Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:31

Түркия Сирия жана Ирак күрттөрү үчүн "көпүрө"


Түркиядагы күрт качкындар үчүн даярдалган лагер. 19-октябрь, 2014-жыл.
Түркиядагы күрт качкындар үчүн даярдалган лагер. 19-октябрь, 2014-жыл.

Түркия өкмөтү Кобанини коргоого көмөктөшүү максатында Ирактын күрт аскерлеринин шаарга өтүүсүнө жардам бермек болууда.

Анын баарын Ирактагы күрт бийликтери жөнөткөнүн АКШнын Борбордук командачылыгы маалымдады.

“С-130” транспорттук учагы дем алыш күндөрү Кобаниге курал, ок-даары жана дары-дармектерди таштаган. “Ислам мамлекети” тобунун желдеттери менен күрттөр ортосунда Түркиянын чек арасындагы Кобани үчүн алты аптадан бери катуу уруш жүрүүдө.

Буга чейин Кобани шаарын коргоп жаткан күрттөрдүн күчтөрүнө абадан курал-жарак, дары-дармек жеткирилген эмес. Шаардын 400 миңдей калкынын көбү күрттөр. Уруштун кесепетинен анын теңинен көбү там-жайын калтырып, Түркияга өтө качышкан. Шаарды алты жумадан бери сириялык күрттөрдүн аскерлери “Ислам мамлекети” тобунун чабуулунан коргоодо. Аларга көмөктөшүү үчүн АКШнын учактары Кобанидеги жана анын жака белиндеги жихадчылардын өңүттөрүнө акыркы кезде 140тай сокку урган. Бул жөнүндө Кошмо Штаттардын Борбордук командачылыгы 19-октябрда билдирди.

Кобани шаары. 20-октябрь 2014
Кобани шаары. 20-октябрь 2014

Сириядагы адам укуктардын абалын көзөмөлдөөчү уюмдун Кобанидеги ооруканалардагы булактарга шилтеп маалымдашынча, өткөн жуманын акыркы төрт күнүндө шаарда 70 жихадчы катардан чыккан. Алар 18-19-октябрь күндөрү болгон авиачабуулда дагы 15 жоокерин жоготконун баш кеңсеси Лондондо жайгашкан бул уюм билдирди.

АКШ командачылыгынын айтымында, Кобанидеги салгылаштарда көңүл жубатар жышааналар байкалса да, күрттөр шаарды биротоло калтырып кетиши мүмкүн.

Бул тушта Түркия өкмөтү Кобанини коргоого көмөктөшүү үчүн Ирактын күрт-пешмаргелеринин (аскерлеринин) шаарга өтүүсүнө жардам бермек болууда. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлут Чавушоглы 20-октябрда жарыя кылды.

Жихадчылар июнь айында Кобанин четинде үч күрддү химиялык курал пайдаланып өлтүргөн деген имиш кепке карата "Тасним" жаңылыктар агенттиги чыгарган карикатура.
Жихадчылар июнь айында Кобанин четинде үч күрддү химиялык курал пайдаланып өлтүргөн деген имиш кепке карата "Тасним" жаңылыктар агенттиги чыгарган карикатура.

АКШ президенти Барак Обама 18-октябрда Түркия лидери Режеп Тайып Эрдоганга телефон чалып, Кобанидеги кырдаал боюнча масилет курган. Лидерлер Сириядагы “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштө “өз ара кызматташууну бекемдейли” деп макулдашканын Ак үй билдирди. Бирок Ердоган эртеси күнү Түркиянын жарым өкмөттүк Анадолу жаңылыктар агенттигине берген интервьюсунда Кобанинин күрт коргоочуларына эч кандай аскерий жардам берилбесин айтты. "Себеби Сириянын демократиялык партиясы жана Демократиялык биримдик партиясы түркиялык күрт козголоңчулар сыңары эле Күрдистан жумушчу партиясы менен байланыштагы “террордук уюм” саналат", - дейт Эрдоган.

АКШ башындагы коалиция Ирактагы “Ислам мамлекети” тобуна аба соккусун урууну улантууда. Өткөн аптада Иракка аскерий кеңешчилерин да жайгаштырды. Чукул арада Иракка Австралиянын атайын күчтөрүнүн 200 аскери да келет. Ал үчүн тийиштүү мыйзамый даярдыктар бүткөнүн 19-октябрда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери жарыя этишти.

Ирак армиясы Анбар провинциясында согушчандарга олуттуу сокку уруп, Тикрит жана Байжи шаарларын туташтырган кан жолду ээлешкени расмий түрдө 19-октябрь күнү кабарланды. Ирактын түндүк батышындагы береги провинциянын чоң бөлүгүн жихадчылар июнда басып алган.

19-октябрда Ирактын жаңы коргоо министри болуп Халед ал-Абейди дайындалды. Ал министрлик кызматты өткөрүп алып жатып, ушу тапта ирактыктар үчүн душманга каршы согушта өз ара кызматташуу аябай маанилүү экенине токтолду:

- Кудай кааласа, биз ирактыктарга эң жакшы нерселерди сунуш кылабыз. Азыр Ирак элинин тилегин жүзөгө ашыруу үчүн кеңири кызматташуу талап кылынууда.

АКШ мамкатчысы Жон Керри 20-октябрда Жакартада сүйлөп, “Ислам мамлекети” тобунун экстремисттерине каршы согушка Азия өлкөлөрү да салым кошууга аракет кылууга тийиш экенин айтып, өзгөчө “Индонезия жана Малайзиядан жихадчыларды жалдоо токтотулуш керек”,- деди.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 20-октябрда Москвада кабарчылар менен кездешүүдө “Ислам мамлекети” группасынын жихадчыларына каршы согушкан ар кандай коалиция БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан координацияланууга тийиш экенин баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG