Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Кыргызстанга келчү тоок этин Орусия өткөрбөй жатат


Кыргызстан, Бишкек. Ош базарында сатылган тоок эти.
Кыргызстан, Бишкек. Ош базарында сатылган тоок эти.

Литвадан Орусиянын аймагы аркылуу Кыргызстанга келчү 375 тонна тоок эти ара жолдо турат. Быйыл Кыргызстанга АКШдан 13 280 тонна тоок эти ташылып келген.

“Лента.ру” агенттигинин Брянск жана Смоленск облус бийликтерине таянып жазышынча, Орусиянын аймагы аркылуу Кыргызстанга келчү 375 тонна тоок эти ара жолдо турат.

Москва АКШ менен Евробиримдиктин Орусияга каршы санкцияларына жооп катары ушул жылдын августунда Батыш өлкөлөрүнөн айыл чарба продукциясын алууну токтоткон. Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев “Азаттыкка” берген маегинде Орусияга каршы санкциялар Кыргызстанга да таасир этиши мүмкүн экенин айткан эле.

“Лента.ру” агенттигинин маалыматында, Орусиянын айыл чарба азык-түлүктөрүнө көзөмөл кылган органы Merito Trading компаниясынын Литвадан Кыргызстанга алып бара жаткан тоок этин "ветеринардык талаптарга жооп бербейт" деген жүйө менен токтоткон.

Бул көрүнүштү АКШнын Орусияга каршы санкцияларына Москванын жообу катары баалагандар да болууда. "Кошмо Штаттардан Кыргызстанга ташылып келе жаткан тоок этинин Орусияда токтоп калышы, Батыш менен Орусиянын тирешинин Кыргызстанга тийгизген алгачкы таасири катары карасак болот", - дейт серепчи Манас Саматов.

- Бул жерде кептин баары Орусиянын жүрүш-турушунда. Кандай болгон күндө дагы Кыргызстан силерге да таасири тиет дегендей кылып жатат. Азыр Орусия күчүнүн болушунча кыр көрсөтүп, санкцияларга каршылык көрсөтүү аракетинде.

Өкмөт башчы Оторбаев “Азаттыкка” берген маегинде Орусияга каршы санкциялар Кыргызстанга да таасир этиши мүмкүн деген эле. Премьер андыктан Кыргызстан ар кандай кырдаалга даяр турушу керектигин айтып, учурда анализ жүрүп жатканын билдирген.

- Орусиянын экономикалык абалы начарласа, анын анча-мынча таасири бизге да тиет. Бирок бул өлкө учурда терең кризиске кептелген жок. Ошондуктан, кыска мөөнөттө мындай кырдаалдан чыгат деп ишенбиз.

Анткен менен Бишкектин базарларында тоок этинин баасы эки жумадан бери көтөрүлүүдө. Маселен, Ош базарынын соодагери Айгүл дүңүнөн алган жерде тоок эти тартыш болуп, баасы кымбаттаганын айтууда:

- Бизге берген баага жарыша үстүнө кошуп, анан сатабыз. Азыр беш-он сомго кымбаттады. Биз алган жерде тоок эти аз болуп жатат, сурасак келбей жатат дешүүдө.

Айыл чарба министрлиги болсо Орусияда токтоп турган тоок эти жөнүндө маалыматы жоктугун айтты. Министрликтин маалыматында, быйылкы жылдын 7 айында Кыргызстанга АКШдан 13 280 тонна, ал эми Кытайдан 13 380 тонна тоок эти ташылып келген.

Кыргызстан жаш ишкерлер биримдигинин башчысы Руслан Акматбек сырттан ташылып келген тоок этине кандайдыр чектөө киргизүү же тыюу салуу карапайым калктын социалдык абалына таасир этерин белгиледи. Учурда малдын эти кымбат болгондуктан, базарда канаттуунун этин алгандар арбын.

- Тоок этинин аз келип жатышы жакшы кабар эмес. Себеби баасы кымбаттайт. Азыр көпчүлүктүн эт алганга акчасы жетпейт, андыктан тоок алып жегендер көп да.

Өзбекстанга Германиядан ташылып келе жаткан 420 тонна тоок этине дагы тыюу салынып, учурда Орусиянын аймагында токтоп турганын “Лента.ру” агенттиги жазып чыкты.

Евробиримдик жана АКШ Москваны Украинанын чыгышындагы кандуу окуялар боюнча айыптап, бир катар экономикалык санкцияларды киргизген. Cанкциялардын жаңы толкуну 12-сентябрда күчүнө кирди. Жаңы санкциялардын “кара тизмесине” "Роснефть", "Транснефть" жана "Газпром нефть", “Уралвагонзавод” компаниялары киргизилди.

Еврошаркеттин мүчөлөрүнө бул ишканаларды каржылоого жана насыя берүүгө мындан ары тыюу салынмакчы.

Кремль болсо буга жооп кылып Батыш өлкөлөрүнөн айыл-чарба продукциясын сатып алууга чектөө киргизген.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG