Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Мырзаев: Банктарды Убактылуу өкмөт мүчөлөрү тоногон


Банк уячаларынан алынган долларлар боюнча чатактын жаңы толкуну чыкты.
Банк уячаларынан алынган долларлар боюнча чатактын жаңы толкуну чыкты.

Улуттук банк башчысынын мурдагы орун басары Убактылуу өкмөт жетекчилери учурунда банктардан мыйзамсыз түрдө акча чыгарып кеткенин айтып чыкты.

Былтыр 7-апрелден кийин Абдымалик Мырзаев Улуттук банктын жетекчисинин орун басары кызматында иштеген. Ошол учурда ал Темир Сариев баштаган “Ак шумкар” партиясынын катарында болчу. Азыр ал “Эл бийлиги” партиясында жүрөт.

Жакында эле Мырзаев “коммент.кг” интернет басылмасына интервью берип, былтыр 7-апрелден кийин Убактылуу өкмөттө турган Темир Сариев, Азимбек Бекназаров баштаган адамдар Бакиевдерге тиешелүү делген банктарды тоношконун айтып чыкты. Анын айтымында, Башкы прокуратуранын кызматкерлери банкта каражаттарын сактаган жөнөкөй жарандардан деле акча өндүрүүгө үлгүрүшкөн. Башкача айтканда, банктан акчасын алууга келген жарандардан сакталуу турган акчанын 20-30 пайызын алып турушкан.

Ал өз сөзүндө 7-апрелде Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө, анын ичинде партиялашы Темир Сариевге ишенгенин, бирок натыйжада алардан такыр эле көңүлү калганын билдирди. Абдымалик Мырзаевдин айтымында, миллиондогон долларлардын банк кутучаларынан мыйзамсыз алынганы тууралуу фактылар көп:

- Бүгүн мен өзүм башымдан өткөргөн фактылардын бирөөнү айтып берейин. Биринчи кезекте ал баягы 2 миллион долларга байланыштуу. Так күнү эсимде жок, 7-апрелден кийин мага АУБдун (Азия Универсал Банк) убактылуу жетекчиси Жылдыз Куленбекова чалып, “Башкы прокуратура кызматкерлери 2 миллион доллар жана башка нерселерди мыйзамсыз алып кеткени жатышат” деди. Мен аларды токтотуп тургула, азыр барып териштирем дедим. Мен дароо эле Токтогул-Турусбеков көчөсүндөгү АУБдун имаратына келдим. Атайын бөлүктүн аскерлери коштогон унаалар кетип аткан экен. Мен дароо эле чуркап чыгып, аларды токтотууга аракет кылдым. Бирок аркаман бирөө түрткөнүнөн карасам, атайын бөлүктүн аскери экен. Ал мени четке түртүп салды. Мен дароо эле Темир Сариевге чалып, “Темир Аргенбаевич, бул жакта акча чыгарып кеткенге аракет кылып атышат, бул мыйзамсыз да” десем, ал мага “бул жакка тумшугуңду салба, бул иш чечилген нерсе, бул сенин ишиң эмес” деди. Анан Темир Аргенбаевич, убагы келгенде бул үчүн абдан катуу жооп бергенге туура келет деп айткам. Бекназаров мырза менен анын шериктери ошондо жасаган иштер өтө олуттуу иликтөөнү талап кылат.

Азырынча банк уячалары боюнча Абымалик Мырзаевдин айыптоолоруна байланыштуу Темир Сариевге да, Азимбек Бекназаровго да байланышуу мүмкүн болбой турат. Былтыр жайда Убактылуу өкмөттүн бул эки мүчөсүнүн телефондон сүйлөшүүсү чыгып, 1 миллион долларды кандайча жашыруун чыгарып кетүү керектигин акылдашып аткандыктары дайын болгон. Кийин алар сөз болгон акчалар коопсуздукту сактоо боюнча чукул иш-чараларга коротулганын айтып чыгышкан.

Буга чейин банк уячаларынан 21 миллион доллар эмес, андан алда канча көп каражат алынганы тууралуу кыйла айтылган. Айрым булактарда, Бакиевдерге тиешелүү делген банктардан 7-апрелден кийин 100 миллион доллардын тегерегинде акча алынганы айтылган. “Азаттык” да бул боюнча иликтөө жүргүзүп, банк уячаларынан акча алуу процессин банктардын күзөт кызматы орноткон видео камералар тартып турганын, бирок ал материалдарды прокуратура белгисиз себептер менен жоготуп койгонун, буга байланыштуу Кубатбек Байболов башкы прокурор болуп турган маалда Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкерлери Анатолий Хегай менен Алтынбек Намазалиевге кылмыш иши козголгонун жазып чыккан.

Кубатбек Байболов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, банктардан алынган акчанын суммасы 21 миллиондон көп деген күдүк ойдо калганын, ага олуттуу негиздер бар экенин билдирген:

- Ошол банк уячаларынан алынган акчанын суммасы биз жарыялап аткандан кыйла көп деген бүдөмүк ойлорго жооп таба алганыбыз жок. Ошол банктардагы жүрүп жаткан бардык процесстерди жазып алган камералардын жанагыдай дисктери жоголуп кеткен. Биз тергөөдө канчалык аракет кылсак дагы бул дисктерди таба албай калдык...

Серепчилер банк уячаларына байланыштуу өтө чоң чиновниктер аралашкан коррупциялык иш азыркы бийлик тушунда ачылбай турганын айтып келатышат. Бери дегенде 80 миллион доллар белгисиз жоголгону айтылып жаткан бул иште шаардык прокуратуранын жөнөкөй эки кызматкери башкы айыпкер болуп чыга келгени да шек туудурат.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдрахманов болсо бул чуулгандуу маселени кароону парламент кийинкиге жылдырып койгонун, андыктан күзүндө банк уячалары, тыңшоочу аппараттар тууралуу маселени сөзсүз түрдө Жогорку Кеңеште козгоорун билдирди.

XS
SM
MD
LG