Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 18:09

Кыргызстан

24-март жана 7-апрел: Түрдүү жооптор жана ар кыл пикирлер

"Азаттык" үналгысынын “Арай көз чарай” талкуусу "24-март жана 7-апрель окуялары ыңкылап болгонбу, же төңкөрүш болгонбу?" деген темага арналды.

Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы ири нааразылык жыйыны. Ыңкылап күнү. Бишкектеги Ак Үйдүн жаны. 2010-жылдын 7-апрели. "Азаттыктын" архиви.
Текст көлөмү - +
Талкууга катышкандар:

Абдыжапар Аккулов -
Ош мамлекеттик университетинин доценти, география илимдеринин кандидаты,
Дүйшөнкул Чотонов - “Ата Мекен” партиясынын төрага орун басары
Эркингүл Иманкожоева - жарандык коом активисти, укук коргоочу

2005- жана 2010-жж. ыңкылаптарды майрамдоо.


С.Жумагулов:
24-март күн Жогорку Кеңеш бекиткен майрам күн, ушул күнү сиздер колуңуздарга Кыргызстандын желегин көтөрүп алып, бала-чакаңыздар менен борбордук майдандарга чыгып белгилейсиздерби?

Д.Чотонов: Мен белгилеген эмесмин, белгилебейм дагы, мунун себептери бар.

Сиз “төңкөрүшпү, революциябы” деп айтып атасыз. Эки тарыхый окуяны тең жөнөкөй элдин башкаруучу системага каршы көтөрүлүшү катары баалайм. Аны революция, же төңкөрүш деп так аташ үчүн алардын жыйынтыктары менен баалоо керек.

Ал кандайдыр бир убакыт өткөндөн кийин көрүнөт, ага биз эмес, бизден кийинкилер баа бериш керек. Ошон үчүн 24-мартты кызыл дата кылып, мыйзам аркылуу мыйзамдаштырып жарыялаганга биз каршы чыкканбыз. Биз 24-мартты майрам деп атоого каршыбыз.

Ошондой эле 7-апрелди да кызыл дата кылып майрамдоого жеке мен каршымын. Бул күндү биз өткөнгө сереп салып, андан сабак алып, алардын жыйынтыктарын анализдешибиз керек, кийин убакыт болгондо буга эл өзү баа берет.

С.Жумагулов: Эркингүл айым, сиз 24-мартты кайда өткөрөсүз, ушул күндү кандай сезимде тосуп аласыз?

Э.Иманкожоева: 24-мартты майрам деп деле эсептебейм. А.Акаев кулагандан кийин абдан жакшы өзгөрүүлөр болот деп эл күткөн. Бирок ал тилек орундалбай, кийинки бийлик элдин шайын аябай оодарды.

Ал эми 7-апрелде болсо дагы эле Бакиевдин режимине каршы эл көтөрүлүшкө чыкты деп ойлойм. Эл ушунчалык кыйналганда, укугу бузулганда, жер сатылганда, айласыз тажаганынан 87 баланын каны төгүлүп революция болду.

Эркингүл Иманкожоева
С.Жумагулов: Сиз 24-мартты да, 7-апрелди да элдик көтөрүлүш болгон деп эсептейсизби? Эки күнү тең майрамдабайсызбы?

Э.Иманкожоева: 7-апрелди кызыл дата кылып койсо деп ойлойм. Анткени 87 бала баатыр болду, бекер кан төгүлгөн жок. Ошон үчүн мен 7-апрелди элдик көтөрүлүш катары майрамдап койсо болот деп ойлойм.

С.Жумагулов: Абдыжапар мырза, Ошто 24-март белгиленеби, сизде ушул күнү майрамдык сезим болобу?

А.Аккулов: Ошто 24-март белгиленбей турганы бардыгына эле маалым. Эки революция болду дегендерге мен кошула албайм. Себеби дүйнөлүк тарыхты карай турган болсок, революциянын өзүнүн эрежелери, же жоболору мыйзам ченемдүү көрүнүштөрү болуш керек эле.

Ага чейинки 2005-жылдагы окуяны революция деп айтып жүрүшөт, ал бийликтин төңкөрүшү эле болгон. Ага салыштырмалуу 7-апрелде эки эсе төңкөрүш эле болду деп айтканга мен толук негиз бар деп эсептейм. Ошондуктан бул күндөрдү революциянын жеңиши деп белгилегенге эч негиз жок.

2005- жана 2010-жж. ыңкылаптар: термин талашы.

Абдыжапар мырза, 2005-жылдын 24-мартындагы окуяны төңкөрүш деп кайсы жүйөгө таянып айтып атасыз?

А.Аккулов: Өзүңүздөргө маалым болсо, 2005-жылдагы элдин көтөрүлүштө Аксы, Боспиекти эске ала турган болсок, бул элдин нааразычылыгы бийликти башкаруудагы үй-бүлөлүк, кландык формага каршы болгон. Андан кийинки Бакиевдин беш жылдыгы деле мурунку бийликтен ашса ашып, кемиген жок. Бирок биз бийлик алмашуунун цивилизациялык жолдоруна барган жокпуз.

2005-жылды элдик төңкөрүш деп айттык. Элдик төңкөрүшкө жер-жерлерде жети дубан бардыгы эле бирдей көтөрүлгөн. Бишкекте борбордук аянтка Ак үйдүн жанына чогулган эл бүт аймактардан келгени белгилүү.

Эми өз көзүм менен күбө болгон нерсени айтайын. 7-апрелде саат ондордо мен Ак үйдүн алдында болуп, анан Ошко жол тартканбыз. Ыңкылаптын эч кандай илеби сезилген эмес. Кийин гана бардыгыбызга маалым болгондой, Таластагы окуялар башталып кетип, анан “Форумдун” алдында алдын ала даярдалган күчтөр, ары-бери өткөн массалар кошулуп эле чукул бийликтин алмашуусуна алып келди.

Г.Ашакеева: Демек 24-март бул – ыңкылап, ал эми 7-апрелде бир чакан топ бийликти басып алды деп айтасызбы?

Абдыжапар Аккулов
А.Аккулов:
Мен ушундай деп ойлойм. Өткөн жылы биз көргөндө 21-март күнү Ноорузда мурдагы президент К.Бакиев Ошто жүрөт, анын артынан чуулган чыгаруу жөнүндө эч кандай сөз болгон эмес. Болбосо жер-жерде революциялык комитеттер, башка кыймылдар ыңкылаптын идеяларын башташ керек болчу да.

Айталы, сөздүн ачыгы, 7-апрелде түштүк аймакта бардыгы тынч болуп турду, бирөө көчөгө чыгып "апрель революциясы" башталды деген жок. Кийин эсине келгенде жер-жерлердеги убактысын күтүп жаткан айрым саясий күчтөр башын көтөрдү. Аны биз өз көзүбүз менен көрдүк.

С.Жумагулов: Дүйшөнкул мырза, “Бишкектен гана башталып кеткен төңкөрүштү башка күчтөр Ошто пайдаланып кетти” дегендей пикир айтылып кетти. Сиз ушуга кошуласызбы, сиз ошол күндөрү Ошто жүрдүңүз эле?

Д.Чотонов: Биз революция, төңкөрүш, көтөрүлүш деген сөздөргө так маани бербей атабыз. Ошону так түшүнүп алсак. Төңкөрүш деген кичинекей топтун мыйзамдуу бийликти элдин жалпы мүдөсүнө таянбастан өзүлөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн басып алуу дегенди түшүндүрөт.

Ал эми революция деген коомдогу тез өзгөрүүлөр болгон чоң секирикти түшүндүрөт. Элдик көтөрүлүш – жалпы элдин кыжырдануусу кайнап чекке жеткенде эл өзү көтөрүлүп чыгып, конституциялык укугунан пайдаланып бийликти алмаштырып, бийликтегилерди кууп чыгуу дегенди түшүндүрөт.

Менимче, болуп аткан эки окуя тең көтөрүлүшкө туура келет. Так айтып коеюн, 7-апрелде мен КГБнын түрмөсүндө отургам, 6-апрель күнү Ошто курултайды баштап аткан жерибизден бизди кармап камаган. 

7-апрелде Абдыжапар мырза «эч нерсени көрбөдүм, билбедим, укпадым» дейт. Эми ал тынч сабагын берип укпай жүрө берсе укпайт да. 99 пайыз кыргыздар толугу менен укпай калышы мүмкүн. Бирок ар бир эле коомдо активдүү катмар болот, ошол активисттердин катмары ушундай иштерди жасайт.

Дүйшөнкул Чотонов
Эмне үчүн мен 24-мартты, 7-апрелди көтөрүлүш деп айтып атам?
Себеби бизде чоң өзгөрүүлөр болду.

Абдыжапар мырза туура эмес айтып атат. 2005-жылдагы элдик көтөрүлүштөн кийин К.Бакиев А.Акаевдин үй-бүлөлүк, кландык системасына каршы болсо, андан кийин өздөрү үй-бүлөлүк-криминалдык системага айлантып, абдан чектен ашкан кадамдарга баргандан кийин 2005-жылы элдин ишке ашпай калган ой-мүдөөсү 2010-жылы кайрадан жарылып чыкты.

Ал эми 2010-жылдагы төңкөрүш ишке ашкандан кийин 2005-жылдан айырмаланып – бизде саясий оппозициялык күч өзүнүн даяр программасы менен турган болчу. Биз ошол программабызды Конституция катары Кыргызстанда ишке ашыра алдык.

Албетте абдан чоң окуялар болду, 20 жылдык жаралардын баары жарылды. Ар кандай күтүүсүз каргашалуу окуялар болуп өттү. Биз ошолорго карабастан өзүбүздүн оюбузга жетише алдык. Тарыхты карап көрсөк, мындай нерселер аз жасалат. Бирок биз реформанын биринчи баскычын баштап 27-июнда Конституцияны кабыл алдык. Ошондон бери бизде реформа токтоп турат.

2005- жана 2010-жж. ыңкылаптар жана коом болочогу.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Men каяктан: Bilbeym
06.04.2011 10:11
Bizde ar kun mayram bolup kaldi.alkashtar narkomandar zerikse barip akchaga revolusiya jasashvatat.kaarman bolvatishat.kuday kechirsin.mamleket ekonomikalik kotorulushu kerek.bashka echnerseni oylobosh kerek.natsiya jogolotdegen, manas jogolot, kirgiz tili bular jomok ekonomika kuchtu bolso bari bolot

кимден: Адилет каяктан: Ош
04.04.2011 10:06
Эй,кыргыздар!эмне башка жумушунар жокпу?Жиндиге кундо майрам дегендей,эмне кереги бар.али эртелик кылат.Революция же тонкоруш болгондон кийин заман озгоруш керек туп тамырынан бери.Бизде андай болгон жок го?кайра мурастай уланып жатат.Кыргыз элине жерине рахмат ушунча нерселерди которуп журот.

кимден: Кайратбек каяктан: Бишкек
01.04.2011 18:17
24-мартты да, 7-апрелди да революция деп айтканга азыр эрте деп ойлойм. Экоондо тен эл уй-булолук, криминалдашкан бийликти кулатты. Бирок система азыр толук озгоро элек. Ошол эле коррупциялык схемалардын копчулугу азыр деле иштеп жатат. Бир беш жылдан кийин, биздин Дун продукциябыз осуп, бюджет 10 эсе осуп, элдин жашоосу жакшырса, Жогорку Кенеш карап коруп анан майрам кылса болот. Азыр болсо копчулук 24- мартты "день марадер", деп 7- апрелди "кандуу кун" деп айтышыт. Азыр жон кана эскеруу кундору болуш керек бул эки кун тен.

кимден: Коля
28.03.2011 13:56
Балакет болсо да, майрам болсо да, мародерлор куну болсо да МЕН КЫРГЫЗ дегенибиз Аянтка чыгып, Туунун астында унчыкпай тынч отуруп, Куран окутун, гул коюп кетсек олгон балдардын, окуянын себебинен инвалид болуп калган боордоштор алдында сый-урмат болмок. Азаттык, элди чогултсанар болот эле. Мен жана башка кыргыз учун олгон балдарга ТААЗИМ

кимден: Арык каяктан: Сокулук
27.03.2011 11:35
2005-ж. 24-Марты менен 2010-ж. 7-Апрелин биринен-бирин бөлүп кароо туура болбойт деп ойлоймун. Себеби, экөөндө тең, эл бийликте олтурган Президентке жана алардын өз элине карата акыйкатсыз жүргүзгөн иштерине каршы чыгышты. Өз элинин социалдык акыбалына көңүл бурулбай, өздөрү гана байууну көздөгөндөрүнүн жалпы эл журтка маалым болуп жатпадыбы. 24-Март тарыхта элдик көтөрүлүш катары болду деп эсептеймин. Себеби, максатына жетпей калды. Ал эми 7-Апрели боюнча айтыш эрте. Бирок 7-Апрель мамлекеттик комиссиянын кортундусу боюнча "Элдик ыңкылап" деп баа берилди. Апрель ыңкылабынан кийин парламентик өлкөгө өттүк. Эгерде, азыркы башкаруу системасы кыргыз элине чыныгы акыйкаттык, эркиндик жана жашоонун оңолушуна шарт түзүп бере алса, 7-Апрель тарыхыбызда революция болду деп айтууга эч бир күмөн туудурбайт эле деген ойум бар.

кимден: Айылчы
26.03.2011 23:05
Жаркын идеяга - "жестоко" жазылып, аягы бүтпөй калган сценарий... же калганын "война план покажет" болуп калган сценарий . Она показала, что народ на местах, еще мирно спал. Ойгонгон элдин үрөйү, Ош окуясын чыгартып жиберди...
Президенттин интелекти бийик болуп,акылман болгондо, кандай болгон күндө да элине ок чыгармак эмес.

кимден: Maia каяктан: Bishkek
26.03.2011 18:15
24 -Март официалдуу түрдө майрам деп Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген, ошондуктан "март" деген ай атын баш тамга менен жазышыңар керек, анткени "Жазуу эрежелеринде" ушундай белгиленген. Ал эми бул күнү "революция болгонбу же болгон эмеспи" деген маселеге келсек, менин оюмча, чыныгы революция болгон.
Пикирге жооп

кимден: Самид Мурза каяктан: РФ
27.03.2011 14:06
Башында биз да ойлодук эле чыныгы революция болот деп тескерисинче болду революцияга элди жыйнап жер-жерлерде акыйкаттык учун коп аракет кылган эл адамдары четте калып эле мурун Акаевдин эшигин шыпырып жургон Бакиев бийликке келди.Буга мисал бир нече жыл илгери "Адилет"программасынын архивинен Бакиевдин интервьюсунда "Акаев дуйнодо эн акылман 7адамдын бири,илимдуу,билимдуу,маданияттуу","мен пара берген жокмун,мени чон кызматтарга дайындады губернатор,премьер министрге чейин жеттим"-деп.Анан "аксы окуясынан"кийин кызматтан четтеп калгандан кийин деле оппозициянын катарында корунгон жок,деги эле бийликке каршы омурундо ооз ачкан эмес,анан каяктан журуп революционер болуп калды.? революцияны баштагандар баягы эле кыргызга белгилуу оппозиционерлер анын ичинде азыркы президент Роза Отунбаева,Дооронбек .Текебаев,Баяман ж.б. туштукто шайлоонун жыйынтыгы боюнча нааразы болгон элди областтарга чогултуп журушту.Ошондо Бакиевди же туугандарын эч ким коргон эмес.Бул тонкоруш болоордо Усен Сыдыковдун планы менен болуп калды.Ошол тонкоруш болуп Акаев качкандан кийин Сыдыков журналисттерге мындай деген:"Бакиев премьер министр болуп иштеген башка эч ким иштей албайт"-деп корсо ал деле озун ойлоп аткан экен,озун эле эмес баласына да шарт тузгон экен.Бакиев элдин кучу менен бийлике келгенден кийин аракет кылып жургондорго кызмат беримиш болду да уч айдан кийин кайра баарын иштен айдап,оордуна баягы эле эл тушургон акаевдин адамдарын алып келип койду.ага мисал Конгантиевдер бири жогорку сотто экинчиси ички иштер министри,убагында "Акаевге добуш бербесенер бизнесинерди жабам"-деп майлу-суулуктарды коркутуп журчу кичуусу.Революция деп ооз ачпай деле койсок б-т.Эски бийликти туп тамырынан бери жоюш керек,болбосо эл ишенбей калды бугунку бийликке,азыркы бийликте деле ошол эле адамдар Бабановко окшогондор журушот убагында Максимдин колтугунда журуп ,эми" Атамбаев менен иштоо женил,мурун тилим кыска эле"-дейт.мындай адамдар туруксуз "кун карамалар",кудай бетин ары кылсын эгер дагы бийлик алмашып кетсе булар азыркы бийликти карап тукуруп басып кетиши айдан ачык.Роза эжеден суранат элем кадр маселесин ото кылдат мамиле кылсаныз экен,"кой терисин жамынган карышкырларды"откорбой,КЫРГЫЗСТАНЫБЫЗДЫН осуп,онугушу учун!!!!!!! Балдарыбыздын келечеги учун!!!!!
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
27.03.2011 11:19
РЕВОЛЮЦИЯНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫЧЫ? ЭМНЕГЕ ЖЕТИШТИК? АЛ РЕВОЛЮЦИЯНЫН АРКАСЫ МЕНЕН КЕЛГЕН ПРЕЗИДЕНТ ОЗ ЭЛИНЕ ОК АТКАНЫ ТУУРАЛУУ КАНДАЙ ЖЫЙЫНТЫК????
24-МАРТ БАШТАЛЫШЫ БОЛГОН.... 7- АПРЕЛЬ УЛАНТТЫ АНЫН ЖЕМИШИН КОРОЛУ.???

кимден: dildara каяктан: bichkek
25.03.2011 17:13
24-март менен 7-апрелди майрамбы, революциябы, тонкорушбу деп башыбызды оорутуп жаттабыз. Азыр бул кундорду атоо эртелик кылат деп ойлоймун. Эртен кыргызстанда дагы кандай окуялар болуп кетет аны бир кудай билет. Ошондуктан тарыхый баа беруу эртелик кылат.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук