку өкмөт” аттуу ылакап атка ээ болгон Өнүктүрүү агенттигин башкарып калды. Булардан тышкары министрлик ж.б. орундарда тил билбегендер бир топ.

К.Бакиевдин соңку реформаларынын негизинде Мамлекеттик тил комиссиясы жоюлуп кетти. Эми анын укуктары өкмөттүн курамындагы Маданият агенттигинин алдындагы Мамлекеттик тилди өнүктүрүү департаментине берилди.
Мамлекеттик кызматкер биринчи элдин кызматчысы. Ошондуктан ал кыргыз тилин билүүгө милдеттүү. Азимжан Ибраимов

Аталган департаменттин өкүлү Азимжан Ибраимовдун пикиринде, шаар жеринде кыргыз тилин жерүүчүлүк, орусча билгендерди гана маданияттуу деп эсептөө сыяктуу жаңылыш түшүнүктөр бар. Ал адаттарды калтыруу үчүн атайын чараларды көрүп, оболу кыргыз тилин билбегендерге мамлекеттик чоң кызматтарда иштөөсүнө мүмкүндүк бербеген мыйзамдарды кабыл алуу керек:

- Кызматка кирип атканда дагы, кызматтан кызматка өтүп аткан учурда дагы, аттестация учурунда дагы мамлекеттик тилдүү билүү деңгээлин аныктап туруп, ошого жараша адамга мамлекеттик кызматты, жоопкерчиликти мойнуна илиш керек. Болбосо анын элге кызмат кылганы кайсы. Мамлекеттик кызматкер биринчи элдин кызматчысы. Ошондуктан ал кыргыз тилин билүүгө милдеттүү.

Тил жаатындагы бул маселени чечүү татаал иш экенин айткан адистер, аны чечүүдө баарыбир чечкиндүү кадамдарга баруу керектигин баса белгилешүүдө. Ал үчүн ириде саясий эрк жетишпей турат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: актилек каяктан: Тоо-Таш
12.12.2009 07:05
Калысбек кызык пикир айтыптыр. Бирок ишке ашпас тилек экен. Эне тилдин бир айлыгын жарыялап койсо Калысбек айткандай эле болот эле. Президент ага барбайт. Эне тил эмес, эли эмне болуп атканы менен иши жоктой. Автор жазгандай, Россия басып өткөн жолду баштан өткөрүп атабыз биз дагы. Мен мындан көп жыл мурун Фрунзеге биринчи барганымда таң калгам. Анда такыр эле кыргызча сүйлөшпөй калган экен шаардыктар. Азыр болсо абал башкачараак. Шаарга элеттен көптөгөн адамдар келишип иштеп жашап атышпайбы. Орусча билбегендери көп. Ошолор тилди өнүктүрүп атышат борбордо. Жаштар өздөрү эне тилде сүйлөгөнгө умтулуп атышат. Баары эле эмес албетте, бирок ушундай башталыш бар. Мамлекет колго алганда процесс тездейт эле. Коомубуздун деградациясы да онолгонго абдан жакшы таасир кылмак. Башка тилдердин экспансиясы да начарламак. Баарын эле акчага алып барып такай бермей адат болуп калды. Мен ушуга такыр ишенбейм. Туулгандан бери кыргызча эле сүйлөйм. Акчам деле кетпейт. Чоңдордон суранат элем, иш кагаздарыны орусчаңда жаза бер, сүйлөгөндө кыргызча сүйлө деп. Айрыкча ишиң жүрүшүп телеге чакырылып калсаң же радиого. Эми тилибиздин күйөрмандарына айтаарым, кайгырып кейий бергенден эч нерсе чыкпайт. Дээринде барлар эне тилде эле сүйлөй беришет. Көч бара-бара түзөлүп кетсе ажеп эмес. Ушинтип өзүбүздү өзүбүз сооротуп туралычы...

кимден: Чекир Саяк каяктан: Саякызстан
19.11.2009 14:46
Өлкөнүн ажосуна минтип койсоңуз, антип койсоңуз дегени менен, ал киши эч нерсе кылбайт. Ханзада MGN ди алып келип, анын ичинде да жалаң кыргыз тилин түшүнбөгөндөр иштеп жатат. Башкармалары баардыгы кыргыз эмес,анан башкаларды айтпаса деле "Балык башынан сасыйт" болуп атпайбы! Кыргыз тилин бир үй-бүлөдөн башташ керек !

кимден: Арман каяктан: Бишкек
18.11.2009 18:29
Чындыгында кайран тил. Ибрагим Жунусов парламентте 50%кыргызча телеберүүлөр болсун-деп маселе көтөрсө, орусча, өзбекче телевидениялар И.Жунусовду УЛУТЧУЛ-деп согуп киришти. Бир кыргыз Ибрагим туура айтып атат деп колдоп койгон жок.

кимден: Калысбек каяктан: Бишкек
18.11.2009 17:38
Өткөндө Жогорку Кенештин депутаты Абдырасаков деген жигит министр айымга, бир айда аюуга да велосипед үйрөтсө болот сиз эмнеге үйрөнбөйсүз деп бетин кызартты эле. Деги таң калыштуу нерсе - Кыргыз мамлекети болуп туруп, өзүбүздүн тилди үйрөнөбүз деп ага атайын бир чиовниктерге кызмат берип анан аларды качан кыргыз тилин кыргыздарга үйрөтөсүң деген накта апендичилик.Курманбек Салиевич бир айлык кыргызча сүйлөө боюнча чечим кабыл алып койсо кыргызча сүйлөбөгөн чиновникти көрөйүн, жыйырма жылдан бери келе жаткан тил боюнча ызы-чуу, эч кандай каражаты жок эле чечилип калат эле. Ал киши кыргызча түш жоруй турганынын жалпы журтчулук билет.

кимден: Динара Туркменова каяктан: КТУМ
18.11.2009 15:33
Саламатсызбы Илимбек Жанузакович мен дагы сиздин оюнузга толугу менен кошулам Кыргызстанды онуктуруш учун гулдотуш учун жана озунун эли учун жери учун кызмат кылган жарандар чанда гана менин оюмча жокко эсе. Себебин айттырбай эле тушуносуз! Жазгандын деле кажети жок

кимден: sayak каяктан: Kg
18.11.2009 11:59
Salamatsizdarby el jurt...Bul til maselesi kylymdar boyu tartyshylyp keluudo, birok echkanday tayanak jok. Antkeni ''Balyk bashynan sasyit'' bolup ozubuzdun memleket bashchylarybyz ozubuzdun ene tylde suyloshpoy jatpayby...menyn aytarym en byrynchyden ar byr mamleket bashchysy kyrgyz tylynde ish jurguzuusu zaryl. Kyrgyz tylyn chanyp jalan kana orus tylynde suyloonu adat kylyp orus tylyn bilbegenderdy sabatsiz jana madaniyatsiz degender alar ozdorunun sabatsiz ekendikterin aniktoodo...Egerde kyrgyz tylyne karata dagy ele ushynday kaydiger mamile kylyna turgan bolso, kyska byr moonottun ichinde bul tyl jok boluuga argasyz kalyshy mumkun.

кимден: Liberal каяктан: Bishkek
18.11.2009 10:23
Kirgizder kachan kyrgyzcha suylop, kyrgyz oz tilin syilap, urmattap, syimyktanganda gana Kyrgyzstandagy bashka uluttun adamdary kyrgyz tilide suylop kalyshat.

кимден: Кыргызбай каяктан: Ала тоо
18.11.2009 09:51
Мамлекеттик тилди иш жузуно ашыруу бир гана кишинин колунан келет, ал болсо олко Ажосу. Ажонун бир ооз буйругу менен эле ото кыска моонотто эле кыргызча сайрап да жазып да калары созсуз. Дагы бир жагынан алып караганда Кыргыздан откон намыссыз эл жок ,эне тилин кордоп жаткан да, озголорго кордотуп жатканы да Кыргыздын озу.Эгер эл намыстуу болгондо бийликтегилер да улуттук тилди 20 жылдан бери ушунча кордоп тепселебейт эле. Эгер улуттук канды озгортууго болгондо мен озумду озбекке озгортууго дап-даярмын ,айтып койгулачы, кайда барсам менин канымды озгортуп берет болду экен?

кимден: Каке каяктан: Нарын
18.11.2009 09:22
Идеология деп эле корунгону эле ар нерсени айтып канча жылдан бери эле убара тартып жатышат. Мен айтаар элем, идеология бул биздин тилибиз. Кыргыз тилин барктап, оркундотпосок биз эч убакта оспойбуз. Ал учун баш мыйзамда бир гана мамлекеттик тил болуш керек, мыйзамдар кыргыз тилинде жазылыш керек, президент, премьер, министрлер, депутаттар кыргыз тилинде гана суйлош керек, ошондо ар бир кыргыздын кыргыз олкосундо жашап жатам деп руху которулот, патриоттук сезими курчуйт.

кимден: Esen каяктан: France
18.11.2009 06:47
Bul uchun adegende mektepterde kyrgyz tilin sözsüz üyrötüsh kerek. Orus mektep, özbek mektep degen meyli dep koy bolsun birok al mektepterde dagy jok degende 6 saat kyrgyz tili jana dabiyati , 1 saat kyrgyz taryhy, 1 saat kyrgyz geografiyasi bolush kerek dagy jana bashka dagy 2-3 saat sabak berish kerek kyrgyz tilinde oshondo biz til bilbegenderge shart tüzüp bergen bolobuz jana kyzmatka kirerde synaktan ötö alganga mümkünchülük bolot alarga. Al emi universitette dagy oshondoy bolush kerek. Kyrgyz tilin bilbegen mektep okuchusu je student bolboshu kerek. Oshondo üyrönöt da. Buga kerektüü miyzamdardy dayardash kerek. Anan kütüp jürö bergende bolmok bele.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)