Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:08

Жаңы-Өзөндө өзгөчө кырдаал узартылды


Жаңы-Өзөндөгү тополоң, 16-декабрь, 2011.
Жаңы-Өзөндөгү тополоң, 16-декабрь, 2011.

16-декабрда тополоң болгон Жаңы-Өзөн шаарында өзгөчө кырдаал 31-январга чейин узартылды. Шаарда кырдаал турукташа электиги айтылууда.

4-январда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Маңгыс-Тоо облусунун Жаңы-Өзөн шаарында өзгөчө кырдаалды 31-январга чейин узартуу боюнча жарлыкка кол койду. Буга чейин шаарда түнкү саат 11ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат киргизилип, Маңгыс-Тоо облусунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы Аманжол Кабылов Жаңы-Өзөн шаарынын коменданты болуп дайындалган.


Жаңы-Өзөндөгү тополоң, 16-декабрь, 2011.
Жаңы-Өзөндөгү тополоң, 16-декабрь, 2011.
17-декабрда Жаңы-Өзөндө өзгөчө кырдаал киргизилгенден кийин президент Назарбаев баш болгон казак бийлигинин аткаминерлери эгер кырдаал турукташса, коменданттык саат мөөнөтүнөн эрте жоюларын билдирген. Эми 5-январга чейин белгиленген мөөнөт айдын этегинге дейре узартылды. Бул 16-декабрда кандуу окуя болгон Жаңы-Өзөндөгү кырдаал боюнча түрдүү жоромолдорду жаратууда.

Алматылык саясат таануучу Досым Сатпаев Жаңы-Өзөндө жагдай алигиче турукташа элек. Бул борбордук бийлик облус жетекчилигин алмаштырганы менен шаарды толук калыбына келтире албай жатканынан кабар берет. Ал аймакта мамлекеттик куралдуу күчтөр дагы бир күтүлбөгөн окуялар болуп кетиши мүмкүн деп сак турса керек", - деди “Азаттыктын” казак кызматына.

Ал эми “Азат” улуттук социал-демократтар партиясынын баш катчысы Амиржан Косанов бийликтин мындай чара көрүүсүнө бир нече себеп бардыгын түшүндүрөт:

- Биринчиден, 16-декабрдагы окуянын себеби эмне болгон, уюштуруучулар ким? Ок атууга ким буйрук берди? - деген тариздеги суроолорго жооп керек. Эгер бул суроолорго жоо алынбаса, жагдай кайрадан оорлошуп кетерин бийлик түшүндү. Андыктан ошол тергеп-тескөө иштерин жабык, купуя мүнөздө өткөрүүгө өзгөчө кырдаал мүмкүнчүлүк берет. Экинчи себеп – 10 күндөн кийин парламенттик шайлоо болот. Шайлоо маалында Жаңы-Өзөндө окуянын кайталануусуна жол бербөө амалдарынын бири. Ошондой эле жалпы эле аймактагы жагдайга байланыштуу.

Казакстандагы тополоң
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:42 0:00

“Казакстан экологиялык корунун” президенти, саясатчы Мусагали Дуамбеков өзгөчө кырдаалдын узартылышы ансыз дагы кандуу окуядан кийин үрөйү учкан жаңыөзөндүктөрдүн тынчсыздануусун күчөтүп жатканын айтат:

- Өзгөчө кырдаалдын эмне кажети бар? Мисалы, демонстрацияга чыкпасын десе анын баары мыйзамда жазылган. Ал жакта 10 миң ОМОН жасоолу жүрөт. Ошол он миң куралдуу жасоол менен милиция эч кимди былк дедирбейт го. Менин оюмча, алардын ошол жерде жүргөнү тескерисинче, элди ыза кылат. Андыктан маселе өзгөчө кырдаал менен чечилбейт. XXI кылымда жашап жатабыз, элдин көзү ачык го...

15-16-январда Казакстанда парламенттик шайлоо өтөт. Буга чейин бир катар саясий партиялар менен коомдук уюмдар шайлоону кийинкиге жылдырып, өлкөдө аза күтүү жарыялоону сунуштаган.

Саясат таануучу Досым Сатпаев “Өз билгенин аткарып көнүп калган бийлик коомчулуктун сунушуна көңүл бурган жок. Ошол эле учурда эгерде шайлоо башка мөөнөткө жылса, анда оппозициялык саясий күчтөргө дем бериши мүмкүн. Бийлик муну каалабайт”, - деди “Азаттыктын” казак кызматына.

Жаңы-Өзөн окуясынын Алматыдагы жаңырыгы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:43 0:00
Түз линк

Укук коргоочу Амангелди Шорманбаев өзгөчө кырдаал учурунда шайлоо өткөрүү - Казакстандын Баш мыйзамында жазылган "ар бир жаран кайда болбосун маалымат алууга укуктуу" деген беренени одоно бузуп жатканын айтат.

Учурда эч бир талапкер менен партиялар Жаңы-Өзөнгө бара албайт. “Бул жерде шайлоочулардын гана эмес талапкерлердин дагы укуктары чектелип жатат”, - деди укук коргоочу Амангелди Шорманбаев “Азаттыктын” кабарчысына.

Өткөн жылдын 16-17-декабрында Казакстандын батышындагы Маңгыс-Тоо облусунун Жаңы-Өзөн шаары менен Шетпе кыштагында массалык тополоңдо 17 адам өкмөттүн куралдуу күчтөрүнүн огунан набыт, 100дөн ашуун киши жарадар болгон.

Кандуу каргашаны иликтөө үчүн 6 комиссия түзүлдү. Алардын ичинен вице-премьер Өмүзак Шүкеев жетектеген өкмөттүк комиссия гана Жаңы-Өзөндө кенен-кесири иликтөө жүргүзүүдө. Калган көз карандысыз комиссиялар түрдүү тоскоолдуктарга кабылып жатканы айтылууда.

Жаңы-Өзөн курмандыктарын эскерүү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:06 0:00

Казак бийлиги Жаңы-Өзөндөгү тополоң, ага уланган окуялар боюнча бир жактуу маалымат таратып, көз карандысыз, эл аралык адистер менен журналисттерди окуя болгон жерге жолотпой жатат деген сындар көп айтылууда.

“Хабарды” карасаң, “баары иретке келди, калыпка түштү, эл тынч, эч кандай кылмыш аракеттери болгон жок” дейт. Эгер алар айткандай, тартип менен 100% туруктуулук орносо, анда эмнеге өзгөчө кырдаалды алып таштабайт?", – деп суроо койот оппозициялык саясатчы Амиржан Косанов.


Тасмада: Жаңы-Өзөндө кантип атышкан?

Жаңы-Өзөндө кантип атышкан?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:50 0:00
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG