Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Мектептеги коррупция: бир бала үчүн 20 миң сомбу?


Бишкектин бир мектебиндеги билим күнүндөгү салтанат. 1-сентябрь, 2011.
Бишкектин бир мектебиндеги билим күнүндөгү салтанат. 1-сентябрь, 2011.

Башкы прокуратура Бишкектеги 13-мектептин директоруна кылмыш ишин козгоду.

Прокуратуранын маалымдашынча, аталган мектептин директору мектепке кирген ар бир окуучу үчүн 20 миң сомдон чогултуп турган. Мектептин жамааты мындай айыпты четке кагууда. Өлкөдөгү башка мектептерде да мыйзамсыз акча чогултуу көрүнүшү кеңири жайылганы айтылып келет.

Мектепке кирүү "мээнети"

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Бишкектеги №13 мектептин директору окуучулардан мыйзамсыз акча чогултканы үчүн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Талант Конокбаев төмөнкүлөрдү билдирди:

- №13 мектеп-лицей комплекстин директоруна карата Кылмыш жаза кодексинин 304-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Башкача айтканда, аталган мектептин директорунун демилгеси менен «Ой-Булак» аттуу коомдук фонд түзүлүп, ал фонддун эсебине окуучулардан акча топтолгон. Бул акчалар болсо мектепке кирип жаткан окуучулардын ата-энелери тарабынан чогултулганы айтылып жатат. Ар бир ата-эне баласы үчүн директордун көрсөтмөсү менен 20 миң сомдон төлөп турган.

Муну менен катар мектеп директору «Чынар» аттуу ишкана менен келишим түзүп, мектепти оңдоо иштери үчүн жалдаган. 11 миллион 391 миң сомго жакын каражат жумшалган курулуш иштеринде 850 миң сомдон ашык каражат жөнү жок сарптталганы дайын болгон.

Бул окуя боюнча №13 мектептин директору менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Анын ушул тапта ооруп калганын кесиптештери билдиришти. Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Наталья Боголепова директорго карата расмий түрдө иш козголо электигин айтат:

- Бул боюнча азырынча интернетте гана сөздөр жүрүп жатат. Азыр кимдир-бирөө кылмыш ишин козгоо боюнча айткан жок, кандайдыр бир кагазга кол койгон жокпуз. Бул иш боюнча толук деле маалыматыбыз жок. Ошондуктан эч нерсе айта албайбыз. Ал эми директорубуз болсо, эртең менен ушундай маалыматты угуп алып, жүрөгү кармап, ооруп калды.

№13 мектеп Бишкекте элиталык деп аталып, жалаң колунда барлардын балдары окуйт. Буга чейин эле Бишкектеги бир катар мектептерде мыйзамсыз акча чогултуу маселеси кезек-кезеги менен көтөрүлүп келген. Алсак, акыркы айларда шаардагы №24 жана №31 мектептин ата-энелери арызданышып, каржы полициясы бул мектептерди текшере баштаган эле.

Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү бөлүмү болсо окуучулардан акча чогултууга каршы катуу чаралар көрүлгөнүн, акыркы эле айларда 40тан ашык мектептин директоруна сөгүш берилип, 7 директор жумуштан алынганын жар салган.

Балдардын укугун коргоо жаатында иш алпарган “Балдарды коргоо” борборунун адиси Нургүл Алыбаева акча чогултуулар боюнча даттануулар тууралуу мындай деди:

- Бизге ата-энелер тарабынан көптөгөн даттануулар түшүп турат. Айрыкча, окуу жылы аяктаган май айынан тарта кеч күзгө чейин акча сурамайлар башталат. Андан кийин деле “тигиге, буга акча алып келгиле” деп сөзсүз түрдө кайрылышат. Ар бир мектептин конкреттүү төлөмдөрүн айта албайм. Бирок ар бир мектеп өзүнүн статусуна жараша акчаларды коюшат экен. Шаардын борборундагылар башка, шаардын чет жакасындагындагылар өз алына жараша азыраак сурашат экен.

Бир жагынан тыюу, экинчи жагынан уруксат

Кыргызстандын "Билим берүү жөнүндө" мыйзамына ылайык, орто мектепте билим берүү акысыз жүргүзүлүшү абзел. Муну менен катар билим берүү министрлиги 2009-жылы окуучулардан акча чогултууну токтотуу боюнча атайын буйрук чыгарган.

Нургүл Алыбаева министрлик мындай буйрук чыгарганы менен экинчи жагынан, ыктыярдуу түрдө акча чогултууга болот деп мыйзамсыз иштерге жол ачып бергенин белгилейт:

- Эгер №13 мектептин директору күнөөлүү болсо жоопко тартылышы зарыл. Бирок ал канчалык деңгээлде жоопко тартылат жана бул көрүнүш башкаларга таасир берээри чоң суроолорду жаратууда. Экинчиден, билим берүү министрлиги балдардан акча чогултууну токтотуу боюнча буйрук чыгарган. Бирок ошол эле буйруктун экинчи беренесинде өз ыктыяры менен акча чогултууга уруксат деп жазып койгон. Бул айрымдар үчүн акча чогултууга жол ачып берип жатпайбы...

Буга чейин мыйзамсыз акча чогултту деп козголгон кылмыш иштерден неге оң жыйынтык чыкпайт? – деген суроо менен Жогорку Кеңештин Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевге суроо салдык:

- Бул абдан тамырлашып, коррупциянын эң терең сазына батып калган система болуп калыптыр. Айрыкча Бишкек жана Ош шаарларында. Бул эки шаардын мектептеринин директорлору өздөрүнчү эле хан, бий болушуп, эч кимди тоготушпай калыптыр. Алардын иштери коррупциянын бардык белгилерине туура келген мафиоздук система куруп алышыптыр. Ошондуктан, бул маселени аягына чыгып чечмейинче, биздин башка тармактарда жасай турган реформаларыбыз эч убакта максатына жетпейт.

Кыргызстанда мектеп мугалимдери бюджеттин көзүн карап, аз айлык алгандар катмарына кирет. Ошондуктан мугалимдерди кармап калуунун бир амалы катары өз ыктыяры менен каражат чогултуу адатына коомчулук да, укук коргоо органдары да көз жумуп келген. Эми коррупцияга каршы иш-чаралар алкагында бул фактылар четинен ашкерелене баштады.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG