Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:32

Өкмөт Ошко газ качан келээрин билбейт


Оштогу газсыз күндөр, 3-июнь, 2014.
Оштогу газсыз күндөр, 3-июнь, 2014.

Өкмөт 11-июнда Жогорку Кеңеште Оштогу газ кризиси боюнча маалымат берди. Бирок газ качан бериле турганын так айта алган жок.

Жогорку Кеңешке Оштогу газ кризиси боюнча маалымат бергени адегенде вице-премьер-министр Валерий Диль баштаган өкмөт мүчөлөрү келди. Бирок депутаттар болбой жатып, өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин өзүн чакыртышты. Айрым депутаттар газ кризиси мамлекет аралык мамиле болгондуктан, аны жабык талкуулоону сунуштады. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев да жабык талууну жактады.

- Бул абдан көйгөйлүү маселе. Эгер аны жабык талкууласак, биздин көбүрөөк маалымат бергенге мүмкүнчүлүгүбүз болот.

Ошол эле кезде газ карапайым элдин маселеси болгондуктан аны ачык талкуулоону сунуштаган депутаттар да болду. Маселен, Өмүрбек Абдрахманов ачык талкууну сунуштап, бирок ал колдоо тапкан жок.

- Ош шаары эки айдан бери газы жок отурат. Маселени биздин өкмөт, премьер-министр кантип чечет? Мына ошону гана элге айтып берсин. Талкуу ачык болуш керек. Андан тышкары телевидениеден да көрсөтүлсүн. Антпесеңер эл дагы радикалдашып кетиши мүмкүн.

"Газ саясий маселеге айланды"

Ошентип, депутаттар газ маселесин бир сааттай жабык талкуулады. Талкуудан чыккан “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Анарбек Калматовдун “Азаттыкка” айтымында, өкмөт Ошко качан газ келе баштайт деген суроого жооп бере алган жок.

- Газ жакында чечиле турган маселе эмес экен. Мен премьер-министрге чече алсаңар чече алабыз, болбосо газ өзүбүздө болбогондон кийин чече албайбыз деп, ачык эле айткыла дедим. Азыр Өзбекстандан көз каранды болуп жатабыз. Ачык эле айтыш керек, өзбектер сүйлөшпөй жатыптыр. Бир канча талабы бар экен. Аларды аткарганга болбойт. Экинчиден, “Газпромго” бердик деп жатабыз, бирок алар да али толук өткөрүп ала элек экен. Учурда өткөрүп алуу иштери жүрүп жатыптыр. Ошол бүткөндөн кийин гана “Газпром” киришет экен.

Депутаттардын айтымында, бул маселени талкуулоо бейшемби күнү да уланышы мүмкүн. Ал эми вице-премьер-министр Валерий Диль Жогорку Кеңештеги талкуудан соң “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып буларды билдирди:

- Эмне үчүн журналисттерди жыйындар залынан чыгарды? Анткени бул экономикалык эмес, көбүрөөк саясий маселе. Биз депутаттарга да ушуну айттык. Ош аймагын газ менен камсыз кылуу газды сатуучу үчүн пайдалуу болмок. Анткени биз акчасын төлөп жатабыз. Бирок газ азыр саясий оюн болуп кетүүдө. Эгер бир нерсе ойдогудай болбой калса, газды жаап, же ачып... Ошондуктан азыр өкмөт түштүктү газ менен же электр энергиясы менен камсыз кылуунун альтернативалык жолун издеп жатат.

Өзбекстан быйыл 14-апрелде келишим мөөнөтү аяктаганына негиздеп, Кыргызстандын түштүгүнө эскертүүсүз газ берүүнү токтоткон. Ошондон бери Ош аймагында 65 миң абонент газсыз отурат. Анын алдында “Кыргызгаз” орусиялык “Газпром” ишканасына сатылып, алар Кыргызстанды үзгүлтүксүз газ менен камсыз кылуу милдетин алган. Бирок “Газпром” качан Өзбекстанды ийге келтирип, газ бере баштайт, белгисиз бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG