Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Кыргыз мушкерлери Казакстандан байгелүү кайтты


Аскар Кулибаевдин байгесине арналган эл аралык мелдештин катышуучулары. Атырау. Казакстан. 4-июль, 2015-ж.
Аскар Кулибаевдин байгесине арналган эл аралык мелдештин катышуучулары. Атырау. Казакстан. 4-июль, 2015-ж.

Казакстандын Атырау шаарында өткөн Аскар Кулибаевдин байгесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдештен кыргыз мушкерлери байгелүү кайтышты.

Турнирге 9 өлкөдөн 100дөн ашуун боксчу катышып, кыргызстандык спортсмендер 2 алтын, 3 күмүш жана 2 коло байге менен жалпы командалык эсепте экинчи орунду ээлешти.

Казакстандын Бокс федерациясынын ардактуу президенти Аскар Кулибаевдин байгесине арналган эл аралык мелдеш быйыл 8-жолу өткөрүлдү. 1-июлдан 6-июлга чейин Атырау шаарында болгон эл аралык мелдешке Кыргызстан, Иордания, Сирия, Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Казакстан, Украина жана Орусиядан жалпысынан 111 мушкер катышып, 10 салмак даражасында күч сынашты.

91 кг салмакта Кыргызстандын намысын коргогон Чыңгыз Борбашев финалда Сириялык Госсоун менен беттешип, 1-раундда эле атаандашын нокаутка жыгып, жеңип алды. Кыргыз мушкери бул таймаш тууралуу “Азаттыкка” маек куруп, мөөнөтүнөн мурда таза жеңишти камсыздабаса, баш байгени албай калмактыгын айтты:

- Мелдеш жогорку деңгээлде өттү. 2 ай мурда Атырау шаарында дал ушундай эле эл аралык мелдеш болуп, жарым финалда казакстандык мушкер менен таймашкам. Тилекке каршы ал беттеште артыкчылыктуу күч сынашканыма карабай, калыстар жергиликтүү боксчуга жеңишти берип коюшкан. Бул турнирде башкы калыс сириялык болчу. Эгерде мөөнөтүнөн мурда таза жеңишке жетпесем калыстар сириялык мушкерге баш байгени берип коюшмак. Ошондуктан 1-раундда эле утуп алууга болгон күч аракетимди жумшадым.

64 кг.салмактагы финалдык таймаш. Солдон оңго: Госунахамд (Сирия) жана Эрмек Сакенов (Кыргызстан). 6-июль, 2015-ж. Атырау шаары.
64 кг.салмактагы финалдык таймаш. Солдон оңго: Госунахамд (Сирия) жана Эрмек Сакенов (Кыргызстан). 6-июль, 2015-ж. Атырау шаары.

Кыргызстандан бул мелдешке 7 мушкер катышып, бардыгы тең байге ээси болушту. 49 кг салмакта Рахманкул Аватов менен 52 кг салмакта Азат Усеналиев коло медалды тагынышты. Ал эми Эрмек Сакенов, Акжол Сулайманбек уулу, Турат Осмонов жана Өмүрбек Малабековдор алтын байге үчүн таймашка чыгууга мүмкүнчүлүк алышкан.

2014-жылдагы Азия оюндарынын коло байгесинин ээси Турат Осмонов 49 кг салмактагылар арасында жарым финалда колунан жаракат алып, алтын байге үчүн күч сынашууга чыга албай күмүш байге алды.

56 кг салмакта Өмүрбек Малабеков дагы колунан алган жаракатка байланыштуу татыктуу күч сынаша албай 2-орунду ээледи. 60 кг салмакта Акжол Сулайманбек уулу финалда 2014-жылдагы Азия оюндарынын чемпиону, монголиялык Доржиамбу менен таймашып, 2:1 эсебинде утулуп күмүш медал тагынды. Ал эми 64 кг салмакта Эрмек Сакенов сириялык Госунахамдды 3:0 эсеби менен жеңип, аталган "турнирдин мыкты мушкери" наамынын да ээси болду.

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов турнирде шакирттеринин жетишкендиктерине ыраазы экендигин "Азаттыкка" билдирди:

- Атырау шаарында болгон эл аралык мелдеш AIBAнын календарына киргизилген абройлуу турнирлердин бири. Айрым бир шакирттеримдин коло же күмүш байге алып калганына өкүнгөн жокмун. Анткени бул турнир август айынын аягында Индонезияда боло турган Азия чемпиондугуна катышуучулардын даярдыгын сыноого мыкты мүмкүнчүлүк түздү. Азия чемпиондугунан кийин быйылкы жылдагы башкы мелдештердин бири саналган дүйнө чемпиондугуна катышабыз. Дүйнө чемпиондугунда Олимпиада оюндарына лицензия берилет. Олимпиада лицензиясын алуу - башкы максатыбыз. Ал мелдешке мыкты даярдык көрүшүбүз керек.

60 кг.салмактагы финалдык таймаш. Солдон оңго: Акжол Сулайманбек уулу (Кыргызстан) жана Доржиамбу (Монголия). 6-июль, 2015-ж. Атырау шаары.
60 кг.салмактагы финалдык таймаш. Солдон оңго: Акжол Сулайманбек уулу (Кыргызстан) жана Доржиамбу (Монголия). 6-июль, 2015-ж. Атырау шаары.

Казакстандын Атырау облусунун бокс федерациясынын вице-президенти Сарсенбай Тургаев бул эл аралык мелдешке Казакстандын улуттук курамасына кирген мушкерлер катышпаганын, ал эми чет элдик курамалардын арасында Азиянын, дүйнөнүн чемпиондугунун жана Азия байге ээлери катышып, атаандаштык күчтүү болгонун маалымдады.

- Аскар Кулибаевдин байгесине арналган эл аралык мелдеш буга чейин Батыш Казакстан облусунда өткөрүлүп келген. Бул сапар биринчи жолу Атырау облусунда өттү. Атаандаштык абдан күчтүү болду. Орусия, Украина жана Монголия ж.б. өлкөлөрдөн дүйнөнүн, Азиянын чемпиондуктарында байге алышкан күчтүү мушкерлер келишти. Алардын катарында кыргыз боксчулары да татыктуу атаандаш болушту. Бешөө финалга чыкты. Казакстандан облустук курамалардан 25ке жакын мушкер катышты.

Мелдеш жыйынтыгында Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курамасы 2 алтын, 3 күмүш, 2 коло байге менен командалык эсепте 9 өлкөнүн ичинен 2-орунду ээледи. 4 алтын, 1 күмүш эсеби менен өзбек мушкерлери 1-орунду ээлесе, 2 алтын, 2 күмүш, 6 коло байге алган казак мушкерлери 3-орунду алышты.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG