Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Таразда жихадчы жети адамды ала кетти


Полиция чабуул болгон жерди издеп жүрөт. Тараз, 14-ноябрь 2011
Полиция чабуул болгон жерди издеп жүрөт. Тараз, 14-ноябрь 2011

Ишемби күнү Казакстандын Тараз шаарында болгон жардырууда жана аткылашууларда жети адам, анын катарында беш полициячы курман болду.

Ырасмий бийликтер кандуу калабаны жихадизмдин үмөтү уюштурганын билдирип, бул окуяны “террорчулук” деп мүнөздөдү. Май айында Казакстандын түндүк батышындагы Ак Төбө шаарында коопсуздук кызматынын кеңсесине, өткөн айда Каспий жээгиндеги Атырауда өкмөттүк имаратка бомба чабуулдары жасалган. Бул эки окуяда тең жанкечтилер өздөрүн жардырып жиберишкен.
Бийлик демократиячыл оппозицияны, бейөкмөттүк уюмдарды, жарандык коомдун институттарын өтө жигердүү алсыратты. Бул ваакумду псевдодиний уюмдардын коркунучтуу элементтери ээлей баштаган. Д. Сатпаев


Коопсуздук кызматтары 12-ноябрда Тараз шаарында болгон окуяны мындай сүрөттөштү: өлкөнүн башкы прокурорунун орун басары Н. Исаевтин сөзүнчө, “жихадчы” неме оболу аны аңдып жүргөн Жамбул облустук коопсуздук кызматынын эки агентин атып өлтүрөт.

Андан соң 11:00 ченде аңчылардын дүкөнүнө кол салып, кароолду атып өлтүрөт жана бир жолоочуну жарадар кылат. Дүкөндөн эки жарым автомат мылтыкты ок-дарысы менен алып, артынан кууп келаткан эки полициячыны тындым кылып, алардын куралына ээ болот.

Закиров деген жарандын унаасын тартып алат да үйүндөгү гранатаметту алып, облустук коопсуздук кызматынын кеңсесине кол салат. Кариев тез курчоого алынат. Аны полиция куралсыздандырмак болуп жатканда, өзүн жардырып, тиги дүйнөгө полиция командири, капитан Байтасовду кошо ала кетет.

Чабуулда курман болгон адамдын жасаты. Тараз 12-ноябрь 2011
Чабуулда курман болгон адамдын жасаты. Тараз 12-ноябрь 2011
Куралдуу коогалаң Тараз калаасынын калкын дүрбөлөңгө салды. Элди жоошутуу үчүн дубан акими ар кырк мүнөттө телекайырлуу жасап жатты. Бирок эртеси жекшемби күнү Кыргызстанга коңшулаш Жамбул облусунун борборун да бир окуя коогага салды. Чукул кырдаалдар министрлигинин дубандык башкармалыгына Тараз темир жол вокзалына бомба коюлуптур деген маалымат түшүп, кийин ырасталган жок.

Ырасмий бийлик Тараздагы кандуу булоон үчүн өзүн өзү өлтүрүп тынган жихадчылардын тарапкери, 1977-жылы туулган Кариевди күнөөлөдү. Алматылык серепчи Досым Сатпаев “Азаттыкка” курган маегинде эки апта илгери (31-октябрда) Атырау шаарында, эми Таразда болгон кандуу калабанын артында жергиликтүү экстремисттик түзүмдөр турат деди.

Май айында да Ак-Төбө шаарында коопсуздук кызматынын кеңсесине жанкечти чабуул жасаган. Атырауда өткөн айда болгон чабуул үчүн жоопкерчиликти мурда белгисиз “Халифаттын жоокерлери” деген уюм өзүнө алды. Быйыл жайда адеп пайда болгон мына бул радикалдуу ислам уюшмасы Казакстанда жихад үчүн күрөшөөрүн, ошондой эле мусулмандардын намаз окуусун коомдук жайларда чектөөгө каршы аракеттенерин жарыя кылган.

Жанкечти жашаган үйдүн кире бериши. Атырау. 3-ноябрь 2011.
Жанкечти жашаган үйдүн кире бериши. Атырау. 3-ноябрь 2011.
Кыргызстандык серепчи Аман Самаков болсо мындай пикирге кошулбайт. Ал Казакстанда май айынан берки кол салууларды тышкы күчтөр уюштурган болушу этимал деп боолгойт. Анткени, талдоочунун айтымында, Казакстанда элдин жашоо деңгээли Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө караганда алда канча жогору болгондуктан, экстремизм менен радикализм үчүн кыртыш жокко эсе.

Саясый эксперттер пост-советтик Борбор Азияда, анын ичинде Казакстанда экстремисттик уюмдардын тамыр жайганына жагдай пайда болгонун 1990-жылдардын башында эле көңүл бурушкан. Алардын айтышынча, посткоммунисттик жана бийлик ваакумунда тышкы миссионерлер жигердүү аракеттенген.

Сатпаев ошондой эле төбөлсүздүк алгандан берки 20 жыл ортолугунда президент Назарбаев башындагы бийлик жүргүзгөн саясаттын үзүрүн аз көрүп, алаканыбыз курук калды деген катмарлар, айрыкча, жумушсуз жаштар экстремисттик уюмдардын катарына кошулуп жатканын белгиледи. Серепчи экинчиден, Нурсултан Назарбаев Өзбекстан президенти Ислам Каримов сыңары эле оппозициялык күчтөрдү “ийинге кууп” жатып, аларды, экстремисттик күчтөрдүн кучагына түрттү деген ишенимде:

- Террордук аракеттер - бул саясый нааразычылыктын маанилүү бир бөлүгү. Демек саясый нааразылыкты билдирүүнүн бир формасы. Мен бул маселе жөнүндө кеп салганда, Казакстанды Өзбекстан менен салыштырам. Өз учурунда Ислам Каримов демократиячыл оппозициянынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюп жатып, аны жок кылды. Ошондо жаралган саясый боштукту радикалдуу күчтөр ээледи. Казакстанда да ошондой жараяндар жүрдү. Бийлик демократиячыл оппозицияны, бейөкмөттүк уюмдарды, жарандык коомдун институттарын өтө жигердүү алсыратты. Бул ваакумду псевдодиний уюмдардын коркунучтуу элементтери ээлей баштаган, - деди алматылык серепчи.

XS
SM
MD
LG