Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Павлодар: абак алдындагы нааразылык


Казакстан. Павлодардагы түрмө.
Казакстан. Павлодардагы түрмө.

Казакстандын Павлодар түрмөсүнө ички аскер киргизилип, абактагыларга кысым көрсөтүлүп жатканы айтылууда.

Соттолуучулардын ондогон жакындары буга нааразылыгын билдирип, абак алдына чогулушту.

Павлодар шаарындагы АП 162/4 абагына 15-сентябрда ички аскер киргизилип, соттолуучуларды уруп-сого баштаганын “Азаттыктын” казак кызматына түрмөдөгүлөрдүн туугандары билдиришкен. Окуяга күбө болгон Анастасия Якушева ок атылганын укканын айтууда. Ал күйөөсүн көргөнү келген. Бирок жолугушуу башталбай жатып түрмө кызматкерлери соттолуучуларды жолугушуу бөлмөсүнөн кубалай баштаган.

- Соттолуучуларды катарга тургузуп, футболка, тапичкечен айып изоляторуна алып кетмек болушту. Бирок биз кызматкерлер менен урушуп, ага уруксат берген жокпуз. Эгер адамдарды айып изоляторуна алып барып атса, кайдагы машыгуу?

Анастасиянын белгилешинче, колония жетекчиси соттолуучуларга эч нерсе болбой турганын убада кылып, жөн гана окуу, машыгуу болуп жатканын айткан. Анастасия беткап кийген кызматкерлер соттолуучуларды айып камерасына камап жатканын көргөнүн да кошумчалады.

Атын атагысы келбеген дагы бир аял ушул эле күнү эртең менен түрмө тараптан соттолуучулардын кыйкырыктары угулганын, алар кыйноого кабылышы ыктымалдыгын билдирди. Ал жолдошу менен жолуга албай, узак убактан бери күтүп атканын айтууда.

- Бул адам укугун бузуу эмеспи? Бул жердеги адамдар туугандары менен жолуктурууну талап кылып атышат. Айрым соттолуучулар жакындарын алыс кетпей тургула, бир аздан кийин жаралангандарды алып чыгышат деп айтышыптыр. Күтүп турашат.

Бул күнү туугандарына жолуга албай нааразы болгондордун саны 40-50гө жетти. Алар жакындарынын өмүрүнө тынчсызданып, абак алдына чогулушту. Чогулгандар түрмөнүн дарбазасына тез жардам келгенин да кабарлашты.

- Мен күйөөмдү көрө алган жокмун. Аны убактылуу кармоочу жайга алып кеткен деди. Буга чейин ал жакка эки адамды гана алып кетишкенин айтышкан эле. “Күйөөңүз кайтып келет, коркпоңуз” деп айтышты. Аны уруп-согуп эле коюшту го, болбосо көрсөтөт эле, - дейт абак алдында чогулгандардын бири Люба.

Туугандарына жолуктурууну талап кылган 30 чакты адам 16-сентябрда дагы абак алдына чогулушту. Бирок азырынча эч кимиси жакындары менен сүйлөшүп же жолугууга уруксат алган жок.

- Биз азыр беш мүнөткө болсо да соттолуучуларды бизге көргөзүшүн талап кылып атабыз. Аларды эмнеге убактылуу кармоо жайына алып кетишкенинин себебин так түшүндүрүшкөн жок. Жашаган жерине карап алып кетишти деп айтышты. Алар ансыз деле жашаган жерине карап ушул абакта жатышат.

Нааразы болгондорду Павлодар районунун акиминин орун басары кабыл алды. Бирок түрмөгө ички аскерлер эмнеге киргени тууралуу маалымат так айтылган жок. Соттолгондордун туугандары бул өткөн аптадагы текшерүүлөр менен байланыштуу болушу мүмкүн экенин айтышууда. Өткөн аптада республикалык Жаза-аткаруу кызматынын комиссиясы түрмөлөрдү текшерип кеткен. Аталган абактын кызматкери чын эле комиссия текшерип жүргөнүн тастыктап, бирок аскерлер эмне максатта киргизилгенин айтуудан баш тартты.

Казак бийлиги түрмөдөгү тартипти орнотуу аракети көрүлүп жатканын, тартиптин болушун каалабагандар нааразы болуп чыгышарын айткан. Анткен менен Казакстандын түрмөлөрүндөгү абал, кыйноо фактыларынын токтобой жатышы эл аралык коомчулуктун сынына кабылып келет.

XS
SM
MD
LG