Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

Казакстанда 11 адамдын сөөгү табылды


Иле Алатау улуттук паркынын кире беришиндеги көрнөк
Иле Алатау улуттук паркынын кире беришиндеги көрнөк

Кыргызстанга коңшулаш Казакстанда кайрадан массалык адам өлтүрүү болду.

14-августта өлкөнүн ички иштер министрлиги Алматы облусундагы Аксай капчыгайындагы улуттук паркта табылган 11 адамдын жасаты боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө башталганын маалымдады. Эки айдай мурда ушул эле аймактын казак-кытай чек арасындагы бекетте 14 аскер жана мерген түшүнүксүз шартта тындым кылынган.

Каргашалуу окуя Алматы шаарынын түштүк тарабындагы Иле Алатау улуттук паркында болду. Казак полициясынын маалымдашынча, 11 жасаттын экөө аялдыкы.

Бычак жеп набыт болгон жети адамдын сөөгү 13-август күнү жергиликтүү токойчулар турган тамдардын биринен жана анын айланасынан табылган. Эки сөөк күйүп калган.

Эртеси 14-августта токойчунун өрттөнгөн тамынын устундарынын астынан үч адамдын сөөгү, чукул жерден бир адамдын жасаты табылган. Алардын алтоосунун кимдиги аныкталды. Киши колдуу болуп өлгөндөрдүн ичинде улук токойчу Панайот Захарпуло менен анын жарандык никеде жашаган зайыбы да бар. Күбөлөрдүн сөзүнө караганда, 76 жаштагы Захарпуло корукка келип, бузукулук кылган браконьерлерди аячу эмес экен.

Казакстандын ички иштер министри Калмуханбет Касымов токойчунун үйүндө акча жана мылтык ордунда турганын, адамдардын массалык өлүмүнө ич ара чатак себеп болушу мүмкүн экенин билдирди.

Ал эми калк арасында Иле-Алатау паркындагы апаат окуя боюнча түрдүү жоромолдор жасалууда. Себеби эки айдай мурда казак-кытай чек арасындагы “Арканкерген” чек ара бекетиндеги кыргындан кийин ырасмий маалыматка ишенич өтө төмөндөп кеткен, дейт белгилүү казак серепчиси Досым Сатпаев:

- Айтылган түрдүү версиялардын ичинде кимдир бирөөгө кайсы бир иште бөгөт болгон адамдар жок кылынды деген боолгоо да бар. Анткени өлгөндөрдүн бири - Захарпуло браконьерлер менен элдешпей күрөшкөн адам болгон. Ал паркты менчиктештирүүгө мурда да түп көтөрө каршы турганын айтсак, мындай божомол-версияга толук негиз бар. Себеби улуттук парктын бир тилкесин мечиктештирип алууну күсөгөндөр өтө эле көп. Бул ишке кимдир бирөөнү коркутуп опузалоону же жолундагы тоскоолдукту алып салууну көздөгөн үчүнчү оюнчу катышты деген версия да жөндүү айтылууда деп ойлойм.

Эки айдай мурда ушул эле Алматы дубанындагы казак-кытай чек арасындагы “Сары көрпө” чек ара заставасынын “Арканкерген” бекетинде дал азыркыга окшош кандуу окуя болгон: 14 чек арачыны жана бир токойчуну кимдир бирөөлөр атып кеткен. Аскерлер түнөчү казарма жана офицерлер жашачу үй өрттөлгөн.

Досым Сатпаев эки ай илгерки өңдүү эле тартип коргоо органдары Иле Алатау улуттук паркындагы окуя боюнча маалыматты бекем көзөмөлдөп, балким кандуу жаңжал ич ара чатакташуудан келип чыккан деп жатышканына көңүл бура кетти.

“Арканкерген” бекетиндеги апаат болгон адамдардын өлүмү үчүн жоопкерчилик казармадан четирээк жайда жашынып жаткан 19 жаштагы жоокер Владислав Челахка жүктөлгөн. Оболу күнөөнү мойнуна алган Челах кийинчерээк ур-токмоктун, кыйноонун запкысынан тергөөчүлөрдүн сөзүнө көнгөнгө аргасыз болгонун айтып даттанган.

Дүйшөмбү күнү Челах доо арызы боюнча тергөөчүлөргө сурак берди. Июль айында анын психикалык абалы текшерилип, акыл-эси ордунда экени аныкталган.

XS
SM
MD
LG