Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

Кобанидеги согуш түркиялык күрттөрдү да козгоду


Сириянын Түркиянын чек арасына жакын Кобани шаары.
Сириянын Түркиянын чек арасына жакын Кобани шаары.

Сириянын Кобани шаарын “Ислам мамлекети” тобунун согушчандары катуу кысымга алууда.

Алты жумадан бери жүрүп жаткан салгылашуулардан улам шаардын 180 миңдей жашоочусу чек аралаш Түркияга качып өттү. Түркия президенти Эрдоган Кобани кулаганы турганын, жихадчыларга каршы күчтөр жерде чогуу салгылашмайын, аларга каршы согушта ийгилик болбосун эскертти. Түркия күрттөрү Кобанини коргоону өкмөттөн талап кылып, нааразылык акцияларын өткөрдү.

“Ислам мамлекети” же "Ирак жана Левант Ислам мамлекети" тобунун желдеттери Сириянын түндүгүндөгү Кобани шаарын үч жактан кысууда. Жихадчылар Кобанини алуу үчүн сентябрдын ортосунан бери далалат кылып жатат. Шаар алынса, алардын кол алдындагы Алеппо провинциясы менен Сириянын чыгышындагы ордосу-Ракка шаары ортосунда түз байланыш түзүлөт жана согушкерлер Сирия-Түркия чек арасынын чоң бөлүгүн көзөмөлдөп калат.

БУУнун Сирия боюнча чабарманы Стаффан де Мистура 7-октябрда Женевада “Ислам мамлекети” тобуна байланыштуу эл аралык коомчулукка кайрылды. Ал согушчандар Сирия менен Иракта кызыл кыргын уюштуруп, аялдарды зордуктап, зулумчулук кылып жатканын айтып, алардын Кобани шаарын басып албоосуна каршы чогуу аракеттенүүгө үндөдү:

- Сириянын түндүк чек арасындагы Түркияга чектеш Кобани шаары үч аптадан бери камоодо. Анда 400 миң эл бар. Алар өздөрү коргонууда. Баары күрттөр. Алар чоң каармандык менен коргонууда. Бирок азыр коргоно албаганга жакын калды.

7-октябрда Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус да улуттук парламентте сүйлөп, “Сириядагы “Ислам мамлекети” тобунун террорчуларын токтотуу үчүн бардык зарыл нерселер жасалышы абзел” деп бул маселеде Париж-Вашингтон менен такай кызматташып жатканын айтты:

- Биз Сириянын түндүгүндөгү бул аймакта айрым авиачабуул жасаган жана жасачу Кошмо Штаттар менен тыгыз байланыштабыз... Биз “Ислам мамлекети” тобу менен салгылашып жаткан күчтөр менен кызматташуубузду бекемдөөдөбүз.

Бүгүнкү күнгө чейин Кобаниден Түркияга 180 миңден көп адам, негизинен күрттөр качып өткөн. Эсептөөлөргө караганда азыр Түркияда бардыгы болуп сириялык бир миллиондон ашык бозгун баш калкалоодо.

Артиллерия жана танктар менен куралданган согушчандар шаардын үч районунан күрттөрдүн ыктыярдуу отряддарын сүрүп чыгып, Мистенур бийиктигин да ээлешкен.

23-сентябрда АКШ жана бир катар Араб өлкөлөрү Сириядагы “Ислам мамлекети” тобуна абадан сокку ура баштаган.

"АКШ баштаган коалиция шейшемби күнү да Кобаниге жана анын чет жакасындагы жихадчылардын өңүттөрүнө да сокку урушту. Авиачабуулдан кийин “Ислам мамлекети” тобунун согушчандары түн жамына шаардын батыш бөлүгүнөн артка чегинди. Бирок 8-октябрда Кобанинин чыгыш жана түштүк бөлүгүндө катуу согуш уланууда",- деп билдирди Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктарына байкоо салчу уюм.

Кобанинин уруш жүрүп жаткан түштүк жана чыгыш аймагы Түркия менен чектешет.

Анкаранын Кобани шаарындагы кырдаалга кийлигишпей, сырттан байкоо салып турганы жана барып боордоштору менен согушканга уруксат бербегени Түркия күрттөрүн кыжырдантты. Шейшемби күнү негизинен өлкөнүн түштүк чыгышындагы күрт элдүү аймактардын тургундары көчөгө чыгып, өкмөттөн Кобанини коргоону талап кылышты. Айрым жерлерде дүкөндөр жана полицияканалар талкаланды. Полиция менен тирешүүдө кеминде 14 адам өлдү.

Тартипти сактоо үчүн алты провинцияда коменданттык саат киргизилип, мектептер убактылуу жабылды.

Өткөн жумада Күрт жумушчу партиясынын абактагы лидери Абдулла Ожалан эгер Кобаниде күрттөрдү кырганга жол берилсе, Түркияда күрттөр менен жетишилген тынчтык бузулат деп эскерткен.

Анкара, Батыш булактарынын кабарлашынча, Кобанини коргогон күрт күчтөрү КЖПга баш ийгендиктен аларга жардам бербей турат. Себеби КЖП Түркияда террордук уюм деп жарыяланган.

7-октябрда президент Режеп Тайип Эрдоган Түркиянын түштүгүндөгү Газиантеп шаарында сириялык качкындардын лагерине барды. Ал качкындарга кайрылып, "Ирак жана Левант Ислам мамлекети" тобуна каршы союздаштар кургакта чогуу урушпаса, аларды талкалоо мүмкүн эмес деди:

- Бул проблема жердеги согушта кызматташпай, жалгыз аба соккулары менен чечилбейт. Айлар өттү, бирок ийгилик жок. Ушу тапта Кобани катары белгилүү Аян ал-Араб кулаганы турат.

Бир жума илгери Түркия парламенти армияны сырт өлкөлөрдө пайдаланууга жана өлкөгө чет элдик аскерлерди жайгаштырууга уруксат берген. Анын алдында өкмөт парламентке кайрылып, 4-октябрдан тарта Сирия менен Иракта “Ислам мамлекети” тобуна каршы операция жүргүзүүнү суранган.

XS
SM
MD
LG