Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:03

Бир жарым миллиард кайда?


"Манас" аба майданындагы америкалык аскер аба транзиттик жүк ташуу борбору Кыргызстандын экономикасына он жыл ичинде 1 жарым миллиард долларга жакын салым кошкон.

Бирок аталган каражат канчалык деңгээлде натыйжалуу пайдаланылып, калктын калың катмарынын жашоо деңгээлин жогорулатууга жумшалгандыгы боюнча маселе коомчулукта кабыргасынан койулууда.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спартлен айым “Манас” аба майданындагы транзиттик борбордун он жылдыгына байланыштуу салтанатта аталган объект Кыргызстандын экономикасына 1,4 миллиард доллар өлчөмүндө салым кошконун билдирди. Анын көпчүлүк бөлүгү ижара акысы катары өлкөнүн бюджетине түшө тургандыгы айтылып келген.

Бирок Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутат Жоомарт Сапарбаев америкалык аскер аба базасынан түшө турган пайданын өлчөмүн эмнегедир Кыргызстандын өкмөтү ачык жарыялабай келгенине токтолду:

- Эгерде АКШ элчилигинин эсеби боюнча мына ошондой өлчөмдө накталай акча каражаты төлөнгөнү чын болсо, анда анын мына ушул жылдар аралыгында кайда жумшалганын текшерүү керек. Анткени бир жарым миллиард доллар оңой акча эмес. Бул акча кайсы жылдардан бери, кандай өлчөмдө берилгендигин аныктап туруп, эгерде чын эле кымтып алуулар далилденсе, буга жооп бере тургандардын жоопкерчилигин карашыбыз керек.

АКШнын “Манас” аба майданындагы аскер аба базасы Ооганстандагы операцияны колдоо үчүн 2001-жылы ачылган. Алгач аскер аба базасы Кыргызстандын аба майданындагы жердин ижара акысы үчүн 4,5 миллион доллар төлөп, кийин ал сумма 17 миллионго көтөрүлгөн. Мындан сырткары учактардын учуп-конуусуна жана аэронавигациялык тейлөөгө акы төлөнгөн. 2009-жылдагы жаңы келишимге ылайык, Кыргызстандын казынасына түшө турган базанын бир жылдык ижара акысы 65 миллион долларды түздү.

Кыйыр кирешелер кошулуп эсептелгенби?

Кыргызстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Руслан Казакбаев базадан бир жарым миллиард долларга жакын салым болду деген маалыматты кыйыр жана накталай төлөмдөр менен байланыштырды:

- Азырынча так эсеп жок. Аны алыш үчүн ар бир тармак боюнча талдап чыгышыбыз керек. Мисалы, учактардын учуп конуусу, токтоп турганы жана аэронавигациялык тейлөө үчүн бир нече түрдөгү акылар төлөнөт. Буга кошумча жердин ижара акысы да ага кошулат. Ошентип отуруп он жылдын ичинде мына ошол айтылган суммага барып калышы мүмкүн.
Мындан сырткары жергиликтүү экономисттер АКШнын 1 миллиард 400 миллион доллар деп айтылган салымга ижара акысы менен бирге кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүчү кирешелер кошо эсептелген деген жүйөлөрүн келтиришти. Ал эми ижара акысы толугу менен жыл сайын бюджеттин кенемтесин толтурууга жумшала тургандыгы айтылды.

Жаңы өкмөттүн Экономика министрлигине талапкер Темир Сариев Кыргызстанга он жыл ичинде 1 жарым миллиард доллар киргизилгенин өтө эле чоң сумма дегенге кошулбайт:

- АКШнын базасына кыйыр түрүндө биз тараптан ар кандай кызмат көрсөтүүлөр бар. Бул эми накталай эмес, киреше болгону менен экономикага болгон салым катары каралышы мүмкүн. Биздин ишкерлер аны азык-түлүк менен камсыздашат, жарандарыбыз ал жакта иштеп айлык алышат жана ар түрдүү сатып алуулар жүргүзүлүшү мүмкүн. Бирок мунун бардыгы бюджетке түшпөйт да. Ал эми түздөн-түз бюджетке түшө турган ижара акысын алар ар бир квартал сайын 15 миллион доллар өлчөмүндө которуп турушат. Бирок мына ошол акча каражатынын бардыгын кошкондо он жыл ичинде 1,4 миллиард даллар өлчөмүндө салым болду дегенди мен өтө эле чоң сумма деп эсептебейм.

Бирок канткен менен Кыргызстандын экономикасына түз жана кыйыр түрдө “Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик борборунан түшкөн кирешени жокко чыгарууга болбой тургандыгы белгиленди. Анткени транзиттик борбордо миңге жакын Кыргызстандын атуулдары айлык алып иштеп, ондогон ишкерлер ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдүн эсебинен киреше табышат.

XS
SM
MD
LG