Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

Депутаттык комиссия: жоопкерчилик каралсын


Былтыркы июнь коогалаңын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу соңуна чыгып калды. Анда учурда бийликте турган бир катар чиновниктердин да жоопкерчилиги каралган.

Июнь коогасынын келип чыгыш себептери боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу менен Убактылуу өкмөт түзгөн мамлекеттик комиссиянын корутундусу көп жагынан окшош.

Депутаттык комиссия кооганын келип чыгышына ири алды Кадыржан Батыров, Иномжан Абдрасулов, Карамат Абдуллаева, Жалалиддин Салахуддинов баш болгон сепаратисттик маанайдагы өзбек тектүү лидерлер себепчи болгонун, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин, анын туугандары менен санаалаштарынын да күнөөсү чоң болгонун баса белгилейт. Андан тышкары криминалдык күчтөрдүн, бизнес кызыкчылыктардын, кээ бир диний топтордун катыштыгы көрсөтүлөт.

Депутаттык комиссиянын корутундусундагы эң негизги айырмалуу жери - ошол маалдагы бийликтин иш-аракетине жана ага карата сунуштарга байланыштуу. Талаш-тартыштуу маселелер да ушул жерде жатат.

Комиссия Убактылуу өкмөттүн иш-аракетинен көптөгөн кемчиликтерди таап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, Ички иштер министрлиги жана Коргоо министрлигинин коогалаң маалында көргөн чараларын сынга алган.

Президентке жана өкмөткө УКМК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, анын орун басары Көлбай Мусаев, Өкмөттүн аппаратынын бөлүм башчысы Марат Бекенов (коогалаң маалында УКМКнын төрага орун басары болгон), Ички иштер министринин орун басарлары Бактыбек Алымбеков, Мелис Турганбаев, Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев жана орун басары Таалайбек Өмүралиев, Чек ара кызматынын төрага орун басарлары Рысбек Мырзаматов, Чолпонбек Турусбековдорду ээлеген кызматтарынан бошотуу сунушталган.

Ошондой эле коогалаңга байланыштуу Президенттин аппарат башчысы Эмил Каптагаев, Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков, Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов сыяктуу жетекчилердин жоопкерчилигин кароо керектигин белгиленген.

Андан тышкары Кеңешбек Дүйшөбаев, Кубатбек Байболов, Болот Шерди генерал-лейтенант аскерий чининен ажыратуу кеңеши берилип, Башкы прокуратурага Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө юридикалык баа берүү тапшырмасы берилген.

Күч органдарынын массалык башаламандыктарды дароо токтотуп кала албагандыгынын себеби, күч түзүмдөрүндөгү кадрлык саясатта олуттуу катачылыктар болгондугу менен да түшүндүрүлгөн.

Комиссия мүчөлөрүнүн баары эле жогорудагы корутундуга макулдугун билдиришкен жок. Анын айрым мүчөлөрү өзгөчө пикирлери бар экенин айтышууда. Алар Исмаил Исаков, Жылдызкан Жолдошева. Ширин Айтматова болсо кайгылуу окуяны бирөөнү актоо, бирөөнү каралоо максатында колдонуп, саясий чайкоочулук кылгандардан тажаганын, ошол себептүү комиссиянын ишине катышпай койгонун билдирүүдө.

Ж.Жолдошева “Азаттыкка” маалымдагандай, ал депутаттык комиссиянын ишине аралашкан жок жана коогалаң боюнча өзүнчө баяндама даярдады.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Токон Мамытов “Азаттыкка” билдиргендей, 1-июнда комиссия өз корутундусун толук макулдашып, 2-июнда парламенттик угууга алып чыкмакчы:

- Азырынча алдын ала жыйынтык даярдалды. Эми кол көтөрүп, кол коюп эле алып чыгабыз...

Комиссия мүчөсү, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбековдун айтымында, буга чейин депутат Исмаил Исаков өз вариантын сунуштай турганын айтып келсе, бүгүнкү күнү анын варианты жалпы комиссиянын корутундусуна дээрлик туураланды. Эртеңкиге чейин ал комиссия корутундусуна кошулса, Ж.Жолдошова гана өзүнчө баяндамасы менен чыкмакчы. Ал эми июнь коогалаңы маалында күч түзүмдөрүнүн башында турган бир катар жетекчилерди кызматтан алуу сыяктуу сунуштар ошол бойдон калмакчы болууда:

- Эл күтүп атат да, кандай жоопкерчилик тартышат деп. Анан биз жымсалдап койсок туура эмес болуп калат. Мына биз 7-апрелде болгон окуялар боюнча да басым жасап, ошондогу окуя боюнча да жоопкерчиликтер каралсын деп атабыз. Убактылуу өкмөткө чейинкилер да жоопко тартылсын, анан Убактылуу өкмөттүн убагында да кетирилген кемчиликтер болсо, алар да жоопкерчилик тартсын деп атабыз.

2010-жылдын июнь айындагы коогалаңды иликтеген депутаттык комиссия 25 адамдан турат. Ага Жогорку Кеңештеги ар бир фракциядан бештен депутат комиссияга мүчө болгон. Эми алардын коогалаң тууралуу корутунду документи 2-июнда Жогорку Кеңеште каралмакчы.

XS
SM
MD
LG