Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Сирияга кеткен жигит үйүнө кайтуудан баш тартты


Ютубдагы видеодон кадр.
Ютубдагы видеодон кадр.

Сирияга уулун издеп барган казакстандык аял, аны кайтара албай кайтып келгенин «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысына баяндап берди.

«Азаттыктын» Алматыдагы кабарчысы Асылхан Мамашулынын макаласында айтылгандай, туура бир жыл мурун Ютубда «Сириядагы жихадга аттанган казакстандык жигиттер» тууралуу видео жарык көргөндөн бери балдарын издеп, ал өлкөгө аттанган ата-энелердин саны өстү.

Жезказган шаарынын тургуну, 60 жаштагы Куралай Нурмагамбетова да «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун катарында жүргөн казакстандыктарды табууну чечкен.

- 26 жаштагы уулум Баглан Салыковду издеп, Түркия аркылуу Сирияга баргам. Казакстанга 28-октябрда кайтып келдим, - деп айтып берди ал биздин кабарчыбызга.

Баглан быйыл августта аялы менен эки баласын калтырып, Сирияга кетиптир.

Жакында Куралай Нурмагамбетова Кеңир айылынын жашоочусу Мухамбеткалы Даниханов деген кишинин Иракка барып, уулу менен жолугушуп келгенин угуп калат.

- Мен ага мени менен Сирияга барып келесизби деп кайрылдым. Бизге Кеңир айылынан дагы эки киши кошулду. Төртөөбүз Түркияга жетип алдык. Чек арадан өтүү оңой эмес экенин көргөндө, тигил үчөө он чакты күндөн кийин Казакстанга кайтууну чечишти. Анын үстүнө балдарынын бирөө "баары бир кайтпайбыз, убара болбой эле койгула" деп айттырып жибериптир.

Куралай болсо Стамбулда калат. Бир нече күндөн кийин ошол эле айылдын дагы эки тургуну аны менен байланышып, үчөө Сирияга кетишет. Бирок кайсы жол менен барышканын айтып бере алган жок.

- Стамбулдан Сирияны көздөй 16 сааттай жол жүрдүк. Чек арага чейин такси менен жетип алдык. Ал жерден балдарыбыз тосуп алып, автобус менен ары алып кетишти. Сириянын кайсы шаарына барганыбызды билбейм. Уулум ал жөнүндө эч нерсе айткан жок. Жашоо-шарттары жаман эмес экен. Согуштук аракеттерди көрө алган жокмун. Уулум менен Мухамбеткалинин баласы Ержан Данихановдун үйүндө эки эле күн түнөдүк. Ал жактан Теңир айылынан дагы эки жигитти көрдүм.

Баглан мурда Жезказгандагы «Казахмыс» ири ишканасынын кенинде иштечү. Кант диабетинен жабыркаган инисинин үй-бүлөсүнө да каралашып, жардам берип турчу.

- Балам менен көзмө-көз сүйлөшкөндөн кийин үйгө кайтабы деп үмүттөндүм эле. Бирок оюм ишке ашпады. «Кайтып барып, соттолгондун ордуна, мусулман бир туугандарыбызга "ислам мамлекетин" түзүүгө жардам беребиз» - деп көнбөй койду. Балдары менен майып инисинин алдындагы жоопкерчилик жөнүндө айтсам да болбой койду.

Багландын жубайы Жазира 2012-жылы, Карагандадагы политехникалык колледжди бүткөн. Андан кийин экөө кол кармашкан экен. «Абу Ханифа мазхабындагылардын салты боюнча намазды чогуу окушканын» айтып берди:

- Бир жылдан кийин Багландын сырткы келбетинде, көз карашында өзгөрүү байкала баштады. Жумуштан кийин ар кандай шылтоо менен Кеңир айылында жашаган Жанат деген досунукуна көп барчу болду. Мен да намаз окуйм, хижаб кийип жүрөм, андыктан ага маани берген эмесмин. Боюмда да бар болчу.

Күйөөсү Сирияга кеткенден кийин жаш келин Карагандадагы төркүнүнө кетип калды. Азыр ал жумушсуз отурат. Анда-санда ВКонтакте социалдык түйүнү аркылуу күйөөсү менен байланышканда, ал аны Сирияга чакырганын айтууда. Бирок Жазира ажырашууну чечип, арызын сотко тапшырды.

- Ал өз жолун тандады. Мен да өзүмдүкүн тандашым керек. Баягыда бул тууралуу кыйытсам, балдарды мага табыштаганын айтты.

Былтыр «Азаттык» радиосунун казак редакциясы журналисттик иликтөө жүргүзүп, Ютубда тараган видеодогу айрым казакстандыктардын тек- жайын аныкташкан. Жезказган жана Сатпаев шаарларында, Кеңир кыштагында жашаган жакындары менен жолугушкан. Ошондо ата-энелер балдары алданып, кимдир бирөөлөрдүн тузагына түшүп калган болушу мүмкүн деп, аларды «аман-эсен» үйгө кайтарууну казак бийлигинен өтүнүшкөн.

«Азаттыктын» суроосуна өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитети ошондо видеодогу адамдардын ким экени такталып жатканын, алардын чет өлкөгө эмне себептен кеткени иликтенип жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG