Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:02

Косоводо он беш имам камакка алынды


Косово - Приштинадагы айт намаз. 8-август, 2013.
Косово - Приштинадагы айт намаз. 8-август, 2013.

Камалган молдолор Ирак менен Сириядагы согушкерлердин катарына кошуу үчүн албан улутундагы адамдар арасында үгүт жүргүзгөн деп айыпталууда.

Камакка алынган 15 имам Ирак менен Сириядагы "ал-Каиданын" бир бутагы эсептелген "ал-Нусра" майданына же өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган уюмга кошуу үчүн албандактардын арасында үгүт жүргүзгөн деп шектелүүдө.

Косово бийлиги "Азаттыкка" билдиргендей, кармалгандардын арасында Приштина шаарынын башкы мечитинин имамы Шефкет Красничи, Печ шаарынын имамы Энес Гогу, Митровица шаарынын имамы Энис Рама бар. Рама Косоводогу "Мир ТВ” телеканалынын башкы редакторлук кызматын да аркалап келген.

Имамдар менен бирге ашынган динчил "Ислам биримдиги" саясий партиясынын лидери Фауд Рамичи да камалды.

Приштина шаарында өткөрүлгөн маалымат жыйында полициянын өкүлү, майор Баки Келани буларды айтты:

- Биздин полициянын атайын операциясынын жыйынтыгында Косовонун конституциялык түзүлүшүнө жана коопсуздугуна коркунуч жараткандыгы үчүн шектүү 15 адам кармалды. Алардын көбү Косово ислам коомуна тийиштүү ар кайсы мечиттердин имамдары.

Өлкө расмийлери кармалгандардын ичинде “ал-Каида” жана “Ислам мамлекети” аталган радикал уюмдарга каржылык жактан жардам көрсөткөн деп шектелип жаткандар да бар экенин кошумчалды.

Косоводогу АКШнын элчиси Трейси Энн Жейкобсон өзүнүн Твиттердеги баракчасында өлкөнүн экстремизм менен күрөшүүдөгү активдүү ишине жогору баа берди.

Ал арада Фауд Рамичинин "Ислам биримдиги” партиясынын өкүлдөрү 17- сентябрда жасаган билдирүүсүндө акыркы окуяларды саясий куугунтук деп атап, камалгандарды бошотуп алуу үчүн нааразылык акцияларын өткөрүү менен бирге башка мыйзамдуу чараларды көрөрүн айтышты.

Ушул эле күнү полиция да атайын билдирүү таратып, Косово элин Ирак жана Сириядагы согушкерлерге кошулууга үгүттөгөнгө аракет кылган экстремисттик топтордон сак болуусун эскертти.

Август айында Косоводо исламчыл радикал согушкер топторго үгүттөгөн деген шек менен 40 киши кармалып, 60 жерден экстремисттерге тиешелүү делген курал-жабдык, жардыруучу заттар табылган.

Бийлик өкүлдөрү өткөн айда Сирия жана Ирактагы согушкерлерге 100дөн 200гө чейин этникалык албандардын кошулуп кеткендигин болжолдошууда. Алар ошондой эле "Ислам мамлекетине” же “ал-Нусра” фронтунун мүчөсүнө айланган 16 косоволук согуш талаасында мерт болгонун кошумчалашты.

Терроризм жана диний радикализм боюнча эксперттердин айтымында, жаштардын чет жактагы согушкерлерге кошулуусуна өлкөдөгү жумушсуздук түрткү болууда.

Косовонун 2 миллионго жакын калкынын 95% мусулмандар жана анын 70 пайызын 35 жашка чейинки жарандар түзөт.

XS
SM
MD
LG