Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:44

Кумтөр: Консультативдик кеңеш үзүр береби?


Кумтөр кениндеги иш учуру, 23-февраль, 2013-жыл
Кумтөр кениндеги иш учуру, 23-февраль, 2013-жыл

17-августта Бишкекте “Кумтөр” алтын кенин жөнгө салуу боюнча канадалык Centerre Gold Inc ишканасы менен кыргыз өкмөтүнүн кезектеги сүйлөшүүсү башталат.

Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы билдиргенге караганда, Консультативдик кеңештин келаткан ишемби күнгө белгиленген кезектеги жыйынына катышуу үчүн Бишкекке Centerra Gold Inc ишканасынын жетекчилиги, Кыргызстандын укугун коргогон юридикалык жана каржы компанияларынын өкүлдөрү келишет. Эки тараптуу макулдашууга ылайык, Кумтөр маселеси боюнча Кыргызстандын укуктарын юридикалык жана каржылык жактан DLA Piper UK жана Price waterhouse Coopers эл аралык компаниялары коргоп жатышат.

Эки күн мурун республикалык бюджетке байланыштуу өткөн коомдук угууда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Кумтөр алтын кени боюнча канадалык ишкана менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр тууралуу дагы бир ирет маалымат берди:

- Принципиалдуу маселелер боюнча: эки оператор - “Кумтөр оперейтинг компани” жана “Кумтөр голд компани” бир компанияга бириктирилет. Бул биргелешкен компания келечекте Кыргызстанда (Бишкекте же Ысык-Көлдө) катталат. Директорлор кеңеши теңме-тең шартта (50=50) түзүлүп, ага алгачкы жылы Кыргызстан төрагалык кылат. Андан ары тараптар кезектешип башкарат. Centerra Gold менеджментти өзүндө калтырууну сунуштап жатат. Үлүшкө ээлик кылуу сүйлөшүү жараянында белгилүү болот. Мен макулдашылган долбоор 10-сентябрда Жогорку Кеңешке сунушталат, Кумтөр жөнгө салынат деген үмүттөмүн.

Анткен менен тараптар үчүн бириккен ишканадагы үлүштөрдү бөлүштүрүү талаш жарата турган эң оор маселелердин бири болорун адистер баса белгилеп жатышат. Кыргыз өкмөтүнүн парламент ченеген үй айлык мөөнөттү жылдырып, эл аралык компанияларды жалдашына да ушул өңдүү талылуу маселелер себеп болгондугун айтышууда. Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Темир Сариев буга чейин берген интервьюсунда биргелешкен ишкананын үлүшүн Кыргызстан көзөмөлдөшү керек, ансыз акцияларга алдангандай жагдайга кирептер болуп калышыбыз ыктымал деп билдирген.

Учурда канадалык Centerra Gold да, кыргыз өкмөтү да сүйлөшүүлөр тууралуу кенен маалымат таратууну каалашкан жери жок. Ага жараша азыр канадалык компания кандай шарттарды коюп жаткандыгы бүдөмүк бойдон турат. Буга чейинки сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарына караганда эки тарапты тең Кумтөр алтын кенинин үзгүлтүксүз иштеп турушу жана макулдашууну өркүндөтүү боюнча орток пикирге келүү кызыкчылыгы байлап турат.

​Centerra Gold жетекчилиги адегенде 2009-жылкы макулдашууну бузуп, өркүндөтүүгө каршы болуп, кийинчерээк маселени биргелешкен ишкана түзүү аркылуу чечүү сунушун берген. Бул аралыкта канадалык компаниянын көз карашын колдогон эксперттер Кыргызстан эл аралык компаниядагы акцияларын бириккен ишкана түзүүгө алмашуу аркылуу убактылуу пайда таап, бирок, келечектеги пайдасынан кол жууп калышы мүмкүн дешүүдө.

Жогорку Кеңеш Кумтөр долбоору тууралуу макулдашууну өркүндөтүү боюнча Centerra Gold Inc менен сүйлөшүүлөрдү баштоону өкмөткө 21-февралда тапшырган. Тараптар бир пикирге келе албай калган шартта иштеп жаткан макулдашуулар жокко чыгарылып, соттук териштирүүлөргө камылгалар жүрүшү керек. “Кумтөр” долбоору боюнча акыркы макулдашууга 2009-жылы 24-апрелде бир тараптан Кыргыз өкмөтү, “Кыргызалтын” ишканасы, экинчи тараптан канадалык Centerra Gold Inc. ишканасы менен Кумтөр голд, Кумтөр оперейтинг жабык акционердик коомдору жана канадалык “Камеко” корпорациялары кол коюшкан.

Анткен менен коомдук-саясий чөйрөнүн дагы бир бөлүгү Кумтөр алтын кенин улутташтыруу керек деген талаптарды тынымсыз коюп, маал-маалы менен нааразылык акциялары уюштурулуп келе жатат. Алардын бири, Кумтөр маселеси боюнча мурдагы парламенттик комиссиянын төрагасы Садыр Жапаров акыркы маалымат жыйындарынын биринде “Денонсация деген сөз дегеле колдонулбашы керек. Биз бул долбоордон бир тараптуу чыгышыбыз керек” деп билдирди.

Кумтөр кенине каршы Жети-Өгүздөгү митинг 30-май, 2013-жыл
Кумтөр кенине каршы Жети-Өгүздөгү митинг 30-май, 2013-жыл
Ошол эле мезгилде кыргыз бийлиги Кумтөр маселеси саясий куралга айланып кетти деп, улутташтыруу эле эмес, денонсациялоо Кыргызстан үчүн экономикалык жактан коркунучтуу жол экенин эскертип келатат. Консультативдик кеңеш орток чечим чыгара албай, макулдашууну денонсациялоо жараяны башталса, Кыргызстан соттук териштирүүлөрдө эле болуп көрбөгөндөй каржылык чыгымдарга учурайт дегендер да бар.

Кумтөр компаниясынын маалымат кызматынын маалыматында, май айындагы Жети-Өгүз окуяларын эске албаганда ишкана ырааттуу иштеп жатат. Ал нааразылык акцияларында кендин иши үзгүлтүккө учурап, 4 миллион доллар чыгымга кириптер болгону кабарланган. “Кумтөр” ишканасы Кыргызстандын негизги кирешелүү тармагы катары саналат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG