Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:32

Келдибек Ниязов: Асанкул Шаршеновдун азилдеринен


Айтылуу кыргыз куудулу Асанкул Шаршеновдун (1927-1993) шакирти, куудул жана калемгер азилчи Келдибек Ниязов аны менен нечен жылдар чогуу иштеп, турмуштук азилдерин жыйнай жүргөн. Эмесе, Асанкулдун тамашаларынан бир шиңгил.


Бир тыйыны кем миң сом

Бир ирет Таласта гастролдо жүрүп Киров районунун Буденный колхозуна (азыркы Талас облусунун Кара-Буура районундагы Чоң-Кара-Буура кыштагына) оюн коюп, барып калышат.

Башкармасы немис жигит экен, кыргызчаны суудай сүйлөгөн.

Асакем концерт үчүн 1000 сомго келишим түзүп, жазып кирсе (ал кезде акчанын күчү жогору эле, 3000 сомго "Жигули" келчү) эсепке так башкарма:

- Ой, Асаке, миң сом көп, кичине ылдыйлатыңыз. Аз-маз кыйналып турабыз, - дейт.

Асакем шарт эшикке чыгып кетип, чарба тарабынан өнөрпоздор тобуна төлөнчү акчанын көлөмүн 999 сом 99 тыйын деп жазып кирет.

Көрсө, башкарманын өтүнүчүн бир тыйынга ылдыйлаткан экен.

Башкарма ошондо аябай күлүп, куудулдун сөз тапкычтыгына сөзгө сынып, бир чети ыраазы болуп, кол коюп берип салыптыр.

* * * * * *

Тайтору тайгаланып жүгүрө албай жатпайбы

Чүй боорунда. Канттын Чоң-Далы деген айылында оюн коюп жатканбыз.

Кеч күз болуп калган, кар да кыламыктап жаап жаткан.

Уркаш байке (манасчы, эл артисти Уркаш Мамбеталиев) дастандагы Каныкейдин Тайторунун чапкан жерин айтып калды.

Деги эле бир узакка созуп, бүтпөй атат.

Эстекем (төкмө акын, маркум Эстебес Турсуналиев) наалып:

- Балакет баскан Уркаш, бүгүн эмне узакка чаап туруп алды.

Анда Асакем:

- Ой, тиги эшикти карабайсыңбы, белчеден баткак. Тайтору алигиче чуркай элек, белчесинен баткакка батып турат. Трактор алып суурутуп кетпесек, бул айылдан быйыл кетпейбиз, - деп сахна сыртындагы элди күлдүрдү.

* * * * * *

Анкета толтуруп, “жыгач полду” жазганы

Асанкул кыргыз эмес башка улутту да күлдүрчү эле.

Бир күнү келиптир:

- "Келдиш жүрбөйсүңбү, аскердик эсептен (учеттон) деген кагаз келиптир, чогуу баралы" - деп.
- Аскердик тизмеден сиз чыгасыз, мага эмне бар? – десем:
- Бирдеме болуп кетсем, элге кабар бербейсиңби! - дейт.

- Тизмеден чыккан жерден бирдеме болгон кишини көргөн эмесмин, өзүңүз эле барыңыз, - десем өзү эле кеткен.

Көрсө, аскердик тизмеден чыгарган орус кыз экен, Асакемдин колуна көп кагаз берет.

- Иди заполняй (барып толтуруп кел), - десе, Асакем:

- Дочка, русский язык плохо знаю, плохо вижу, очки дома осталось (Кызым, орусча анча билбейм, көзайнек үйдө калыптыр), - десе, орус кыз Асакемди тоготпой, карабай койот.

Анан Асакем өзү толтуруп кирет.

- Карасам "фамилия" деген жери турат, ага Шаршенов деп жаздым. "Имя" деген жерине Асанкул деп жаздым. Дагы карасам "Пол" (ред. –“Жынысы”) деп турат.

Эми бул “пол” дегени эмнеси? Бул жакта полду дагы жазып калганбы, биздин пол жыгачтан эмеспи деп, балчайтып "дривяжный" (“жыгачтан”) деп жазып, калгандарын билишимче толтуруп, орус кызга алып барсам:

- Что, что, пол деревянный (Эмне, эмне! Жынысы – жыгачтан дейби)? – деп чоочуп кетти.

Анда мен:

- Дочка, у нас пол деревянный (Кызым, биздин үйдүн таманы жыгач), - десем, баягы орус кыз ыкшып күлүп калды.

Калган кызматкерлер да келип окуп алышып аябай күлүшүп, андан соң анкетанын баарын өздөрү толтурушуп, Асакемди аябай сыйлап узатышкан экен.

(Орусча билбеген кыргыздарга эскертүү: Асанкул куудул мында орусча “пол” сөзүнүн “бөлмөнүн таманы” деген гана маанисин колдонуп, анкетадагы “Кишинин жынысы” деген жерге “жыгачтан” деп жазып орус тилдүүлөрдү атайын күлдүргөн? Иш жүзүндө ал бул сөздөрдүн айырмасын “балакеттей эле” билген).



* * * * *

Дүйшөмбүнү көтөрө албай койбодумбу

Орус элинин "Дүйшөмбү күн - оор күн" деген макалы бар эмеспи.

Бир күнү Асакем дүйшөмбү күнү ишке келбей, эртеси шейшемби күнү келди.

- Ой, Асаке, эмне болду, кечээ келбей калдыңыз – десек:

- Кудай урган дүйшөмбү күндүн оор экени чындык экен. Силерге калп, мага чын. Дүйшөмбүнү эптеп көтөрүп, аялдамага араң жетип, алка-шалка тердеп, аны автобуска такыр көтөрүп түшө албай койбодумбу.

Эптеп-септеп пивоканага кирип, эки-үч саат эсиме келе албай, эки жигитке жөлөнүп атып үйгө араң жеттим.

Бүгүн кыргыйдай болуп калыптырмын, жумушка тим эле учуп келбедимби. Силер дагы эсиңерге сала жүргүлө, - деп күлүп атпайбы.

* * * * * *

Боз-Бөлтөгүм

Асакем айтып калар эле:
- "Таласым эле, Таласым" - деп Эстекем ырдап жатат, "Тегенем эле, Тегенем" - деп Токтосун, "Долон эле, Долон" - деп Калыйбек кыйкырып жатат.

Бир күнү радио уксам Насыр Абдыкеримов "Ак Бешимим эле, Ак-Бешимим" - деп атат.

Ыя кудай урган Ак-Бешим Токмоктун үстүндөгү эле какыраган сай эмес беле, бөөн-чаян, жылан жайлаган.

Ой мен деле ушулар сыяктуу артист эмесминби, өнөрпоз. Кой мага да намыс керек. Мен дагы ойлонуп көрөйүн, - деп, эки жагымды карасам, Байтиктин Боз-Бөлтөгүнөн бөлөк ылайыктуу жерим жок экен.

Анан туулган жерим ушул жер болсо, өлүп кетейинби деп, колума кагаз, калем алып ойлонуп.

Бул ырды ырчылар талашып ырдаган ыр кылайын, эмнесин жазсам. Жонуна жүзүм тигишкен. Шаардын курулушуна колдонгон кирпичтердин баарын Бөлтөктүн топурагынан алышкан.

Ушунун баарын айкалыштырып жазсам, өлбөс-өчпөс, экинчи жагынан "политический" (“саясий жактан олуттуу”) ыр болот деп баштады.

Жонуна жүзүм көтөргөн,
Өкмөткө кирпич көп берген.
Кирпичтен салып көп тамды,
Кыштакка, шаарга көрк берген.
Бөлтөк, Бөлтөк Бөлтөгүм,
Кыштакка, шаарга көрк берген.
Капталга мисте тигишкен,
Түбүндө жаштар жүрүшкөн.
Ошонун баарын жашырган,
Бөлтөгүм кандай билишмен.
Бөлтөк, Бөлтөк, Бөлтөгүм.
Бөлтөктөн толду чөнтөгүм.

Ошентип, бүтүп күзгүгө карасам, төбөмдөн көк түтүн чыгып жатат.

Өмүрүмдө иштебеген мээм эки куплет ыр жазганга боркулдап кайнап кеткен экен. Бир күрүшкө суу куюп жиберсем бурк-бурк, барк-барк этип, өчүп калды.

Мына бул чачым ошондон кийин ушинтип аппак болуп калбады, - деп күлдүрүп жүрбөдүбү.

Эми кудай буюрса ыры даяр.

Эми обонун жаратайын десем, деги эле обон келбейт башыма. Обончу болбосом өлүп кетейинби.

Калыйбек Тагаев иним урушпас деп, Долонумдун обонуна салсам, куп эле жарашып калды.

Кой эми бул ырымды аттуу-баштуу ырчыларга ырдатайын, майда-бараттар ырымды өлтүрөт - деп Болотко (Миңжылкиев) алып барсам, Болот:

- Что за Балтак (Балтек дегени эмнеси)? - деп ырымды ыргытып ийди.

Ошентип, байкуш ырымдын дагы эле багы ачылбай жүрөт, деп күлдүрчү эле.



* * * * * *
Булак: Чотурова Бактыгүл, Ниязов Келдибек. Асанкул куудул. – Бишкек: Бийиктик. – 2003. – 132 бет. ISBN 9967-21-631-X
Интернет: http://www.presskg.com/el/09/1027_15.htm

ТЧ.
XS
SM
MD
LG