Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

Дагы бир балбан Лондонго жолдомо алды


Арсен Эралиев
Арсен Эралиев

Хельсинки шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште кыргыз балбаны Арсен Эралиев Лондон олимпиадасына жолдомо утуп алды.

Балбандардын акыркы аракети

4-майдан 6-майга чейин Финляндиянын борбору Хельсинкиде грек-рим жана эркин күрөш боюнча жеңүүчүлөргө Лондон олимпиадасына жолдомо ыйгарыла турган эл аралык турнир болду. Бул таймашууда кыргызстандык 12 балбан күч сынашты.

Хельсинкиде эркин күрөштөн кыргызстандык алты балбан мөөрөй талашып, алардын бирөө жарым финалга чейин жетти. 60 кг.салмакта жаштар арасында дүйнө чемпиону Улан Надырбек уулу финалга чыга албай, коло байге менен гана чектелди.

Өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Раатбек Мамбетовдун пикиринде, Улан Надырбек уулу Астана жана Хельсинки шаарындагы мелдештерде жакшы күрөшүп, аз упай менен эки жолу жолдомо албай калды.
Эркин күрөштөн Хельсинкиде алты балбандын бирөө дагы Лондон олимпиадасына жолун ача албады.

Арсен Эралиев Лондон олимпиадасына барат

Хельсинки шаарындагы грек-рим күрөшүнөн олимпиадалык иргөө мелдешинде финалга чейин жеткен кыргызстандык балбан Арсен Эралиев күмүш байге утуп, Лондон олимпиадасына жолун ачты. Ал буга чейин германиялык балбан Зайдоф Цейхунду, армениялык Роман Амаянды жеңип, жарым финалда румын Монтуни Вергелди уткан. Финалда украиналык Вигар Рагумовго утулуп, күмуш медалга ээ болгон. Лондон олимпиадасына биринчи жана экинчи орунду алган жеңүүчүлөргө жолдомо берилет, ошол себептүү Эралиев олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын коргой турганы анык болду.

Хельсинкидеги турнирде Бээжин олимпиадасынын коло байге ээси, Азия чемпиону Руслан Түмөнбаев (60 кг.) жана Бээжин олимпиадасынын күмүш медаль ээси, Азиянын эки жолку чемпиону Канат Бегалиев (66 кг.) коло байге утканы менен Лондон олимпиадасына жолдомо албай, аракетинен майнап чыкпады.

Лондон олимпиадасына жолдомо алган Арсен Эралиев ишенимди актап, мөөрөй алганына федерациянын вице-президенти Алмаз Касенов кубанып турат:

- Даярдыктар жакшы эле болчу. Эл аралык бир нече мелдештерде балбандарды сынап, такшалуудан өткөн эле. Биздин балбандардан Арсен Эралиев ишеничти актады. Эми анын кайсы учурда жаңылганын, кемчиликтерин да көрүп, даярдыктын бир аз чийки болуп калганын байкадык. Катаны оңдосо болот. Лондон олимпиадасында байгелүү орунга жетип калышы толук ыктымал.

Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов Эл аралык күрөш федерациясынын жетекчилери Арсен Эралиевге дурус пикирлерди айтышканын, эми ал Лондон олимпиадасында байгелүү орундарга аракет кылаарын “Азаттыкка” билдирди.

- Быйыл Стамбулдагы дүйнө чемпионатында Азия чемпиону Арсен Эралиев америкалык Спенсера Мангону жана венесуэлалык Хорхе Кардозону 3:1 эсебинде жеңген. Бирок чейрек финалда кытайлык Шуджинге 2:0 эсебинде алдырып коюп, Арсен да Лондон олимпиадасына жолдомо албай калган. Ошондо Арсендин аракетин Эл аралык күрөш федерациясынын жетекчилери байкап, ушул жигитке көңүл буруу керектигин айтышкан. Эми кыргызстандык 4 балбан Лондон олимпиадасына жакшы даярдык көрсө, Данияр Көбөнов менен Арсен Эралиев байгелүү орунду жеңип алышы толук мүмкүн. Мен биздин жигиттерге ишенем.

Талыбаган, арыбаган Арсен Эралиев

Лондон олимпиадасына жолдомо алган Арсен Кадырбай уулу Эралиев 25 жашта. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айлында туулган. Грек-рим күрөшүнөн эл аралык спорт чебери. Былтыр Кыргыз мамлекеттик дене тарбия Академиясын бүткөн. 12 жашынан бери грек-рим күрөшү менен машыгат. Биринчи устаты өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Камбар Исмаилов. Бишкектеги республикалык олимпиадалык резерв окуу жайынан билим алган. 2006-жылы Бангкокто Азиянын уландар арасында чемпиону болгон. 2007-жылы Филиппиндер өлкөсүндө жаштар арасында Азиянын чемпиону аталып, алтын медаль тагынган. 2007-жылы Бээжинде жаштар арасында дүйнө биринчилигинде коло байге уткан. 2008-жылы Түркияда жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медаль жеңген.

Былтыр Ташкенттеги Азия чемпионатында жеңил салмакта Арсен Эралиев бардык атаандаштарын жеңип, финалда өзбекстандык Илдар Хафизовду 8:0 эсебинде утуп, Азия чемпиону аталган.

Бир нече Эл аралык Гран-при турнирлерде жеңүүчү болгон. Өлкөнүн көп жолку чемпиону.

Кыргызстандык 4 балбан Лондондо күрөшөт

Март айында Астанада өткөн олимпиадалык турнирде грек-рим күрөшүнөн Азия оюндарынын чемпиону Данияр Көбөнов менен эркин күрөш боюнча кыз-келиндердин таймашуусунда Айсулуу Тыныбекова Лондон олимпиадасына жолдомо алышкан. Апрель айынын акыркы күндөрү Кытайда өткөн олимпиадалык жолдомо берчү мелдеште эркин күрөштөн Магомед Мусаев да Лондонго жолун ачкан.

Олимпиадага дагы жол ачылышы мүмкүн

Лондон олимпиадасына саналуу гана күндөр калды. Учурда кыргызстандык 9 спортчу гана Лондон олимпиадасына жолдомо алышты. Алар жеңил атлетчи Юлия Архипова, дзю-до чебери Чингиз Мамедов, таэквондочу Расул Абдураим, грек-рим күрөшүнөн Данияр Көбөнов менен Арсен Эралиев, эркин күрөштөн Магомед Мусаев менен Айсулуу Тыныбекова жана мерген Руслан Исмаилов олимпиадага даярдык көрүшүүдө. Ал эми оор атлетчилерге берилген бир жолдомо кимге берилээри алигиче чечиле элек. Ошондой эле Эл аралык сууда сүзүү федерациясы дагы кыргызстандык 2 спортчуга да жолдомо берүүгө макулдук беришкени айтылып, бул маалымат такталып жатат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG