Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Оң рулду солго которуудан кырсык азаябы?


Оң рулдуу автоунаа.
Оң рулдуу автоунаа.

Кыргыз өкмөтү оң рулдуу автоунааларды коммерциялык максатта 2016-жылдан тарта пайдаланууга тыюу салды.

Өкмөт чечимдин себеби катары жол кырсыктарынын көбөйүшүнүн бирден бир күнөөкөрү оң рулдуу авто унаалар деп түшүндүрдү. Ал эми айдоочулар автокырсыктын көбөйүшүнө рулдун кайсы жакта жайгашканы эмес, башка себептери көп экенин белгилешет. Оң рулдуу унаалар өлкөдөгү алыс аймактарга жүргүнчү ташууга көп пайдаланылат.

Жусуптун Ош-Бишкекке жүргүнчү ташып иштегенине беш жылдан ашты. Ал иштеп баштаганы эле оң рулдуу унаа минип жүрөт. Өкмөттүн оң рулдуу автоунааларды жүргүнчү ташууга тыюу салып жатканына нааразы болгон Жусуп бул машинелер узак жолго ыңгайлуу экенин айтты:

- Мен иштегени оң рулдуу машине айдап жүрөм. Биз бул оң рулдуу жапон авто унааларын айдаганыбыздын себеби айдоочуга, жүргүнчүгө ыңгайлуу. Кышында жылуу, жайында салкындатып койсо болот. Жолдо жалаң оң рулдуу авто унаа жүрсө, анан ал кырсыкка кабылат да. Сол рулдуу автоунаа аз да азыр.

2016-жылга чейин мындай унаа ээлери рулдарды алмаштырса болот. Рулду сол жакка жылдырууга миң доллардын тегерегинде акча сарпталары айтылып келет. Бирок заводдон чыккан техниканы кайра жасоонун сапаты кооптондурат дейт айдоочулар. Ошондой эле автокырсыктардын көбөйүшүнө рулдун кайсы жакта жайгашканы эмес, башка себептери бар деди Асанбек аттуу айдоочу:

- Мен өзүм механик катары айтайын руль менен кырсыктын эч кандай байланышы жок. Эгерде шоопур жакшы айдай албаса, сол рулдан деле кырсыктайт. Анан рулду алмаштыргыла деп жатат, аны алмаштыруу кымбат жана кооптуу.

Расмий маалымат боюнча соңку үч жыл ичинде эле өлкөгө кирген оң рулдуу унаалардын саны 30 пайызга көбөйгөн. Алардын канчасы коммерциялык максатта иш жүргүзөрү белгисиз. Бирок Бишкектен дубандарга каттагандардын көпчүлүгү оң рулдуу жапон унаалары. Алардын негизги артыкчылыгы жети орундуу.

Жогорку Кеңештин депутаты Нарынбек Молдобаев айрыкча алыс жактарга эл ташыган унаалар жол кырсыгына көп кабылып жатканын белгилеп, бул мыйзамды туура деп эсептейт:

- Азыр авто бекеттерде жалаң эле оң рулдуу унаалар турат. Аларды азайтуу керек, кырсык көп.

Оң рулдуу авто унаалар боюнча "Азаттыктын" сурамжылоосу.
Оң рулдуу авто унаа кооптуубу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:53 0:00

2016-жылдан тарта оң рулдуу унааларга эл ташууга тыюу салган мыйзам ишке кирет дегени менен аны тескөөнүн жол-жобосу азырынча жок. Транспорт агенттигинин транспортту көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Кеңешбек Доолетов:

- Азыр мыйзам кабыл алынды бирок, аны иштетүүгө механизм жок. Эми өкмөт тарабынан бир жылга чейин иштелип чыгат да.

Оң рулдуу авто унааларды коммерциялык багытта колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзамды парламент 2013-жылдын 19-июлунда кабыл алган.

Оң рулдуу унааларды колдонууга коңшу өлкөлөр Казакстан, Тажикстан тыюу салган. Кыргызстанда болсо, бир жыл мурда тыюу салуу аракетине көпчүлүк каршы чыгып, ишке ашпай калган. Андан кийин мындай унааларды ташып келүүгө бөгөт коюу демилгелери көтөрүлүп келе атат. ИИМдин маалыматында 2013-жылы өлкө боюнча жалпы 7500гө жакын автокырсык катталса, анын 500гө жакыны оң рулдуу машинелердин күнөөсү менен болгон.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG