Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 18:08

Борбор Азия

Жаңы-Өзөндөгү тополоңдун толкуну

16-декабрда тополоң чыккан Казакстандын батышындагы бул шаарга бир күндөн кийин, ишембиде өзгөчө абал жарыяланып, коменданттык саат киргизилди.

Жаңы-Өзөндөгү тополоң, 16-декабрь, 2011
Текст көлөмү - +
Бул арада Жаңы-Өзөндүн борбордук аянтында мунайчылардын каршылык акциясы уланып жатканы айтылууда. Бирок бийликтер шаарда абал калыбына келип, кырдаал көзөмөлгө алынганын жарыялоого шашты.17-декабрдын кечинде шаарга өзгөчө абал киргизилди.


Өзгөчө абал


Мындай өзгөчө абал эгемен Казакстандын соңку 20 жылдагы тарыхында биринчи жолу жарыяланып жатат. Бул өлкө төбөлсүздүгүнүн 20 жылдыгын майрамдап жаткан учурга туш келди.

Президент Нурсултан Назарбаев бүгүн Маңгыс-Тоо облусундагы Жаңы-Өзөн шаарына өзгөчө абал киргизүү тууралуу жардыкка кол койду. Ага ылайык, шаардын аймагында 17-декабрдан тарта кечки саат алтыдан таңкы жетиге чейин өзгөчө абал киргизилди жана түнкү саат он бирден таңкы жетиге чейин коменданттык саат жарыяланды. Мындай абал 2012-жылдын 5-январына чейин созулат.

Жумушчу кийиминдеги адам президентчил "Нур Отан" партиясынын плакатын отко салууда. Жаңы-Өзөн, 16-декабрь.
​​
Жардыкка ылайык шаарда иш таштоого, нааразылык иш-чараларын, ар кандай коомдук оюн-зоокторду, спорттук мелдештерди өткөрүүгө тыюу салынат жана шаардын ичиндеги унаанын жүрүшү чектелет. Ошондой эле жарандардын документтерин, жеке буюмдарын, машинелерин текшерүүгө уруксат берилет. Кагаздарды көчүрмө жасаган жабдыктарды, радио жана тележабдыктарды, үн жана видео тарткан жабдууларды колдонууга тыюу салуу, же аларды чектөө да каралган.

Президент Назарбаев Жаңы-Өзөндөгү кырдаал боюнча ишембиде Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, бул шаардагы тополоңго күнөөлүүлөр эң катаал жазага кириптер болорун билдирди. Президенттин сөзүнө караганда, шаардагы кырдаал азыр укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө.

Тасмада: Жаңы-Өзөн, 16-декабрь


Жүктөө
​​

Нааразылык толкуну токтогон жок


Казакстанда 17-декабрь тополоң тынчыганы тууралуу расмий рапорт менен башталган. Ички иштер министри Калмуханбет Касымов бул күнү түшкө чейин Жаңы-Өзөндө кырдаал турукташканын айткан.

Расмий маалыматка караганда, Жаңы-Өзөндөгү кечээки тополоңдо 11 адам өлүп,  86 киши жабыркаган. Жабыркагандардын арасында полициянын алты кызматкери да бар. 70 адам камалган.

ИИМдин административдик полиция комитетинин төрагасы Игорь Лепёха бүгүн Астанада оппозиция менен жарандык коом өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, полиция өзүн коргоо үчүн ок чыгарууга мажбур болгонун айтты.

Жаңы-Өзөндөгү тополоң, 16-декабрь.
​​
Ошентип расмий тарап кырдаал калыбына келди, турукташты деген менен оппозиция өкүлдөрү шаарда толкундоолор токтой электигин билдирүүдө. Маселен “Элдик фронт” деп аталган оппозициялык уюмдун активисти Айжангүл Амирова “Азаттыкка” Жаңы-Өзөндөгү акциянын бир катышуучусу Айман Онгарбаеванын сөзүн келтирди:

- Айман дале аянтта турганын айтууда. Ал жерде чынында башаламандык бийлеп атыптыр. Митингчилер аябай үшүп чыкса да кандайдыр бир жигиттер аларды коё бербей жатыптыр. Алар: “Кантип кетип каласыңар? Биздин бир туугандарыбыз эмне үчүн өлдү?” – деп айтып атат экен.

“Азаттыктын” кабарчысы телефон аркылуу Жаңы-Өзөндөгү акциянын бир нече катышуучусу менен сүйлөшө алды. Алар 17-декабрда да борбордук аянттагы акция катуу аязга карабай уланып жатканын айткан. Алардын сөзүнө караганда, тополоң жана куралдуу кагылышуулар шаарда кечээ түнү да уланды жана өлгөндөрдүн саны алда канча көп болушу мүмкүн. Бирок буга азырынча расмий тастыктама жок.

Нараазылык акциянын жүздөгөн катышуучуларынын бири Марат Жусипбаев түн ичинде полиция митингчилерге травматикалык куралдан ок атканына күбө болуптур:

- Караңгыда эч нерсе көрүнгөн жок. Ок төрт адамга тийди, алардын бирөөсү өлдү.


Казакстандагы кырдаал боюнча казак журналисти Султан Хан Аккүлүлы менен "Азаттыктын" кечки берүүсүндөгү маекти бул жерден угуңуз.




Жаңы-Өзөндүн башка жактардагы жаңырыгы


Бул арада Жаңы-Өзөндөгү тополоң толкуну Маңгыс-Тоо облусунун ордо калаасына да жеткени кабарланды. Узак убакытка иш таштоо жарыялаган мунайчылар “Каражанбасмунай” компаниясынын кеңсесинен борбордук “Ынтымак” аянтына чейин барышкан. Полиция ондогон адамдарды кармаган.

Алматыда полиция бир канча активистти кармап кетти, 17-декабрь, 2011.
​​
Акциянын катышуучусу Еркин Озган буларды айтат:

- Жаңы-Өзөндө жайкын элге ок атылганын уккан соң аларга тилектештик билдирүүнү чечтик. Биз компания кеңсесинен борбордук аянтка чейин жөө басып, нааразылык акциясын өткөрдүк. Кечинде полиция келип, аянтта тургандарды, а түгүл жөн гана өтүп бараткандарды да кармап кетти. Алардын арасында биздин иш таштоочулар да бар. Бүгүн облустук полициядан алар тууралуу билүүгө аракет кылабыз.

Еркин Озган мындай нааразылык акциясы облустагы Шетпен районунда да болгонун кошумчалады.

Жаңы-Өзөндө жарым жылдан бери мунайчылардын нааразылык акциялары уланып келген.

Ишембиде болсо Алматы шаарында да нааразылыкка чыккан бир нече активист кармалып, кийин коё берилгени маалымдалды. Өлкөдө бир катар эркин вебсайттар ачылбай жатат.

Жаңы-Өзөндүн Алматыдагы жаңырыгы


Жүктөө
​​
(Материал “Азаттыктын” казак кызматынын маалыматтарынын негизинде даярдалды.)
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Бурганак каяктан: Монгулор
20.12.2011 12:54
Копчулукко жагуу мумкун эмес, болбосо казак эли учун Нурсултан Абишевич тыным албай иштеди, Астанадай шаар, Алматага метро курду, Кыргызстандын Каркырасын, Колдун пансионаттарын алып берди. Балким чек арада кордолгон кыргыздардын, казактарга кул болуп ыйлагандардын, кан буугандай тосулган жолдордун убалы жеттиби? Элге ок аткан болбос, бир боор элбиз, сабырдуулук, тынчтык каалайбыз.

кимден: Алайбек каяктан: Астана
18.12.2011 20:19
казактар эми кыргыздын качкан президенетинин тагдырын кайталаганы турат.элдин ушунчалык итиркейи келип калыптыр эл башына-бул деген Назарбаевдин акыркы кундору жакындап калган дегенди билдирет

кимден: тентимиш каяктан: орусия
18.12.2011 19:57
ээй кыргыздан чыкан жамандар чек арабызды жаап алган менен казактар ачка калбайт.анткени биз орустарга экономикалык жактан100% коз карандыбыз орустарга казакстан аркылуу оторубузду бешиктеги кыргызда билет.пикир жазганда озунорду жоготпой жазгылачы сураныч.кен пейил кыргызым 5жыл мурун басып откон жолду.казактар менен орустар эми баштап жатат бул деген кыргыздар 2200 жылдык тарыхы бар эл экенибиздин далилдеринин бири.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
18.12.2011 18:05
Желтоксон болгондо да, кыргыздар казактарга жардам беребиз деп жаштар барган. Алымбек Датка да орус-казак кагылышында Кокон хандын учурунду казак боордошумду талаага таштабайм деп жардабергендиги учун Кокон хандыгы башын алган. Эми да казактарга кайрат айтып турабыз. Биз кыйналып турганда казактар бой которгон.

кимден: кыргызбай
18.12.2011 16:25
ЭЛ-ЖУРТТУ аткан болбойт нуруке!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
Пикирге жооп

кимден: Maks каяктан: L.A.
18.12.2011 18:30
Менин оюмча бул Назарбаевтин провокациясы. Ал ушунтип озунун Нуротанына жана озуно дагы добуш алат +
кийин уже мындай протесттер болбосун учун.
Нефтяниктерди мародер жана преступник кылып башка казактарга коргозушту окшойт.
7 ай чыдап туруп, анан ал казактарфа 1 кундун ичинде жин тийип кетти дейсинерби?

кимден: кайранэл каяктан: маскоо
18.12.2011 15:00
Ассаламу алейкум.Бут дуйно лидерлерин ойго салган арап жазы Каддафинин олуму Нуракенин да уйкусун бузган эле...Анын эн коркону Актау элинин бир кун созсуз ушинтип которулорулушу бул которулуш бут казакстанга жайылып кетиши эле ошол кун келди бир болсо......... Казак эли эркиндикти суйгон эл...

кимден: Kerim
18.12.2011 13:46
Которулуш бул Олкону артка тарткандан башка эч нерсе пайдасы жок которулуштун артынан билими жок адамдар бийлике келсе Казакстан чон Олко бир дагы пайдасы жок боордоштор.
Пикирге жооп

кимден: Шернияз каяктан: Бишкек
18.12.2011 18:13
Ойлон кыргыз!
Казактын жакшылыгын коро албастыгыбыз озубузго уят эмес бекен?
Казак ошончо эле кыргызга жакшылык кылбай жатабы?
Пикирге жооп

кимден: кыргызбай
18.12.2011 16:16
эмне нурукеден башка татыктуу адам жок беле, казак туугандардын арасында көп татыктуу атуулдары бар...

кимден: АНАНТАЙ каяктан: ТЕНИР-ТОО
18.12.2011 13:39
ЭСЕН-АМАНЛЕ БОЛГУЛА БООРДОШТОР.АНЧА-МЫНЧА МЫРКТАРГА КӨҢҮЛ БУРБАГЫЛА. НЕ БОЛСО ДА КЫРГЫЗ КАЗАККА ЭЧ КАЧАН ЖАМАНДЫК КААЛАБАЙТ.(эсие тут боорум)

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
18.12.2011 13:33
казактарга баарибир 10 бу, 70 кишиби...
Алар учун Назарбаевтин авторитети чон, ага эч нерсе айтпайт.

кимден: Тилектеш каяктан: Ош
18.12.2011 11:12
Казак боордошторго конул айтам. Ар кандай провокацияларга берилбестен сабырдуулук менен абалды стабилдештируусун каалаймын. Кыргызстанга тенелбешин да суранамын, революция эч качан жакшы натыйжа бербесин биздеги эки жолку революция корсотту.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)