Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:40

Камчы Көлбаев АКШнын кара тизмесине кирди


Камчы Көлбаев
Камчы Көлбаев

Көлбаевди АКШ президенти Барак Обама дүйнөдөгү эң ири “Маң зат королдору” аттуу кара тизмеге кошту. “Мыйзамдагы ууру” деген криминалдык наамы бар бул жаран Кыргыз мамлекетинде да издөөдө жүрөт.

АКШ президенти Барак Обама дүйнөдөгү эң кооптуу делген "маң зат королдорунун" тизмесине жети адамды кошту. Бул ирет дүйнөлүк деңгээлдеги "маң зат королдорунун" катарына жетөөнүн бири болуп кыргыз жараны Камчыбек Көлбаев да кирди. Берки алтоонун экөө Мексика, дагы экөө Кения, бирөө Ооганстан, дагы бирөө Колумбия жараны.

АКШ мыйзамдарына ылайык, эгер америкадагы банктарда бул тизмедеги жарандардын эсептери пайда болсо, алар дароо тоңдурулат. АКШ жарандарына жана компанияларына бул тизмедеги адамдар менен кызматташууга, алыш-бериш жасоого тыюу салынат.

Эски совет чөлкөмүндө Камчы Көлбаев бул кара тизмеге кирген алгачкы адам. Кыргызстанда болсо ал “кримчөйрөнүн ана башы”, “мыйзамдагы ууру” катары таанымал.

Ысык-Көл облусунан чыккан К.Көлбаев 37 жашта. Ага чейин өлкөдөгү криминалдык топторду 2006-жылы 10-майда атып өлтүрүлгөн дагы бир “мыйзамдагы ууру” деп айтылып келген Рысбек Акматбаев башкарган.

К.Көлбаевдин “маң зат королдорунун” тизмесине кириши – Кыргызстан дүйнөдөгү маң зат таркатуу боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн бири экендигин каңкуулайт.

Бийлик кызыкдар эмес болчу...

Мурдагы президент Курманбек Бакиев тушунда, 2009-жылы Баңги заттарды көзөмөлдөө агенттиги жоюулуп кеткен. Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев “Азаттыкка” билдиргендей, ал агенттиктин милдети ИИМге жүктөлгөнү менен 5-6 ай бою маң заттарына каршы бөлүм түзүлбөй, бул аралыкта маң заттарын ташуу өтө эле көбөйгөн. Былтыр бийлик алмашкан соң мурдагы агенттик Баңги заттарын көзөмөлдөө агенттиги деген аталышта кайра түзүлгөн.

М.Турганбаевдин айтымында, мурдагы бийлик тушунда маң заттары бизнесин президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиев, азыр издөөдө жүргөн Камчыбек Көлбаев, Алманбет Анапияевдер көзөмөлдөп турганы маалым:

- 2008-жылдары Бакиевдин убагында Баңги заттарды көзөмөлдөө агенттигин жоюшуп, беш айга чейин ИИМдеги бөлүм да түзүлбөй турган кезде бизге көп эле оперативдүү маалыматтар түшүп атты. Баңги заттарды тонналап ташыган. Мунун башында ошол Жаныш Бакиев, кримчөйрөсүндөгү лидерлер Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияев сыяктуу уюшкан кылмыштуу топтордун башчылары турганы бардык дүйнөлүк коомчулукка чейин маалым болгон...

Ошондой эле М.Турганбаевдин пикиринде, АКШ бул тизмеге К.Көлбаевди өз чалгындоо кызматтарынын, Ооганстандагы коалициялык күчтөрүнүн оперативдүү маалыматынан кийин кошсо керек.

Баңги заттарды көзөмөлдөө кызматынын төрага жардамчысы Тимур Мадяровдун айтымында, учурда алар Тышкы иштер министрлиги аркылуу АКШ өкмөтүнө кат жолдошту. Анткени ырасмий каналдар аркылуу К.Көлбаевдин чындап эле АКШда “кара тизмеге” кирип-кирбегенин тастыктоо керек болууда.

"Ош түйүнү" - маң зат транзити

Жогорку Кеңештин депутаты, милициянын полковниги Турат Мадылбековдин ырасташынча, Кыргызстанда дүйнөлүк деңгээлдеги "маң зат королдору" бир гана К.Көлбаев эмес:

- Эми АКШ айтып аткандан кийин алардын да чалгындоо кызматтары иштеп, маалымат беришти да. Ошон үчүн алар айтат. Мен айта турган болсом, бизде негизинен чоң-чоң "маң зат королдору" көп. Керек болсо дүйнөлүк деңгээлдеги маң зат королдору бар...

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев да учурунда мурдагы бийлик маң зат бизнесине аралашып келгенин айтып келатат. Бүгүн да ал парламентте сөз сүйлөп жатып, 7-апрелден кийин Жаныш Бакиев Тажикстандагы "маң зат королдорунун" биринин үйүндө жашырынганын билдирди:

- Мына, Бакиевдин учурунда акталган, түрмөдөн чыккан Камчы Көлбаевдин иштери кайра көтөрүлүп, бүгүнкү күнү издөөдө жүрүп атат. Баңги заттар, башка жагдайлар боюнча да иштер жүрүп атат. Ал боюнча так фактылар бар.

7-апрелден кийин Жаныш Бакиев Тажикстанга качып барып, ошол жакта "маң зат королдорунун" биринин үйүндө жатып, ушул жактагы саясий кырдаалга таасирин тийгизгенге аракет кылган.


Бириккен Улуттар уюмунун Маң заттары боюнча башкармалыгы Ош шаарын Борбор Азиядагы маң заттары ташылып өткөн борбор катары белгилейт. Ооганстандан келчү маң заттары Ош шаары аркылуу дүйнөгө тарай турганы, бул маң заттары транзитин “Ош түйүнү” деп аташары белгиленет.

"Көлбаев абактан качкан эмес"

Эксперттердин баамында, дал ушул түйүн аркылуу ташылган маң заттарын К.Көлбаевдин тобу көзөмөлдөп турган. Маалыматтарга караганда, анын оң колу Алманбет Анапияев Ош шаарында туруп, Ош, Жалал-Абад, Баткенди көзөмөлдөгөн. Учурда бул экөө тең жыл башында жарыяланган “Кылмыштуу топторго каршы күрөш” программасынын алкагында айыпталып, чет өлкөлөрдө жашырынып жүрүшөт.

Жаза өтөө башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Калыбек Качкыналиев “Азаттыкка” билдиргендей, үй камагында жүргөн К.Көлбаев каттоого келбей койгондуктан жана мурдагы жасаган иштери боюнча издөөдө жүрөт.

Анын айтымында, “К.Көлбаев 2010-жылы 16-июнда кармалып, 25 жылга соттолуп, түрмөдөн качып чыккан” деген маалымат чындыкка жатпайт. Аны былтыр Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгы кармап, 2-3 саат кармап койо берген:

- Кармалып, камалып, качып кеткен деген жок бизде.

Былтыр Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 2-3 саатка кармап, алып келип сүйлөшүп, кайра коё берип жиберишкен. Эмнени сүйлөшүшкөнү боюнча маалыматым жок. К.Көлбаев негизи мурунку иштери боюнча издөөдө.


Маң заттары боюнча эксперттердин эсептөөлөрүнө караганда, таза героиндин 1 килограммы Ооганстанда орточо 600 доллар турат. Тажикстанда анын баасы 2000 долларга чыкса, Ошко келгенде ал 4000 долларга жетет. Ошол эле 1 килограмм героин Бишкекке келгиче 8000-10 000 долларга турса, Москвага жеткенде анын баасы 50 000 долларга чыгат.

Камчыбек Көлбаевден тышкары АКШдагы “Маң зат королдору” аттуу кара тизмесине Мануел Торрес (Мексика), Гонзало Инзунза (Мексика), Хажи Лал Жан (Ооганстан), Жон Харун (Кения), Наима Мохамед (Кения) жана Хавиер Антонио (Колумбия) аттуу адамдар кирген.

XS
SM
MD
LG