Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Президентти сындаган "хизбут" видео


Салафизм багытындагы адам колуна Куран китебин кармап турат.
Салафизм багытындагы адам колуна Куран китебин кармап турат.

Социалдык тармактарда президент Алмазбек Атамбаевди сындаган диний мазмундагы видео кайрылуу жасалды.

Диний багыттагы эксперттер бул видео мамлекеттик органдар тарабынан экстремисттик деп табылып, өлкөдө тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир" уюмуна таандык экенин айтышууда. Ал тасмада “Хизб ут-Тахрирдин" мүчөсү деп кармалган адамга УКМК кызматкерлери ырайымсыз мамиле кылганы, Газа-Израил согушунда кыргыз президенти палестиналыктарга жан тартып, өз оюн билдирбегени сындалат жана ага ислам динине каршы турбаңыз деген пикирлер айтылат.

Видео кайрылууда президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөттөрү менен катар үн жазуу коштолгон. Facebook социалдык түйүнүнө Hizb-Turkiston деген ысым менен катталган колдонуучу аталган видеону кыргыз, өзбек тилдеринде таркатууда. Видеонун башында жетекчилер жөнүндө Куран аяттарынан мисалдар да келтирилет.

Он мүнөттүк тасмада Ош облусунун Кара-Суу шаарында жашаган, “Хизб ут-Тахрир” уюмунун мүчөсү деп кармалган Диляр Жумабаевди 13-сентябрь күнү УКМК кызматкерлери үйүнөн токмоктоп алып кеткени айтылып, атайын кызмат мусулмандарга, исламга каршы иштеп жатат деген сыяктуу билдирүүлөр да камтылган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети азырынча бул видео боюнча маалыматы жок экенин билдирди. Бирок тыюу салынган диний уюмдардын интернет тармагында активдешкенине каршы бир катар иштер жүрүп жатканын атайын кызматтын маалымат катчысы Рахат Сулайманов айтып берди:

- Бүгүнкү күндө биз интернет тармагы боюнча маселе көтөрүп жатабыз. Чындыгында эле интернетте үгүт жүргүзгөн “интернет имам” деген түшүнүк пайда болгон. Жыл башынан бери аларга каршы кандай аракет көрүш керек деген жүздөгөн иш-чара өткөрдүк.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын кызматкери Замир Турсунбеков акыркы учурда бул сыяктуу кайрылуулар көбөйүп, айрыкча интернетте ачык эле үгүттөө жүрүп жатканын байкаган. Турсунбеков муну тыюу салынган уюмдардын үгүттүн жаңы түрлөрүн пайдалана баштаганы катары баалады.

- Каймана ат менен социалдык тармактарга катталгандар толтура. Ошондой эле ушул сыяктуу нерселерди таратып жүргөндөр көбөйдү. Мындай иштерди Кыргызстандан сырткары чет жерден кыла берсе болот. “Хизб ут-Тахрир” уюмунун көпчүлүк үгүт материалдары сырттан жасалып келет.

Эки ай мурун “Хизб ут-Тахрир” уюмунун каза тапкан мүчөсүнүн сөөгүн жерге берүү зыйнаты учурунда тартылган видео тасма да социалдык түйүндөр аркылуу кеңири тарап, талкуу жараткан болчу. Ош облусунун Кара-Суу шаарында жашаган, “Хизб ут-Тахрир” уюмунун мүчөсү экенин ачык айтып келген активисттердин бири Диляр Жумабаевди 13-сентябрь күнү УКМК кызматкерлери кармап кетишкен. Андагы тартылган видео дагы социалдык тармактарда таратылган.

Ушул айда Жалал-Абад милициясы тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” уюмунун аялдар канатынын мүчөсү деп шектелген жети аялдын үйүн соттун чечиминин негизинде тинтип, экстремисттик адабияттарды тапты.

Диний маселелер боюнча серепчи, теолог Зайнабидин Ажымаматовдун пикиринде, жогорудагы фактылар “Хизб ут-Тахрир” уюму өз ишмердигин күчөткөнүн билдирет. Ажымаматов диний экстремизмге каршы тийиштүү органдардын күрөшү натыйжа бербей жатканына токтолду.

- Кыргызстанда эки жылдык атайын түзүлгөн программа бар. Анын негизинде иштер жүрүш керек эле. Бирок азыр ал байкалбай, натыйжасы көрүнбөй жатат.

“Хизб ут-Тахрир” - Кыргызстан аймагында иш жүргүзүүгө тыюу салынган радикал-экстремисттик диний уюм. Ага 2003-жылы сот чечими менен тыюу салынган. Бул уюмдун Кыргызстанда канча мүчөсү бар экени тууралуу так маалымат жок.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG