Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:54

Казакстан: Сталиндин айкелинен чыр чыкты


Сталиндин эстелигин өз короосуна коюп алган Бакыт Зулпорханов
Сталиндин эстелигин өз короосуна коюп алган Бакыт Зулпорханов

Түштүк Казакстан облусунда Сталиндин былтыр кулатылган коло айкелин кайра орнотуу чыр менен коштолду.

Эски Икан кыштагында пенсионердин короосуна тургузган эстеликти жергиликтүү элдин каршылыгына карбастан бийликтер 15-майда алдырып салды.

Эски Икан кыштагынын борбордук көчөсүндөгү Сталиндин коло эстелиги 1949-жылы орнотулуп, 65 жыл былк этпей турат. Анан эле, жергиликтүүлөр айткандай, былтыр июнда айкелди шамал оодарып салат. Аны Жеңиштин 70 жылдыгына карата кайра тургузуу үчүн айылдыктар цемент, боёк жана башка курулуш материалдарын сатып алганга 800 доллар чогултушат.

Беш метрлик эстелик пенсионер Бахыт Зуппорхановдун короосунда 8-май күнү шаан-шөкөт менен ачылат жана кан майдандан кайтпагандарга арнап куран окулат. Мал союлуп, маараке өткөрүлөт. Карыянын уулу Акажан Зуппорхановдун айтымында, айкелди орнотууга эч ким деле жардамдашкан эмес:

- Баарын өзүм жасадым. Адамдар келет деп, бирок эч ким келген жок. Аларды күтпөй, мына бул чал экөөбүз бүткөрдүк.

15-майда Түркстан шаардык бийлиги Сталиндин айкелин тургузууга уруксат алынган эмес, эстелик айдоо жерге орнотулган деп, аны буздуруп салат. Мэрдин орун басары Даурен Теңирбергенов “Азаттык” радиосунун кабарчысына "Сталиндин Эски Икандагы эстелигин орнотууга Маданият министрлиги уруксат бериши керек, эгер мыйзам бузулбаса, эстелик алынмак эмес" деген.

Сталиндин эстелигин тарыхый мурас катары сактоонун башка ынтызары, 72 жаштагы Мурод Набиев кыштактын эли сталинчил эмес экенин, айкелди кайра тургузуу икандыктар үчүн ар-намыстын иши болгонун белгилейт:

- Казакстан боюнча Сталиндин эстелиги бир жерде гана калды. Калган жерлерде бар эстеликтерди көмүп салышты. Сындырып тынышты. Иканда жашаган элдин, аны койдурган икандыктардын аброю төгүлбөсүн дейм.

Сталиндин айкели жергиликтүү колхозго Мурод Набиевдин атасы башкарма болуп турганда коюлган. Эми уулу эстеликти үйгө алып кетеби, анысын пенсионер Зуппорханов билбейт.

Маалымдалгандай, Эски Икандын 15 миңге чукул эли негизинен өзбектер.

Икандыктардын Сталиндин былтыр шамал оодарган эстелигин кайра калыбына келтирүүсү социалдык желелерде кеңири талкууланды. Кээ бир активисттер 1930-жылдардагы саясий репрессиянын жана миллиондогон казактардын башын жалмаган Ачкачылыктын уюштуруучусу катары белгилүү диктатордун айкелин тезинен алып салууну талап кылышты.

Тарыхчы, илим доктору Гүлжаухар Көкебаева “Азаттык” радиосунун казак кызматынын “Эркин сөз” программасында сүйлөп, Сталиндин эстелигин кайра тургузуу зулумду актоого тете иш деп билет:

- Казакстанда сталиндик жазалоого атасы же апасы учурабаган үй-бүлө жок деп ойлойм. Бүгүнкү муундун эс-тутумунда Сталиндин бейнеси - диктатор, жазалоочу катары кала берет. Эгер бүгүн Сталиндин эстелиги калыбына келтирилсе, аны актай баштасак, анда буга чейин Сталин доорундагы жазалоого байланыштуу айтылгандардын баарын жокко чыгарып, өзгөртүп жиберебиз.

Ал эми илимпоз-серепчи Азимбай Гали Сталиндин эстеликтери Орусияда да тургузулуп жатат, ал саамалык президент Путиндин саясатынын туундусу деген пикирде:

- Орусияда да андай иштер байкалат. Путин бийлик башына келүүсүн Сталиндик бийлик менен теңештирет жана Батыш менен тирешүүсүн Сталиндин Рузвельт-Черчилль менен теңтайлашуусуна салыштырууну каалайт. Ошон үчүн Сталинизмди кайра жаңырткысы келет.

Баса, 18-майга караган түнү Эски Икандагы Сталиндин айкелинин башын кимдир бирөөлөр талкалап кеткенин “эстелик эгеси” Мурод Набиев “Азаттык” радиосуна кабарлады.

XS
SM
MD
LG